Аймак

“КӨПӨСТӨРДҮН ОРДУ – ТҮРМӨДӨ”

“КӨПӨСТӨРДҮН ОРДУ – ТҮРМӨДӨ”

 1,107 Бардыгы /

ОШ. Президенттикке талапкер Курсан Асанов Ош шаарынын жана  Ош облусунун шайлоочулары менен жолуугушуп жатып, ара чолодо саясий кырдаалга жараша жүзүн ыкчам өзгөртүшкөн мамлекеттик ишмерлерди жана белдүү бизнесмендерди өлө сындады.

  • Жогорку Кеңештин мурунку чакырылышынын депутаттары Азамат

Арапбаев жана Улан Пиримов ошогездеги Президент Сооронбай Жээнбековдун этегине жармашып, намаз окуп жүрүшпөдү беле. Анан ишенген кожосу бийлигин күтүүсүз тапшырганда, анын ал-акыбалын сураштырып койгонго жарашкан жок! – деп чырылдады милициянын генералы Курсан Асанов. – Эгерде мен Президенттикке шайланып калсам, Кыргызстанды куп куруткан дал ушундай комошатчыларды жана жемкорлорду чекесинен тазалаймын!

         Биздикилер эптеп шайлангыча, аткарылбай турган эле убадаларды катарынан беришип, “Сөзсүз кыйратам!” деп күпүлдөшчү. Аман турсак, Президенттикке талапкер Курсан Асановдун бул убадаларынын аткарылышын көрө жатаарбыз…

Алишер ТОКСОНБАЕВ “АЙМАК”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17