Өлкө аймактары менен кубаттуу
АКСЫДА УНАА ЖОЛДУ СЕЛ КАПТАДЫ
КАРКЫРА-МИСТЕ КАНАЛЫН ОҢДОО БАШТАЛАТ
МАНАС ШААРЫНДА ИРИ МАРАФОН ӨТТҮ
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
1,126 Бардыгы / Ала-Бука районунун Т.Жоробаеватындагы №9жалпыортобилимберүүчү мектебинде “Бир адамдан бир китеп” долбоорунун алкагында “Мектебим менин эсимде” программасынын негизинде семинар-тренинг,интеллектуалдык таймаш жана китеп тапшыруу аземи болуп өттү. Бул программа эки бөлүктөн туруп, ага райондун 8-9-10-11-класстын окуучулары жана мугалимдер тартылды. Долбоорго Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын социалдык маселелер боюнча кызматкери Батыров Жуман, Ала-Бука райондук Билим берүү бөлүмүнүн башчысы […]
1,127 Бардыгы / Ала-Бука районунун Т.Жоробаеватындагы №9жалпыортобилимберүүчү мектебинде “Бир адамдан бир китеп” долбоорунун алкагында “Мектебим менин эсимде” программасынын негизинде семинар-тренинг,интеллектуалдык таймаш жана китеп тапшыруу аземи болуп өттү. Бул программа эки бөлүктөн туруп, ага райондун 8-9-10-11-класстын окуучулары жана мугалимдер тартылды. Долбоорго Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын социалдык маселелер боюнча кызматкери Батыров Жуман, Ала-Бука райондук Билим берүү бөлүмүнүн башчысы […]
ЖАКШЫ СААМАЛЫКТАР БИЗДИН МЕКТЕПТЕ.
24.12.2020 / Автор orozalieva

1,128 Бардыгы /
Ала-Бука районунун Т.Жоробаеватындагы №9жалпыортобилимберүүчү мектебинде “Бир адамдан бир китеп” долбоорунун алкагында “Мектебим менин эсимде” программасынын негизинде семинар-тренинг,интеллектуалдык таймаш жана китеп тапшыруу аземи болуп өттү. Бул программа эки бөлүктөн туруп, ага райондун 8-9-10-11-класстын окуучулары жана мугалимдер тартылды.
Долбоорго Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын социалдык маселелер боюнча кызматкери Батыров Жуман, Ала-Бука райондук Билим берүү бөлүмүнүн башчысы Турдукулова Чынара Капаровна, орун басары Өмүрова Таалайгүл, усулдук кызматкери Ашырмамбет уулу Алмаз,Ак-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы Фарманкулов Голибжан жана Адашбаев Абдукахар,Айыл башчы Курбанбаев Алмаз, айыл тургундары, окуучулар катышышты.
Аземдин ачылышы КРнын гимни менен башталып, окуучуларга жакшы каалоолор, жылуу сөздөр айтылды.
Семинар – тренинг өткөрүүдө “Бир адамдан бир китеп” долбоорунун жетекчиси Эрлан Смайыл уулу баштаган топ: Улан Абдыкеримов, Жакшылык Бекназаров, Асан уулу Куттубектер окуучулар менен жакындан пикир алышып,дүйнө таанымын кеңейтүү менен логикалык ой-өрүшүн өстүрүүгө, китеп окууну даңазалоого,интеллектуалдык, руханий көрөңгөсүн байытууга дүйнө көз караштарын өзгөртүүгө багытталган жана мугалимдерге арналган иш-чаралар өткөрүштү.
Интеллектуалдык оюнда жеңип чыккан окуучулар БАБК долбоорунун белектери, дипломдору менен сыйланышты. Ак-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы Голибжан Фарманкулов да жеңүүчүлөрдү баалуу белектер менен сыйлады.
