Аймак

ШАЙЛОО: ҮЙРӨНГӨН АДАТ КАЛАБЫ?

 789 Бардыгы /

Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов жана өкмөт башчынын милдетин аткаруучу Артем Новиков. 2020-жылдын 17-ноябры.
Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов жана өкмөт башчынын милдетин аткаруучу Артем Новиков. 2020-жылдын 17-ноябры.

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков эскиче адат менен иш алып барган мамлекеттик жетекчилерге чара көрүлөрүн эскертти. Бирок бардык талапкерлерге бирдей шарт түзүлбөй, административдик ресурс тымызын түрдө бир талапкердин пайдасына жүрүп жатканы боюнча маалыматтар бар экени айтылды.

Садыр Жапаровдун шайлоо штабынан муну жалаа катары кабыл алып, алардын үгүт өнөктүгү мыйзам чегинде жүрүп жатканын белгилешти.​

Өкмөттүн кезектеги убадасы

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков Коопсуздук кеңешинин жыйынында «аткаруу бийлиги өткөн 4-октябрдагы парламенттик шайлоодон кийин болгон окуялардан сабак алганын» айтып, президенттик шайлоонун алдында “оюн эрежеси” өзгөргөнүн жарыялады. Муну менен ал өкмөт административдик ресурсту бир талапкердин пайдасына иштетүүдөн баш тарта турганын айтты.​

Артем Новиков шайлоодо бир талапкердин кызыкчылыгы үчүн энергетиктер, мугалимдер, врачтар жана аскер адамдары сыяктуу бюджеттен маяна алган мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди үгүт ишине тартууга тыюу салынганын билдирди:

«Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин арасында шайлоо мыйзамдарын бекем сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, эскертилди. Аларга шайлоо комиссияларынын иштерине аралашууга, талапкерлердин үгүт өнөктүгүнө катышууга жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга жол берилбейт. Саламаттыкты сактоо, билим берүү жана социалдык тармактын кызматкерлерине эч кандай басым жасалбайт. Министрлер кабинетинин башкы максаты – алдыда боло турган шайлоодо административдик ресурстун кимдир-бирөө тарабынан колдонулбашы. Мындай фактылар болсо, кабарлап коюңуздар. Өкмөт шайлоону уюштуруу жагын жана техникалык маселелерин эле карайт. Шайлоонун жүрүшүнө түз киришүү болбойт. Купуялык сакталат, ушундан улам козутууга, добуш сатууга жана сатып алууга берилбеңиздер. Үгүт иштерине тартылган тараптарга айтарым – бюджетте иштегендерди мажбурлап добуш берүүгө же үгүт иретиндеги иш-чараларга тартпагыла».

Артем Новиков кол астындагыларды кайсы бир талапкердин пайдасы үчүн добуш алууга мажбурлап, аларга көрсөтмө берген мамлекеттик жетекчилерге чара көрүлө турганын эскертти.ДАГЫ КАРАҢЫЗРеферендум: үч багыттагы үгүтчү топтор

Бир талапкерди колдоонун “сыйкыры”

Ал эми азыркы бийликке атаандаш болгон президенттикке талапкерлердин шайлоо штабындагылар административдик ресурс бир талапкердин пайдасына тымызын иштеп жатканын айтышууда.

Буга чейинки жогорку бийлик өкүлдөрү да шайлоодо административдик ресурс колдонулбай турганын убада кылып, бирок иш жүзүндө бүтүндөй мамлекеттик машинанын мүмкүнчүлүгү бийлик партияларынын же бийликтин талапкеринин пайдасы үчүн иштеген учурлар көп болгон.

“Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын жаштар канатынын лидериОрозайым Нарматова эмгек мигранттарын Москвадагы элчиликтеги консулдук каттоого шарт түзүү маселесин буга мисал келтирди:

“Москвадагы элчиликке барсам, “Мекенчил” партиясы үчүн консулдук каттоого турууга көбүрөөк мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берип, аларга элчиликтин имаратында жайгашкан атайын бир бөлмөнү беришип, ал жакка келген мекендештерге фотого түшүүгө шарт түзүп, алардын консулдук каттоого оңой турушун камсыздап беришкенин өз көзүм менен көрдүм. Анан элчилик тараптан кезинде бийликтин “Биримдик” партиясына кандайча колдоо жүргөн болсо, азыр эми “Мекенчил” партиясы менен президенттикке талапкер Садыр Жапаровду ошондой колдоп, ага кызмат кылып жатканы байкалып эле жатат”.

