Аймак

МЭР САБАЛГАН ТАЗАЛЫК КЫЗМАТКЕРИНЕН КАБАР АЛДЫ

МЭР САБАЛГАН ТАЗАЛЫК КЫЗМАТКЕРИНЕН КАБАР АЛДЫ

 1,062 Бардыгы /

Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков белгисиз адам тарабынан сабалган Тазалык ишканасынын кызматкеринен кабар алды. Учурда ооруканада дарыланып жаткан аялга калаа башчысы барып, окуяга укуктук баа берилүүсүнө кызыктар экенин айтты. Аны менен бирге жабырлануучуга материалдык жардамын тапшырды.

Эскерте кетсек, Тазалык кызматкери Маргуба Хакимова 24-декабрь таңга маал саат 5терде белгисиз адам тарабынан сабалган. Бул боюнча шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчиси жеке көзөмөлүнө алганын билдирген.

Байканбек САДЫКОВ “АЙМАК”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17