Окуучуларга руханий дем күч берип,долбоордун өкүлдөрү, Манасчы – Айбек Орозбеков, төкмө акын – Кутман Садыбакасовдор өз өнөрлөрүн тартуулашып,көрүүчүлөрдүн маанайын көтөрүштү. Мектебибиздин информатика мугалими Чыныбекова Айжамал келген конокторго саламдашуу ырын ырдап, элдин алкоосун алды.”Мектебим менин эсимде”программасы боюнча БАБК долбоорун сунуштап, алып келген ушул мектептин мындан он жыл мурунку бүтүрүүчүсү, азыркы учурда Кара-Кол шаарындагы 718 аскер бөлүгүнүн каржы кызматынын башчысы- Кадырбеков Батырбек мектепке өз эсебинен 77 китеп белекке тапшырды.Анда Зуура Сооронбаеванын жети томдук китеби, Чыңгыз Айтматовдун он томдук китеби, Касымалы Жантөшовдун “Каныбек” романынын томдугу, Гапыр Мадаминовдун “Акыл эмгегинин маданияты” жана башка акын жазуучулардын китептери бар.
Бул саамалыкка айыл тургундары да карап турушпастан өз салымдарын кошушту. Алсак: Рысмамбетов Тыныбек Сагынбай Орозбаковдун варианты боюнча “Манас” китебин (9000 сомдук) дагы эки китепти белекке берди. Ала-Бука райондук билим берүү бөлүмү, Ак-Коргон айыл өкмөтүнүн башчылары да мектепке ондон китептерди белекке беришти. Мындан башка акчалай каражат тапшыргандар да болушту. Алар: Халмурзаев Абдушукур-100 доллар, Курбанбаев Алмаз-1000 сом, Досалиев Талант- 1000 сом, Пошшахужев Султанхан- 3000 сом,Хатамов Адан- 1000 сомдон акча каражат беришти.
“Бир адамдан бир китеп”долбоорунун жетекчиси Эрлан Смайыл уулу өз сөзүндө ушул жөрөлгөнүн артынын көптөгөн айылдарда китепканалар ачылып,көптөгөн китепканалар жаңы китептер менен толукталгандыгын баса белгилеп өттү. Германияда жашап жана эмгектенип жаткан мигранттарушул долбоорду колдогонун айтып,алардын жөнөткөн каражатынын эсебинен мектебибизге заман талабына ылайык жаңы басылып чыккан дүйнөлүк жана кыргыз тилиндеги көркөм адабий,шыктандыруучу,мугалимдерге арналган,кенже курактагы балдарга арналган жаңы китептерди (1000 даана) китепканага салтанаттуу түрдө тапшырды.
Мектептин директору Чыналиева Жаркынай жыйынтыктоочу сөзүндө “Китеп-өмүрдүн ыраакы жана караңгы жолунда адамга нур тартуулаган шам чырагы”экендигин баса белгилеп,бул саамалыктын кербени дүйнө элдерин аралап,ийгиликтүү жолго жетүүсүнө тилектештигин билдирди. Доолбордун жетекчиси Эрлан Смайыл уулуна жана өкүлдөрүнө өз ыраазычылыгын билдирип, аларга эстелик катары белектерди тапшырды.
Даярдаган: Ала-Бука районунун №9 Т.Жоробаев атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими
Олжобаева Дилбар.


Автор orozalieva
-
-
-
27.04.2026 / Автор anarkan_kg ГЕНДЕРДИК ТЕҢЧИЛИК — УКУКТУК МАДАНИЯТТЫН НЕГИЗИ
-
29.04.2026 / Автор anarkan_kg БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК ЭМГЕКТИ КОРГОО КҮНҮНӨ АРНАЛГАН ИШ-ЧАРА ӨТКӨРҮЛДҮ
-
29.04.2026 / Автор anarkan_kg АКСЫДА УНАА ЖОЛДУ СЕЛ КАПТАДЫ
-
-
13.05.2025 / Автор Акбермет Орозалиевна КЕРБЕН ШААРЫНЫН МЭРИНЕ КАТУУ СӨГҮШ БЕРИЛДИ
-
30.05.2025 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНА 110/35/6 КВ “ДАЧА ” КӨМӨК ЧОРДОНУ КУРУЛАТ
-
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.