Аймак

АК ИЛБИРС АКСЫНЫН ТООЛОРУНДАГЫ ЧОҢ ТОО ТЕКЕНИ ЖЕП КЕТТИ

АК ИЛБИРС АКСЫНЫН ТООЛОРУНДАГЫ ЧОҢ ТОО ТЕКЕНИ ЖЕП КЕТТИ

 1,743 Бардыгы /

Аксы районунун Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн карамагындагы Падыша-Ата мамлекеттик коругу 2003-жылы негизделип, өзгөчө корголо баштаган. Корукта ага илимий кызматкер болуп иштеген Шумкарбек Мавлянов өзүнүн иши тууралуу баяндап берди.

Токой корукчусунун айтымында, ал токойдо егерлер менен биргеликте жаныбарларды, өсүмдүктөрдү коргошот.

«Мен 2 жыл мурда Падыша-Ата мамлекеттик коругуна өрт өчүрүүчү кызматкер болуп ишке киргем. 3 айдан кийин егер, азыркы учурда ага илимий кызматкермин. Биздин эң негизги жумуш — токойду, жаныбарларды коргоо. Коруктагы жаныбарлардын санын көбөйтүүгө кам көрүү. Бизди сүйүндүргөнү, жыл өткөн сайын жапайы жаныбарлардын саны көбөйүп бара жатат. Жыл сайын жазында жана кышында жаныбарларга санак өткөрөбүз. Бизде фото капкандар жок болгондуктан талаага чыгып, изинен, өздөрүн көрүп санайбыз. Болжолдуу санын эсептейбиз», – дейт ал.

Токойчулар быйылкы жылы кышкы санакты жүргүзгөн. Анда аюулар менен кийиктин саны көбөйгөнүн байкашган.

«Бизде кышкы санак бүттү. Кийик, элик, аюу, илбирс, доңуз сыяктуу жапайы жаныбарларды санап чыктык. Жаныбарлардын санын болжолдуу айтабыз. Так айтуу кыйын. Мисалы, кийиктин саны 273, 16 баш элик, 3 баш доңуз, 16 аюу, 5 ак илбирс бар деп болжолдоп жатабыз. Егерлер аска зоолордун башына чейин чыгып, күндөп-түндөп санак жүргүздү. Мурдагы жылдарга салыштырмалуу жаныбарлар көбөйө баштады. Эликтер аз санда. Эликтин балдарын бөрүлөр жеп коёт окшойт. Ошол себептен жакшы көбөйбөй жатат. Аюулар көбөйдү», – деди илимий кызматкер.

Падыша-Ата мамлекеттик коругунда 16 егер бар. Алар кышы-жайы жапайы жаныбарларды, коруктун өзгөчө корголуучу аймагын коргошот.

Егерлер жакында эле ак илбирс чоң тоо текени жеген учурга күбө болушкан.

«Биз санак жүргүзүп жүрүп бир кызык учурга күбө болдук. Ак илбирстин изин көрүп калдык. Аны көрүү өтө кыйын. Изи аркылуу барганыбызда илбирс тоо текени жыгып жеген экен. Тоо теке 5 жашар. Ошол чоң текени жыгып жеп кетиптир. Биз илбирс дагы абдан чоң болгонун изинен байкадык. Негизи илбирстер жапайы жаныбарларды жеп азыктанат. Бийик аскаларды байырлайт. Буга чейин 7-октябрда ак илбирсти түндө келе жатып көргөнбүз. Бирок тасмага тартууга мүмкүн болбой калган. Ал аябай бат кыймылдайт. Көпүрөнүн түбүнөн өтүп кеткенин көргөнбүз. Биздин бир егерибиз 2 жыл мурда илбирсти жакын жерден көргөн. Бирок ал дагы тасмага тартканга жетишпей калган. Бул жаныбар абдан күчтүү болот. Чоң тоо текелерди жыгып жейт», – деди ал.

Тоо ташты аралап иштеген егерлер ар кандай кыйынчылыктарга дагы тушугушат. Кышкысын оор карды аралап, тоо-таштарга чыгып, кооптуу жерлерге барышат.

«Негизи биздин жумуш оңой жумуш эмес. Иштин бардыгы тоо-ташта өтөт. Бийик-бийик аскалардын арасына барабыз. Тоо-таштарга чыгабыз. Кышкысын оор карларды кечип барууга туура келет. Егерлердин ар бирине ат берилген. Бирок айрым жерлерге аты жок барууга туура келип калат. Аттар бара албаган жерлер бар. Өткөн жылы кышында кооптуу асканы аралап түшүүгө туура келди. Андай кыйынчылыктарга тушугуп турабыз. Ал жерлер өтө коркунучтуу жерлер. Бирок биз өзүбүздүн милдетибизди аткарышыбыз керек да. Тоо-таштын арасында үңкүрлөрдө түнөп калган учурлар бар. Кышкысын суукта үшүп кыйналабыз. Суукта калууга туура келет. Бирок чыдап иштейбиз. Ишибизди сүйөбүз», – деп белгиледи егер.

Шумкарбек Мавлянов мектептеги ишин токтотуп, ишин өркүндөтүү максатында токойду коргоо тармагына которулган. Ал токойду коргоого бел байлаганын айтты.

«Мен мектепте 23 жыл мугалим болуп иштегем. Мектепте химия-биологиядан сабак өтчүмүн. 2018-жылы ушул тармакка өтүп кеттим. Менин максатым — токойду көздүн карегиндей сактоо, урпактарга өткөрүп берүү. Жаныбарлар жок болуп кетсе, балдарыбызга токойду китептен көрсөтүп калбасак экен деп, ушул тармакка аралашып кеттим. Мени токойдогу жаныбарлардын жыл санап көбөйүп баратканы кубандырат. Токойдо жаныбарлар көп болсо, туристтер көп келмек. Акыркы жылдары кийиктер айылдарга жакын жерлердеги тоолорго түшүп келип жатат. Бул жакшы көрүнүш», – дейт Ш.Мавлянов.

WWW

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17