Аймак

КЫРГЫЗСТАНДЫН ТООЛУУ РАЙОНДОРУНДА КАР КӨЧКҮ ТҮШҮШҮ МҮМКҮН

КЫРГЫЗСТАНДЫН ТООЛУУ РАЙОНДОРУНДА КАР КӨЧКҮ ТҮШҮШҮ МҮМКҮН

 681 Бардыгы /

АЛА-БУКА. 15-январдан 16-январга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүшү мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.

Маалыматка караганда, Ала-Бука–Жаңы-Базар–Кировка унаа жолунун 68-100 чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), 200-226 чакырымдарында (Кара-Кысмак капчыгайы), Красная Горка–Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымдарында жана Мырза-Аке–Кара-Кулжа–Алайкуу унаа жолунун 55-107-чакырымдарында кар көчкү түшүшү ыктымал. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосунда 500 метр аралык чектелиши зарыл.

“АЙМАК”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17