Аймак

СУЗАКТА БАЛАТЫ ОРНОТУУ ҮЧҮН ТЕНДЕРГЕ ЭЧ КИМ КАТЫШПАЙ КОЙДУ

СУЗАКТА БАЛАТЫ ОРНОТУУ ҮЧҮН ТЕНДЕРГЕ ЭЧ КИМ КАТЫШПАЙ КОЙДУ

 1,260 Бардыгы /

Сузак районунун борборундагы балатыны орнотуу үчүн Сузак айыл өкмөтү жарыялаган тендерге бир да ишкер катышпагандыктан, айыл өкмөттүн кызматкерлери өздөрү орнотушту. Бийиктиги 8 метр болгон балатыны жылдагыдай айыл өкмөттүн кызматкерлери түнкүсүн кайтарууга алышты. Бул маалыматты Сузак айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча орун басары Сабиткул Хайдаров ырастады.

Анын айтымында, бул жылы балаты орнотуу үчүн жалпысы 49 миң сом коротулду.

«Бийиктиги 8 метр болгон балаты 26-декабрь күнү орнотулду. Аны орнотуу үчүн тендер жарыялаганыбызда компаниялардан же ишкерлерден эч бири катышпагандыктан, айыл өкмөттүн кызматкерлери өзүбүз жасадык. Балаты жасоо үчүн 49 миң сом акча каражаты сарпталды. Былтыр кадимки балатыны орноткондуктан шамал болуп, кар жааган учурда кыйшайып калган учурлар болгон. Быйыл темир каркастарды орнотуп, аны кадимки жашыл майсаң (газон) менен ороп, түнкү жарыктарды орноттук. Ушул тапта базарда жаңы жылдык жасалгалоолор, оюнчуктар сатылбай жаткандыктан кадимки оюнчуктун сүрөттөрүн чыгарып чаптап чыктык. Азыр жергиликтүү тургундар келип сүрөткө түшүп, майрамдык маанай жаралууда», – деди ал.

Маалым болгондой, 2018-жылы белгисиз жарандар райондун борборундагы балатыны өрттөп кеткен эле. Ошол окуядан улам жыл сайын күч түзүмдөрү айыл өкмөттүн кызматкерлери менен биргеликте балатыны коруп чыгышат. Быйыл да балатыга айыл өкмөттүн кызматкерлери түнкүсүн көз салууда.

WWW

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17