Аймак

БАТКЕНДЕ ЖАҢЫ ЖЫЛДЫК БАЛАТЫ ОНЛАЙН ФОРМАТЫНДА ӨТКӨРҮЛДҮ

 711 Бардыгы /

БАТКЕН. Өлкөбүздөгү эпидемиологиялык кырдаалды эске алып, Президенттин балдарга арналган жаңы жылдык “Балаты” майрамы онлайн форматында өткөрүлдү. Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңеш төрагасы Талант Мамытовдун жаңы жылдык белек-бечкектерин Кыргыз Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу Өкүлү Жаныбек Жалалов өз ээлерине тапшырды. Ошондой эле ал учурдан пайдаланып балдарды жаңы жыл майрамы менен чын ыкластан куттуктап, аларга бекем ден соолук жана кең келечек гана тиледи.

Ошондой эле Баткен шаарынын тургуну, 2-класстын окуучусу Умарбек Махмураимовго дагы Премьер-министр Артем Новиковдун атынан атайын белек тапшырылды.   Мындан тышкары Баткен облусунун жетекчиси окуучуларга смартфондорду тартуулады. Белгилей кетсек, быйыл Баткен облусунан 49 бала Президенттин белегине арзыды. Жергиликтүү бийлик органдары белектерди балдардын ар биринин дарегине жеткирди. Ошондой эле  Кыргыз Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу Өкүлү Жаныбек Жалаловдун атынан облустагы 110 балага дагы белектер тапшырылды.

Айтмакчы, жетекчилердин жаңы жылдык белектери окуунун мыктыларына, аз камсыз болгон жана көп балалуу үй бүлөлөрдүн балдарына, ата-эне камкордугунан ажыраган жеткинчектерге жана кызмат учурунда каза тапкан аскер кызматкерлеринин уул-кыздарына гана тапшырылды.

“АЙМАК”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17