Аймак

ЧАТКАЛДА 40 МИҢ СОМГО БААЛАНГАН СПИРТ ИЧИМДИКТЕРИ ЖОК КЫЛЫНДЫ

ЧАТКАЛДА 40 МИҢ СОМГО БААЛАНГАН СПИРТ ИЧИМДИКТЕРИ ЖОК КЫЛЫНДЫ

 987 Бардыгы /

Чаткал районунда 40 миң сомго бааланган спирт ичимдиктери таштандыга ыргытылды, деп билдирет аймактык кабарчы. Белгилүү болгондой, айыл жаштары демилге көтөрүп, дүкөндөрдө сатылып жаткан ичимдиктерди жок кылуу максатында каражат чогултушкан.

Акциянын уюштуруучусу ичкиликтин кесепети көпчүлүккө тийип жатканына токтолду.

«Мындан бир апта мурун райондун Кызыл-Токой айылындагы дүкөндөрдү кыдырып, текчеде тизилип турган спирт ичимдиктерин сатып түгөтүү боюнча эскертүү бергенбиз. Андан кийин айыл тургундары чогулуп, дүкөндөрдөгү ичимдиктерди жок кылуу максатында сатып алуу үчүн каражат чогулттук. Жалпы 40 миң сомдон ашык каражат чогулду. Ага ичимдиктин бардык түрүн сатып алып, таштанды таштоочу жайга алып барып жок кылдык. Бүгүн райондун Айгыр-Жал айылында да ушундай эле акцияны улантып жатабыз. Эгер дүкөн ээлери дагы спирт ичимдиктерин сатып жатканына күбө болсок, кийинкисинде акчасын төлөбөй ичимдиктерди алып чыгып кетебиз. Ансыз да ичимдикке берилип, канчалаган үй-бүлөлөр бузулуп, балдарынын карызга ичкенин ата-энеси пенсиясынан төлөп кыйналып жатышат», – деди уюштуруучу Кубанычбек Токонов.

Буга чейин Базар-Коргон районунун Кызыл-Үңкүр айылында да жергиликтүүлөр айылда спирт ичимдиктерин сатууга каршы чыгып, акция уюштурган.

“АЙМАК”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17