Аймак

КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК ЧЕКАРАЧЫЛАРЫ КАРА-БАКТА ЖОЛУГУШТУ

КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК ЧЕКАРАЧЫЛАРЫ КАРА-БАКТА ЖОЛУГУШТУ

 678 Бардыгы /

         Акыркы кезде Орусия менен чектеш Азербайжандын Кара-Бак аймагында акыбал дегеле тынч эмес. Ошондуктанбы, айтор, Кыргызстандын Баткен районуна караштуу Кара-Бак калктуу конушунда өлкөбүздүн жана Тажикстандын Мамлекеттик Чек ара кызматтарынын өкүлдөрү бетме-бет жолугушушту.

         Адегенде Кыргызстандын жана Тажикстандын Мамлекеттик Чек ара кызматтарынын 2020-жылдагы иштеринин жыйнытыгы чыгарылды. Анан дагы 2021-жылга биргелешкен план-программалар  өз ара макулдашылды. Буга улай коёшулаш Чек ара заставаларынын башчыларына биргелешкен практикалык сабактар дагы өтүлдү. Анын жүрүшүндө Чек ара заставаларынын командирлери Кыргыз-Тажик Чек арасын биргелешип кайтаруу өёүтүн ачык-айкын жана кенен-чононталкуулашты. Аскерлер арасында укук бузууларды азайтуу, же болтурбоо жагы абдан катуу макулдашылды. Ошондой эле ар кандай чыр-чатактарды куралсыз эле жайгарууга басым жасоо дагы катуу сунуш этилди.

– Чек ара заставаларынын башчыларына мындай биргелешкен сабактарды 2015-жылдан бери эле өтүп келатабыз, – деди сөз арасында Баткен Чек ара отрядынын башчысы Кыялбек Төлөнбаев. – Бул аркылуу маалыматтарды ыкчам алмашып, ар кандай кырдаалдарда чогуу-чараан бекем турууга ыктадык. Ошентип, акыркы мезгилде Кыргы-Тажик Чек араларындагы мыйзамсыз жоруктарды дээрлик үч эсе азайттык.

Кыргызстандын Баткен районуна караштуу Кара-Бак калктуу конушундагы расмий жолугушууда Кыргызстандын жана Тажикстандын Чек ара заставаларынын командирлери  футбол боюнча өз арамелдешишти. Баса, мындай иштиктүү сүйлөшүүлөр чек арадагы чыр-чатактардын азайышын гана шарттап келатат. Маселен, 2014-жылы Кыргыз-Тажик чекарасында 32 жосунсуз жорук катталса, а быйыл булардын саны тогузга дейре кыскарды.

Алишер ТОКСОНБАЕВ “АЙМАК”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17