Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
1,276 Бардыгы / Парламенттеги башкаруу коалициясы азырынча өкмөт башчылыкка талапкер сунуш кыла элек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалициянын лидери Иса Өмүркулов «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында коалиция өкмөт башчылыкка талапкерди президенттин инаугурациясынан кийин сунуш кылат. «Президент шайланды. Эми инаугурациядан соң премьер-министрликке талапкерлер расмий көрсөтүлүшү керек. Парламенттик көпчүлүк өкмөт башчынын талапкерлигин азыркы Конституцияга ылайык көрсөтөт. Бизге учурдагы […]
1,277 Бардыгы / Парламенттеги башкаруу коалициясы азырынча өкмөт башчылыкка талапкер сунуш кыла элек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалициянын лидери Иса Өмүркулов «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында коалиция өкмөт башчылыкка талапкерди президенттин инаугурациясынан кийин сунуш кылат. «Президент шайланды. Эми инаугурациядан соң премьер-министрликке талапкерлер расмий көрсөтүлүшү керек. Парламенттик көпчүлүк өкмөт башчынын талапкерлигин азыркы Конституцияга ылайык көрсөтөт. Бизге учурдагы […]
БАШКАРУУЧУ КОАЛИЦИЯ ӨКМӨТ БАШЧЫЛЫККА ТАЛАПКЕРДИ ПРЕЗИДЕНТТИН ИНАУГУРАЦИЯСЫНАН КИЙИН СУНУШ КЫЛАТ
15.01.2021 / Автор aymak

1,278 Бардыгы /
Парламенттеги башкаруу коалициясы азырынча өкмөт башчылыкка талапкер сунуш кыла элек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалициянын лидери Иса Өмүркулов «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында коалиция өкмөт башчылыкка талапкерди президенттин инаугурациясынан кийин сунуш кылат.
«Президент шайланды. Эми инаугурациядан соң премьер-министрликке талапкерлер расмий көрсөтүлүшү керек. Парламенттик көпчүлүк өкмөт башчынын талапкерлигин азыркы Конституцияга ылайык көрсөтөт. Бизге учурдагы абалыбызга жараша такшалган, тажрыйбалуу, экономиканы, чарбаны түшүнгөн адис келиши керек. Күткөнгө, үйрөнгөнгө убакыт жок», – деди Иса Өмүркулов.
Азыркы Баш мыйзамга ылайык, президент башка мамлекеттик кызматты ээлөөгө укугу жок. «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Конституция боюнча Садыр Жапаров премьер-министрлик кызматын инаугурацияга чейин тапшырып берүүгө тийиш экенин билдирүүдө. Анын айтымында, Жапаров өкмөт башчылыкты өткөрүп бергенден кийинки 15 күн ичинде башкаруучу коалиция жаңы премьер-министрди тандап, жарыялашы керек.
Учурда Кыргызстанда премьер-министрдин милдетин биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков аткарууда. Ал президенттик шайлоого катышуу үчүн кызматын убактылуу өткөрүп берген Садыр Жапаровдун ордуна иштеп жатат. Ал эми президенттик шайлоодо атаандаштарынан арбын добуш алган Садыр Жапаровдун президенттик шайлоодо жеңгени расмий жарыяланса, ал өкмөт башчылык кызматка кайтпай турганы кабарланган. Өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Бактыбек Рысалиевдин «Азаттыкка» билдиргени боюнча Жапаров инаугурацияны күтөт, президент катары ант берген соң өкмөт башчылыкты расмий тапшырат.
Садыр Жапаров 2020-жылдын октябрындагы парламенттик шайлоодон кийинки нааразылык коштогон бийлик алмашуудан соң өкмөт башчы жана президенттин милдетин аткаруучу болуп иштеген. Андан соң президенттик шайлоого талапкерлигин коюп, кызматтарды тапшырган.
Учурда президенттин милдетин Жогорку Кеңештин спикери Талант Мамытов аткарууда.
БШКнын баштапкы маалыматына караганда, 10-январда 17 талапкер катышкан президенттик шайлоодо Садыр Жапаров 79% көбүрөөк добуш алган.
Президенттик шайлоодо утуп чыккан талапкер Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) шайлоонун жыйынтыгын расмий жарыялагандан кийин бир айдан соң кызматка кирише алат.
БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова расмий жыйынтык добуштар кол менен саналып, бардык арыздар жана талаштуу маселелер сотто каралып бүткөндөн кийин, бир ай аралыгында чыгарыларын билдирген.
WWW
Автор aymak
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
21.11.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна САК БОЛУҢУЗДАР, КЫШКЫ ӨРТ КООПТУУ МЕЗГИЛ БАШТАЛДЫ
-
-
21.07.2025 / Автор anarkan_kg МУНАРБЕК СЕЙИТБЕК УУЛУ АЛГАЧКЫ БЕТТЕШИНДЕ ЖЕҢИШКЕ ЖЕТТИ
-
-
-
-
03.08.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна АРАВАНДА БОЗ ЭЧКЕМЕРДИ ӨЛТҮРГӨН ЖАРАНГА ЭМИ АЙЫП ПУЛ САЛЫНАТ
-
12.08.2024 / Автор anarkan_kg ОШТУнун ЫСЫК-КӨЛДӨ 20 ОКУТУУЧУСУ АКЫСЫЗ ЭС АЛЫП ЖАТЫШАТ
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.