Аймак

ТАЖИКСТАНДА РОГУН ГЭСИНИН КУРУЛУШУНДА ИШТЕП ЖАТКАН ЖУМУШЧУЛАР АЛТЫ АЙДАН БЕРИ АЙЛЫК АЛА ЭЛЕК

ТАЖИКСТАНДА РОГУН ГЭСИНИН КУРУЛУШУНДА ИШТЕП ЖАТКАН ЖУМУШЧУЛАР АЛТЫ АЙДАН БЕРИ АЙЛЫК АЛА ЭЛЕК

 684 Бардыгы /

Рогун ГЭСинин курулушуна катышып жаткан «Асри нур» компаниясынын ондогон жумушчусу жарым жылдан бери айлык бериле электигин билдиришүүдө.

«Жума сайын айлыктын жок дегенде 50-30% төлөп беребиз деп айтып келишет. Бирок убадалар убада бойдон калууда. Айлыктын берилбегенине карабастан жумушчулардын көбү кетпей жүрүшөт. Анткени азыр Тажикстанда жумуш табуу оңой эмес», — деди Махмадсаид Каримов аттуу жумушчу.

Рогун ГЭСинин курулушунда иштеген жарандар быйыл жайында да айлыктары берилбей жатканын айтып даттанышкан. Анда өлкөнүн премьер-министри Кохир Расулзода эмгек акылар жакынкы күндөрү төлөнөт деп убада берген. Бирок «Асри нур» компаниясынын жумушчулары андан бери бул багытта өзгөрүү деле болбогонун билдиришүүдө.

Президентке караштуу статистика агенттигинин акыркы маалыматына караганда, өлкөдө октябрь айынын башына карата жарандарга айлык берүү боюнча карыз 74,8 миллион сомонини (6,6 миллион доллар) түздү. Бул сумманын 55% ашыгы быйыл топтолгон карыздар.

Рогун ГЭСин куруу долбоору совет мезгилинде эле иштелип чыккан, бирок өлкөдөгү жарандык согуштан улам курулушу башталган долбоор токтоп, 2016-жылы гана улантылган.

Тажикстандын Каржы министрлигинин маалыматы боюнча 2019-жылы эле Рогун ГЭСинин курулушуна мамлекеттик бюджеттен 2 миллиард 100 миллион сомони (дээрлик 222 миллион доллар) бөлүнгөн.

WWW

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17