Аймак

БИЙЛИКТИ БҮТҮНДӨЙ БИР КОЛГО ТОПТОП, УЗУРПАЦИЯЛОО ДАЛБАСАСЫ ЫРАСА КҮЧӨДҮ

БИЙЛИКТИ БҮТҮНДӨЙ БИР КОЛГО ТОПТОП, УЗУРПАЦИЯЛОО ДАЛБАСАСЫ ЫРАСА КҮЧӨДҮ

 651 Бардыгы /

Узап бараткан жылдын 5-октябрында КЫРГЫЗСТАНДА ЧЫНЫГЫ РЕВОЛЮЦИЯ жүзөгө ашкан жок! Тескерисинче, өлкөбүздө МАМЛЕКЕТТИК ТӨҢКӨРҮШ гана жасалды. Эң кейиштүүсү жана өтө опурталдуусу түрмөдөн бошонгон топ Бийликти ачык эле басып алып, Мамлекеттик Башкарууну дароо эле бир колго топтоп, андан ары ашкере узурпациялоо далалатын коркпостон дагыле улантып келатат. Ошондуктан, дасыккан Ата Мекендик серепчилер үстөккө-босток коңгуроо кагышып, Президенттик жарышка аттангандарды эң ириде Мамлекеттин кызыкчылыгын жана анын жаркын келечегин гана көздөөгө үстөккө-босток үндөшүүдө.

         Табылды АКЕРОВ, саясат таануучу, тарых илимдеринин кандидаты: – Чындыгында, үстүбүздөгү жылдын 5-октябрында Кыргызстанда дегеле РЕВОЛЮЦИЯ болгон жок! Дал ушул күнү өлкөбүздө ТӨҢКӨРҮШ гана жасалды. Жогорку Кеңеш шайлоосунун бурмаланган жыйынтыктарына тегиз нааразы болушкан он беш саясий партия митингге түп көтөрүлүп чыгышынан куп эле пайдаланышып, КЫРГЫЗСТАНДАГЫ БИЙЛИКТИ  ҮЧҮНЧҮ КҮЧ – ӨЗДӨРҮН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТ атагандар күтүүсүздөн басып басып алышпадыбы. Бирок, Кыргыз коомчулугунун Алдыңкы жана Сергек Күчтөрүнүн мыйзамдуу кысымчылыгынан кийин гана УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТ чала-бучук легитимдешти. Тилекке каршы, Бийликти толук бойдон бир гана колго топтоо, буга улай узурпациялоо далбасасы дагыле ырааттуу түрдө улантылып жатпайбы. Көрдүңүздөр го, али шайланыша элек жатып соңку күндөрү Баш мыйзамды чукул арада өзгөртүү ыраса активдешти. Ооба. Бул орунсуз демилгеге катуу каршылык көрсөтүшкөн Саясий Күчтөр толтура. Президенттик таймашта азыркы Бийликте убактылуу олтурушкандар, тагыраагы талапкер Садыр Жапаровдун санаалаштары кокусунан утулуп калышса, Конституцияны өздөрүнө ылайыкташтырып өзгөртүүгө – алмаштырууга түздөн-түз көмөктөшкөн Убктылуу Президенттин Аппарат жетексиси, юридика бөлүмүнүн башчысы, Конституциялык Кеңешменин төрагасы – баары тең БИЙЛИКТИ  УЗУРПАЦИЯЛООГО  катышкандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылышып,  камалып деле кетиши толук ыктымал.

         Таалатбек МАСАДЫКОВ, саясат таануучу: – Бийликке кокусунан эле олтуруп калышкан Саясий Күчтөр адегенде Баш мыйзамды сыйлап, Жогорку Кеңеш шайлоосун кайрадан  калыстык менен өткөрүшү абзел эле. Андан соң гана Президентти шайлашса, мындан бары тең утушмак. Дал ушундан соң Бийликтин  орчундуу эки бутагы – Парламент менен Президент өз ара ыкчам ымалага келишип, жеке амбицияларын чекеге  жыйыштырышып, Конституциялык Реформа жарыялашса, мекендештерибиздин дагы чоң сообуна калышмак. А булар – азыркы Убактылуу Өкмөт мүчөлөрү, тескерисинче, Бийлик кумарына азгырылып, дегеле минтишкен жок! Бийликтин бардык орчундуу бутактарын заматта  ээнбаштык менен ээлеп алышкандар башынан эле туура эмес – мыйзамсыз жолго түшүп алышты. Дал ушунун кесепетинен Кыргызстан, эскертип  коеюн, бүгүн кыйроо чегинде турат!

         Арина СЕРГЕЕВА, жергиликтүү серепчи: – Келерки 2021-жылдын 10-январында Президенттик шайлоо менен кошо Конституцияны өзгөртүү жаатында референдум дагы өткөрүлүп жатпайбы. Бул, чындыгында, дегеле акылга сыйбайт! Мындай өзүм билемдикти мен эч бир мамлекеттен көрө элекмин. Дүйнө жүзүнө шылдың болуп бүттүк го, айланайын! Ириде Жогорку Кеңешти, артынан Президентти шайлап алышып, ушундан соң деле билген намазын окушпайт беле… Бул кебетесинде Кыргызстандын мындан ары деле саясий катаклизмден – ар түрдүү чыр-чатактан башы таптакыр арылбайт. Ошентип, өз ара чабышып, кыл чайнашып жүрүп эле дагы өнүкпөйт өңдөнөбүз…

         Кыскасы, Кыргызстандын келечегине абдан катуу кабатырланышкан Ата Мекендик серепчилер азыркы Убактылуу Бийликти акыл-эске чакырышып, колго кокус тийген мансабынан аша чаап, кыянатчылык менен пайдаланууну токтотууга үндөп жатышат. Буга улай Өлкөбүздүн сергек Саясий Күчтөрүн чукул арада биригип, өз позицияларын коомчулукка ачыктоосун дагы катуу талап кылышууда.

Алишер ТОКСОНБАЕВ “АЙМАК”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17