Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
715 Бардыгы / Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытов, бүгүн, 20-декабрда Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Маданият-Жалал-Абад автожолунун курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Транспорт жана жолдор министри Бакыт Бердалиев билдиргендей, долбоорго асты 9 см жана үстү 6 см болгон асфальтбетон катмарынан турган экинчи категориядагы 67 кмлик жолду төшөө, ошондой эле 181 […]
716 Бардыгы / Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытов, бүгүн, 20-декабрда Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Маданият-Жалал-Абад автожолунун курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Транспорт жана жолдор министри Бакыт Бердалиев билдиргендей, долбоорго асты 9 см жана үстү 6 см болгон асфальтбетон катмарынан турган экинчи категориядагы 67 кмлик жолду төшөө, ошондой эле 181 […]
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН МИЛДЕТИН АТКАРУУЧУ, ЖОГОРКУ КЕҢЕШТИН ТӨРАГАСЫ ТАЛАНТ МАМЫТОВ МАДАНИЯТ-ЖАЛАЛ-АБАД АВТОЖОЛУНУН КУРУЛУШ ИШТЕРИНИН ЖҮРҮШҮ МЕНЕН ТААНЫШТЫ
21.12.2020 / Автор orozalieva717 Бардыгы /
Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытов, бүгүн, 20-декабрда Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Маданият-Жалал-Абад автожолунун курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты.
Транспорт жана жолдор министри Бакыт Бердалиев билдиргендей, долбоорго асты 9 см жана үстү 6 см болгон асфальтбетон катмарынан турган экинчи категориядагы 67 кмлик жолду төшөө, ошондой эле 181 түтүктүн жана 9 көпүрөнүн курулушу кирет.
«Келишимге ылайык, курулуш иштери аяктаган соң жол төмөнкү техникалык параметрлерге ээ болмокчу:
— калктуу конуштарда 4 тилке, калктуу конуштардан тышкары 2 тилке;
— жол тилкесинин туурасы — 3,5 — 3,75 м;
— салмагы 11,5 тонна октук басымга эсептелген;
— калктуу конуштарда тротуарларды жасалгалоо, жарыктандыруучу жана дренаждык лотокторду орнотуу;
— аялдамалардын эскисин оңдоп-түзөө, жаңыларын орнотуу;
— жаңы бак-дарактарды отургузуу.
2020-жылдын ичинде казуу иштерин 78%га бүтүрүү, 15 км узундукта асфальтбетон төшөө жана 1 кмлик жол боюна дренаждык түтүктөрдү орнотуу пландаштырылган. Учурда пландаштырылган иштин бардыгы жүзөгө ашырылды», — деп баса белгиледи Бакыт Бердалиев.
Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов транспорттук коридорлордун өлкө үчүн өзгөчө мааниси бар экендигин, Кыргызстан бийик тоолуу өлкө болгондуктан, 90% га жакын аймагы деңиз деңгээлинен 1500 метрден ашык бийиктикте жайгашкандыктан транспорттук артериялардын басымдуу түрү — автожолдор болуп саналарын белгиледи.
«Стратегиялык трассалар өлкөнүн бардык облустарын бириктирип турат жана бир катар чет мамлекеттердин ортосундагы жол коридорунун бөлүктөрү болуп саналат. Бул Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүгө чоң салым кошуп, миллиондогон адамдардын жашоо-тиричилигине кызмат кылат», — деп айтты Мамлекет башчысы.
Ал Маданият-Жалал-Абад автожол бөлүгүнүн курулушу Бишкек-Ош автожолун реконструкциялоо долбоорунун бир бөлүгү экенин, өз кезегинде транспорттук коридорлорду өркүндөтүү боюнча Борбор Азия аймактык экономикалык кызматташуунун (БААЭК-3) ири долбоорлорунун бири болуп саналарын белгилеп өттү.
Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов БААЭК-3 долбоорун ишке ашыруу калктын кызмат көрсөтүүлөргө, товарларга жана базарларга жеткиликтүүлүгүн жогорулатып, аймактагы өлкөлөрдүн ортосундагы байланышты бекемдеп жана ошондой эле кыймылдын бардык катышуучулары үчүн коопсуздукту жакшырта турганын, бул өз кезегинде экономикалык өсүштү жогорулатып, аймактык кызматташууну жана интеграцияны активдештире турганын кошумчалады
Автор orozalieva
-
-
-
27.04.2026 / Автор anarkan_kg ГЕНДЕРДИК ТЕҢЧИЛИК — УКУКТУК МАДАНИЯТТЫН НЕГИЗИ
-
30.04.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫНДАГЫ №12 БАЛДАР БАКЧАСЫНЫН КУРУЛУШУНА СТАРТ БЕРИЛДИ
-
-
30.04.2026 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНДАГЫ ЖОЛ КЫРСЫКТАРЫН АЗАЙТУУ АРАКЕТТЕРИ ТАЛКУУЛАНДЫ
-
13.05.2025 / Автор Акбермет Орозалиевна СУЗАКТА 150 ООРУНДУ ЭНЕ ЖАНА БАЛАНЫ КОРГОО БОРБОРУ АЧЫЛДЫ
-
04.06.2025 / Автор anarkan_kg ЖЕКЕ МЕНЧИК БАЛА БАКЧАЛАР ЖАНА МЕКТЕПТЕР ТЕКШЕРИЛДИ
-
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.