Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
676 Бардыгы / Тоолуу Бадахшан автоном облусундагы айрым райондордун тургундары электр энергиясын берүүдө чектөөлөр киргизилгенине даттанып жатышат. «Он күндөн бери жарык 5-6 гана саатка берилүүдө. Абанын температурасы 9-10 градуска чейин суук болуп жаткан тоолуу аймакта электр энергиясынын жоктугу тургундар үчүн чоң сыноо болууда», — деди Барзуд Рушан районунун тургуну Салимшо Акобиршоев. «Озоди» радиосуна облустагы дагы беш […]
677 Бардыгы / Тоолуу Бадахшан автоном облусундагы айрым райондордун тургундары электр энергиясын берүүдө чектөөлөр киргизилгенине даттанып жатышат. «Он күндөн бери жарык 5-6 гана саатка берилүүдө. Абанын температурасы 9-10 градуска чейин суук болуп жаткан тоолуу аймакта электр энергиясынын жоктугу тургундар үчүн чоң сыноо болууда», — деди Барзуд Рушан районунун тургуну Салимшо Акобиршоев. «Озоди» радиосуна облустагы дагы беш […]
ТООЛУУ БАДАХШАНДА ЭЛЕКТР ЭНЕРГИЯСЫНА ЧЕКТӨӨЛӨР КИРГИЗИЛДИ
25.12.2020 / Автор orozalieva678 Бардыгы /
Тоолуу Бадахшан автоном облусундагы айрым райондордун тургундары электр энергиясын берүүдө чектөөлөр киргизилгенине даттанып жатышат.
«Он күндөн бери жарык 5-6 гана саатка берилүүдө. Абанын температурасы 9-10 градуска чейин суук болуп жаткан тоолуу аймакта электр энергиясынын жоктугу тургундар үчүн чоң сыноо болууда», — деди Барзуд Рушан районунун тургуну Салимшо Акобиршоев.
«Озоди» радиосуна облустагы дагы беш райондун тургундары да кайрылып, электр энергиясы көп өчүрүп жатканына даттанышкан.
«Памир Энержи» компаниясынын өкүлү облустун айрым райондорундагы жарыктын өчүрүлүшү аймакта катуу суук болуп, Гунд дарыясындагы суунун деңгээлинин төмөндөп кеткенине байланыштуу экенин билдирди.
«Гунд дарыясынын жогорку бөлүгүндө 24 градуска чейин суук болуп жатат. Кышкысын Яшилкул көлүндөгү 400 миллион куб метр суунун 150-160 миллион куб метрин колдонобуз. Бул көл биздин ГЭСтер үчүн суу сактагыч болуп эсептелет. Азыр көлдөн агып чыккан суу жетиштүү кубаттуулуктагы электр энергиясын өндүрүү үчүн аз болуп жатат», — деди компаниянын өкүлү.
Ал автоном облустун борбору Хорог шаарынан башка аймактарда чектөө киргизилгенин ырастап, бирок электр жарыгы тургундар айткандай суткасына 5-6 саат эмес, 14-17 саатка берилип жатканын кошумчалады.
Ал ортодо облустун айрым тургундары чектөөлөр электр энергиясынын коңшу Ооганстанга сатылып жатканына байланыштуу болушу мүмкүн экенин билдиришүүдө. Бирок «Памир Энержи» компаниясынын басма сөз катчысы Голиб Ниятбеков бул маалыматты четке какты.
«Памир Энержи» компаниясы 2002-жылы Тажикстандын өкмөтү, Ага Хан фондунун экономикалык өнүгүү башкармалыгы жана Эл аралык каржы корпорациясынын (IFC) ортосунда кол коюлган келишимдин негизинде түзүлгөн. Бүгүнкү күндө компаниянын акцияларынын 70% Ага Хан фондуна, 30% Эл аралык каржы корпорациясына тиешелүү.
Тоолуу Бадахшан автоном облусунда Тажикстандын башка аймактарына салыштырмалуу электр энергиясы кымбатыраак.
Тажикстанда 20 жылга жакын убакыттан бери октябрдан апрелдин ортосуна чейин жарандарга электр энергиясын берүүдө чектөөлөр болуп келген.
2017-жылы алгачкы жолу кышкысын чектөө киргизилген эмес. Анда «Барки точик» компаниясы кичи ГЭСтер жана ЖЭБдер курулганын, бул электр энергиясын үнөмдөбөй пайдаланууга мүмкүндүк берерин билдирген.
WWW
Автор orozalieva
-
17.04.2026 / Автор anarkan_kg ЖАРАНДЫК КОРГОНУУ КЫЗМАТТАРЫНЫН ДАЯРДЫГЫ ТЕКШЕРИЛДИ
-
17.04.2026 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ОИИБдин БАШЧЫСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ КАРМАЛДЫ
-
17.04.2026 / Автор anarkan_kg «АРИЕТ» БОРБОРУНДА ОКУУЧУЛАРГА ДЕМ БЕРГЕН ЖОЛУГУШУУ КЕЧЕСИ ӨТТҮ
-
13.11.2025 / Автор anarkan_kg ШААРДАГЫ №14 ОТКАНА ПРОПАН МЕНЕН ИШТӨӨГӨ ӨТКӨРҮЛДҮ
-
31.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ АР БИР ҮЙГӨ ЖАКШЫЛЫК АЛЫП КЕЛСИН!
-
05.02.2026 / Автор anarkan_kg №13 ОКРУГДА МЫЙЗАМ БУЗУУЧУЛУК ОРУН АЛСА, КАЙРАДАН ШАЙЛОО ӨТӨТ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.