Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
5,263 Бардыгы / Коомдо тамекинин зыянын ар бир киши билет. Бирок ошого карабастан тамеки чеккендер көп. Зыяны: Ар бир адам тамеки чеккенде өпкөсү ышталып, акырындап барып өпкө рагына айланат. Тиштери түшөт, боюнда бар аялдардын балдары начар төрөлөт, боюнан түшө берет. Шаар жана айылындагы дүкөндөрдө тамекинин кандай түрлөрү сатылаарына кызыгып көрдүк. Дүкөнчүнүн айтымында тамекинин жети түрү бар. «Айылдын тургундары эң […]
5,264 Бардыгы / Коомдо тамекинин зыянын ар бир киши билет. Бирок ошого карабастан тамеки чеккендер көп. Зыяны: Ар бир адам тамеки чеккенде өпкөсү ышталып, акырындап барып өпкө рагына айланат. Тиштери түшөт, боюнда бар аялдардын балдары начар төрөлөт, боюнан түшө берет. Шаар жана айылындагы дүкөндөрдө тамекинин кандай түрлөрү сатылаарына кызыгып көрдүк. Дүкөнчүнүн айтымында тамекинин жети түрү бар. «Айылдын тургундары эң […]
ТАМЕКИНИН КАНДАЙ ЗЫЯНЫ БАР?
16.12.2020 / Автор orozalieva5,265 Бардыгы /
Коомдо тамекинин зыянын ар бир киши билет. Бирок ошого карабастан тамеки чеккендер көп.
Зыяны: Ар бир адам тамеки чеккенде өпкөсү ышталып, акырындап барып өпкө рагына айланат. Тиштери түшөт, боюнда бар аялдардын балдары начар төрөлөт, боюнан түшө берет.
Шаар жана айылындагы дүкөндөрдө тамекинин кандай түрлөрү сатылаарына кызыгып көрдүк. Дүкөнчүнүн айтымында тамекинин жети түрү бар.
«Айылдын тургундары эң көп тарткан тамеки West, эмнеге экенин билбейм тартып көрбөгөндөн кийин. Эң арзаны фильтр полёт, аны анча-мынча эле кишилер тартат», -деди дүкөнчү. Ал эми шаардыктар Wihiston. Айыл тургундарынын тамеки чегүүсү боюнча суроо узатканда ар түрдүү пикирлерди алдык. Бири тамеки чеккенине он беш жыл болуп калды, зыянын билип эле чегип жүрөм, таштаганга аракет кылып жатам десе, дагы бири атасы күндө бир куту тамекини чегээрин, бир жылда 30 миңдей акча тамекиге кетээрин эсептеп берди.
Таасири: Психикалык күчтү талап кылуучу кырдаалда тамеки чеккендер үзгүлтүксүз чегет, натыйжада көп учурда никотинге катуу ууланышы мүмкүн (башы ооруп, оозу кургайт, уйкусу бузулат жана башкалар). Тамекини узак убакыт чегүүдөн никотинге көнүп алат, абалы начарлап, тамеки чекпей калса же аз чексе кыйналат. Никотин жана тамекинин күйүү продуктулары ден соолукка өтө зыян болгондуктан тамеки чегүүдөн баш тартуу зарыл. Тамеки чегүүнүн баштапкы стадиясында эле дем алуу жана жүрөк-кан тамыр системасынын функциясынын бузулушуна, органдар жана ткандардын кычкылтек менен камсыз болуусунун начарлашына (тамекинин түтүнү артерия канын кычкылтек менен камсыз кылуучу гемоглобинге терс таасир этет) байланыштуу бузулуулар болот. Тамеки чеккендер инфекциялык ооруларга тез кабылып (мисалы, алар тамеки тартпагандарга караганда сасык тумоо менен 4 эсе көп оорушат), жаратылыш жана өндүрүштүк жагымсыз факторлорго чыдамсыз келет. Тамеки чегүү жүрөк-кан тамыр системасынын, дем алуу жана тамак сиңирүү органдарынын ооруларынын, коркунучтуу шишиктин пайда болуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатат. Айрыкча оорулуу адамдар үчүн тамеки чегүү коркунучтуу. Тамеки чекпегендерге караганда тамеки чеккендерде өлүм өпкө эмфиземасынан 25 эсе, өнөкөт бронхиттен 21 эсе, жүрөктүн ишемиялык оорусунан 3-5 эсе көп болот. Ичеги-карынында жара бар оорулуулардын абалын абдан начарлатат. Тамеки чегүүдөн баш тартуу — миокарддын инфарктын, облитерациялоочу эндартеритти жана башкалар айрым ооруларды дарылоонун бирден бир шарты. Кош бойлуу мезгилде тамеки чегүү түйүлдүктүн өсүшүнө тескери таасир тийгизет. Тамеки чегүү өзүнө гана эмес, аны менен бирге болуп, тамекинин түтүнү менен дем алгандар үчүн да зыяндуу. Айрыкча тамеки чегилген үйдө балдардын болушу коркунучтуу, ошондуктан жалпы бөлмөдө тамеки чекпөө керек, үйдү тез-тез желдетип туруу зарыл.
Тамеки таштоого чаралар : Тамеки чегүү адамдардын ден соолугуна чоң зыян келтиргендиктен көп өлкөдө ага каршы күрөшүү боюнча атайын чаралар (тамекини рекламалоого, коомдук жайларда чегүүгө жана башкалар тыюу салуу) көрүлүүдө. Ар бир эрки күчтүү адам тамеки чегүүнү таштай алат. Аны дароо таштоо керек, тамекини аз-аздан чегип, акырындык менен таштоого аракет кылуу максатка жеткирбейт, мындай чектөөдөн чегүүгө кумарлануу күчөйт (дароо таштаганда 3-5 күн гана кыйналышы мүмкүн). Тамекини таштоону жеңилдетүүчү медикаменттик каражаттар да бар. Аны пайдаланууну врач менен кеңешүү зарыл. Көп учурда тамеки чегүүнү таштаганда аппетит жакшырып, адам семирип кетиши мүмкүн. Бирок демейде ал тез эле кайра калыбына келет. Тамекини таштагандан кийин толуп кетпөө үчүн сүт-өсүмдүк диетасына жана акырындык менен күч эмгегине өтүү керек.
Машариб ЭРНАЗАРОВ, врач нарколог, Жалал-Абад шаары
Автор orozalieva
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
-
23.08.2023 / Автор anarkan_kg ТОГУЗ-ТОРОДО УНУТТА КАЛЫП БАРА ЖАТКАН УУЗ ЧЕБЕРЧИЛИК ЖАНДАНУУДА
-
26.04.2024 / Автор anarkan_kg ОШТУК МИЛИЦИОНЕР ЗАМАТТА ҮЧ БАЛАГА АТА БОЛДУ
-
-
26.04.2024 / Автор anarkan_kg ӨЗГӨН РАЙОНУН КОРС-ЭТТИ АЙЫЛЫН ДАГЫ СЕЛ КАПТАДЫ
-
11.09.2023 / Автор anarkan_kg ЖЕКЕ ИШКЕРЛЕР ӨЗГӨНДҮКТӨРГӨ ЭКИ БАЛА БАКЧА ЫРООЛОШТУ
-
19.09.2023 / Автор anarkan_kg ОШТО КИБЕРКООПСУЗДУК КҮЧӨТҮЛӨТ
-
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.