Аймак

ЧАТКАЛ РАЙОНУНДА 2 КИШИ АРАККА УУЛАНЫП КАЗА БОЛДУ

ЧАТКАЛ РАЙОНУНДА 2 КИШИ АРАККА УУЛАНЫП КАЗА БОЛДУ

 1,380 Бардыгы /

  25-декабрда Чаткал районунда 2 киши аракка ууланып каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 28-декабрда жергиликтүү тургундар кабарлашты.

Бул маалыматты райондун Айгыр-Жал айылынын башчысы Кайнар Рысбай уулу да тастыктап, окуя 25-декабрда болгонун айтты. Маркумдар акыркы сапарга узатылган. Алардын жакындары соттук-медициналык экспертизадан баш тартышкан.

«Каза болгон 2 жараныбыз тең 44 жашта болчу. Алар окуя болгон күнү чогуу отуруп спирт ичимдигин ичишкен. Андан соң 4-5 саат аралыгында каза болгон. Маркумдардын жакындары алар аракка ууланып калганын айтууда. Бирок кандай арак ичкени белгисиз. Алардын жакындары сөөктү соттук-медициналык экспертизага берүүдөн баш тартышты, милицияга да кайрылышкан жок», – деди айыл башчы.

Ушул окуядан кийин айыл тургундары арак саткан дүкөндөрдөн арак сатууга тыюу салууну талап кылып акцияга чыгып жатышат.

WWW

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17