Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
1,573 Бардыгы / Ырысбай деген ким эле, Ырыстуу ырдын Пири эле. Кыргыздын кымбат Булбулу, Кылымда келет бир эле… Шайлообек ДҮЙШЕЕВ, Кыргыз Эл акыны Залкар обончу, таланты таш жарган композитор Рысбай АБДЫКАДЫРОВ арабызда тирүү турганда быйыл туптуура 80 жашка толмок. Ошентсе дагы, маркумдун ысымы ыйгарылган Ош облустук филармониясында бул ирет улуу-кичүү замандаштары […]
1,574 Бардыгы / Ырысбай деген ким эле, Ырыстуу ырдын Пири эле. Кыргыздын кымбат Булбулу, Кылымда келет бир эле… Шайлообек ДҮЙШЕЕВ, Кыргыз Эл акыны Залкар обончу, таланты таш жарган композитор Рысбай АБДЫКАДЫРОВ арабызда тирүү турганда быйыл туптуура 80 жашка толмок. Ошентсе дагы, маркумдун ысымы ыйгарылган Ош облустук филармониясында бул ирет улуу-кичүү замандаштары […]
КЫРГЫЗДЫН КЫМБАТ БУЛБУЛУ
12.01.2021 / Автор aymak

1,575 Бардыгы /
Ырысбай деген ким эле,
Ырыстуу ырдын Пири эле.
Кыргыздын кымбат Булбулу,
Кылымда келет бир эле…
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ,
Кыргыз Эл акыны
Залкар обончу, таланты таш жарган композитор Рысбай АБДЫКАДЫРОВ арабызда тирүү турганда быйыл туптуура 80 жашка толмок. Ошентсе дагы, маркумдун ысымы ыйгарылган Ош облустук филармониясында бул ирет улуу-кичүү замандаштары көзүн жаштап, эстелигине гүлчамбар коюшуп, кайталангыс генийди жылуу-жумшак эскеришти.
- Кайран Рысбай көп кырдуу талант эле, – деп үшкүрүнө эскерди
Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, белгилүү комузчу Саадабай Шабданов. – Муну эми гана ачык айтууга сааты жетти өңдөнөт. Жеткен манасчы болчу. Мунусун кайдан билели. Бир жолу атайын Программага коштуруп, Рысбай эки жарым гана мүнөт “Манас” эпосунан үзүндү айтасың деп, кулагына утуру кумча куюп атып, сахнага көндүрүп чыгарганбыз. Балээниби? Образга абдан катуу кирип алгандыктан, беш мүнөттөн кийин Абдыкадыровду көрөрмандарга утуру кол чаптырып жатып, сахнадан араң түшүргөнбүз. Анын төкмөлүгүндө дагы, чынында, айып жок эле. Мындан тышкары кыяк тартып, мандалин, домбра, комуз чертип, пианинодо катыра ойночу.
- Аттиң, арман… Өз убагында колдо бар алтындын баркы жок болуп
калбадыбы, – деп агынан жарылды Кыргыз Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу Өкүлүнүн биринчи орун басары Бакыт Алайчиев. – Залкардын мээнети көзү тирүүсүндө деле бааланган жок! Биз азыр гана кайталангыс талант Рысбай Абдыкадыровго Кыргыз Эл артисти, Кыргыз Эл Баатыры ардак наамдарын ыйгаруу боюнча Президенттин, Өкмөттүн алдына маселени кабыргасынан коюп жатабыз.
- Быйыл, куда кааласа, Рысбай Абдыкадыровдун 80 жылдыгынын
урматына залкардын он-лайн концертин уюштурабыз, – деп сүйүнчүлөдү Маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков. – Буга улай “Рысбай Абдыкадыров сүрөтчүлөрдүн көзү менен” сынагын жарыялайбыз. Ошондой эле Рысбайдын поэзия дүйнөсүндөгү образына дагы күбө болобуз. Эң акырында Рысбайга окшотуп, аны кынтыксыз туурап ырдагандар арасында сонун жарыш-сынак уюштурабыз.
Ошентип, көөнөргүс таланттардын ээси Рысбай Абдыкадыровдун 80 жылдык мааракесин тээ май айында киндик каны таамп, өзү өсүп-чоңойгон кичи Мекенинде – Кара-Кулжа районуна караштуу айтылуу Ажике жайлоосунда кенен-чонон белгилөө катуу мерчемделип жаткан чагы. Ага дейре Кыргызстандын бардык булуң-бурчунда залкар таланттын түрдүү обондору байма-бай жаңырып турмакчы…
Алишер ТОКСОНБАЕВ “АЙМАК”
Автор aymak
-
-
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫН ТОСУУДАГЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР!
-
30.04.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫНДАГЫ №12 БАЛДАР БАКЧАСЫНЫН КУРУЛУШУНА СТАРТ БЕРИЛДИ
-
-
30.04.2026 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНДАГЫ ЖОЛ КЫРСЫКТАРЫН АЗАЙТУУ АРАКЕТТЕРИ ТАЛКУУЛАНДЫ
-
26.05.2025 / Автор anarkan_kg БАЗАР-КОРГОН ШААРЫНДА 11-КЛАССТЫ 382 ОКУУЧУ АЯКТАДЫ
-
27.06.2025 / Автор anarkan_kg АЛАЙЛЫК ТОКОЙЧУЛАР 173 МИҢ 429 ГЕКТАР АЯНТТЫ КҮНҮ-ТҮНҮ КАЙТАРЫШАТ
-
23.07.2025 / Автор anarkan_kg ИЙГИЛИК ЖАРАТКАН ОКУУЧУЛАР СЫЙЛАНДЫ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.