Бул жагдай тууралуу Москвадагы кыргыз элчилиги менен байланышып, комментарий алууга мүмкүн болбоду. Ошол эле кезде чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрдө гана эмес, Кыргызстандын ичиндеги мамлекеттик мекеме-уюмдарда деле бир талапкердин пайдасы үчүн добуш чогултуп, тымызын үгүт жүргүзгөн өнөкөт кайталанганы айтылды.ДАГЫ КАРАҢЫЗЖакшы ханды самоо – убактылуу эйфория мөмөсү

Бекбаева: биз админресурска муктаж эмеспиз

Ал эми президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун шайлоо штабынын өкүлүЖылдыз Бекбаева азыр үгүт өнөктүгү мамлекеттик кызмат адамдарынын көмөгүсүз эле жүрүп жатканын айтып, айтылган дооматтарды жалаа катары четке какты:

“Муну биз жалган жалаа деп эсептейбиз. Анткени азыркы учурда мамлекеттик кызматта жүрүп, анан биздин шайлоо штабыбызга келип, үгүт иштерге аралашкан аткаминерлер жок. Бирок ошол эле кезде мыйзамдын талабына ылайык, эмгек өргүүсүнө чыгып алып, же болбосо кызматынан биротоло кетип, анан биздин үгүт иштерге кол кабыш кылган, мурда мамлекеттик кызматта иштеген балдар-кыздар болушу мүмкүн. Андан башка кызмат учурунда мыйзамды бузуп, биздин шайлоо штабдарыбызга келип, үгүт иштерине аралашкан мамлекеттик кызматкерлер жок. Андай болушу дагы мүмкүн эмес. Биз андай кызматкерлер жардам берүү ниети менен келген учурда артына кайтарып жатабыз. Алар, тескерисинче, бизге “эмнеге биздин жардамды кабыл албай жатасыңар, мурдатан эле бизди колдонуп келишчү эле го” деп капа болуп кетип жатышат”.

Буга чейин президенттин милдетин аткарган парламенттин спикери Талант Мамытов өткөн парламенттик шайлоодо бийлик эбегейсиз административдик ресурсту колдонуп, добуштарды жапырт түрдө акчага сатып алган өнөкөттүн аягы эмне менен бүткөнүн эске салган болчу.

Ошондуктан Талант Мамытов өткөндөн сабак алып, бул президенттик шайлоодо ал ыкмалардан баш тартуу зарыл экенин айткан болчу:

«Өткөндөн сабак алышыбыз абзел. Анткени мыйзамсыз шайлоонун натыйжасында 6-7-октябрда толкундоо өттү. Анын жыйынтыгын билебиз. Мына ошондон улам бийлик алмашты. Президенттик шайлоо да, референдум да ошол чекиликтерди болтурбоо, элибизге жана мамлекетибизге чоң өзгөртүүлөрдү жасоо максатында өткөрүлүп жатат. Элибиз чоң өзгөрүүлөрдү күтүп жатат».

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов өзү да жыйынтыгы жокко чыгарылган өткөнкү парламенттик шайлоодо бийликчил “Кыргызстан” саясий партиясынын тизмеси менен депутаттыкка талапкер болуп, шайлоого катышкан.ДАГЫ КАРАҢЫЗҮмүт ыңкылабынын жаңы баскычы ой-чабыт ыңкылабы менен улантылат

Ал эми Орозайым Нарматова учурда мурдагы бийлик партияларынын ресурстары бир талапкердин пайдасына иштеп жатканын айтып, мындан ары административдик ресурс иштебей калды дегенге ишенүү кыйын экенин белгиледи:

Кечээ эле ошол “Мекеним Кыргызстан”, “Биримдик” же болбосо “Кыргызстан” партиясы үчүн чуркап жүргөндөр дагы деле паспорт чогултуп жүрүшөт экен. Алар мурдакы эле эски система менен иштеп, эми болсо башка талапкердин пайдасы үчүн чуркап калышканын көрбөгөн адам деле жок болсо керек”.

Кыргызстанда президенттик шайлоо келе жаткан жаңы жылдын 10-январына дайындалган. Бул жолку мөөнөтүнөн мурун президенттик шайлоого 18 талапкер ат салышууда. Парламенттик шайлоонун жыйынтыгына болгон нааразылык бийликтин алмашуусуна алып келип, мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков мөөнөтүнөн мурун кызматын тапшырган болчу.

WWW

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17