Аймак

МИЛИЦИЯ ИЗДӨӨДӨ ЖҮРГӨН УЮШКАН КЫЛМЫШТУУ ТОПТУН МҮЧӨСҮН КАРМАДЫ

МИЛИЦИЯ ИЗДӨӨДӨ ЖҮРГӨН УЮШКАН КЫЛМЫШТУУ ТОПТУН МҮЧӨСҮН КАРМАДЫ

 675 Бардыгы /

 2020-жылдын 3-сентябрь күнү саат 22:30 чамасында Токтогул районунун 1998-ж.т. Б.Т. аттуу тургунун 1997-ж.т. Б.К. учтуу курч нерсе менен оң жак далысына бир жолу сайып качып кеткен. Ошондой Б.К. 1998-ж.т. Ж.Б. аттуу Токтогул районунун тургунун белгисиз ок атуучу курал менен оң жак бутуна бир жолу атып, денесине жараат келтирген.  

         Аталган окуялар боюнча топтолгон материалдар Токтогул РИИБдин КЖБРне КРнын Жазык кодексинин 266-беренеси (Ээнбаштык)менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

         Жогорудагы фактыларга шектүү катары өтүп жаткан Токтогул районунун 1997-ж.т. Б.К. аттуу тургунуна Токтогул РИИБи тарабынан издөө иши ачылган.

Мындан сырткарыТоктогул РИИБдин БЗМЖКККнын кызматкерлери тарабынан 2020-жылдын 24-декабрында Токтогул районунун аймагынан Бишкек шаарына “У” аттуу атуул баңгизатын мыйзамсыз ташып жүргөндүгү тууралуу маалымат алынган. Бул факты боюнча топтолгон материалдар Токтогул РИИБдин КЖБРне КРнын Жазык кодексинин 267-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Аталган сотко чейинки өндүрүшү боюнча  Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун тургуну 1987-ж.т. Э.Ж. башкарып бара жаткан “Хонда-Степ” үлгүсүндөгү автоунаа токтотулган. Алынган маалыматтын негизинде текшерүүгө алган учурда, автоунаанын айдоочусунан өз ыктыяры менен целофан пакетине салынган өзгөчө кескин жыты бар болжол менен 220 гр. болгон “Гашиш” баңгизатына окшогонзат алынган. Жогоруда көрсөтүлгөн иш боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында табылып алынган наркотикалык зат Токтогул районунун 1997-ж.т. Б.К. аттуутургунуна таандык экендиги такталган.

Жогорудагылардын негизинде Жалал-Абад ОИИБдин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмчөсү жана Токтогул РИИБдин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында издөөдө жүргөн Токтогул районунун тургуну, КРнын ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган 1997-ж.т. Б.К. Бишкек шаарынан кармалган. Учурда шектуу убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары уланууда.

Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17