Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
2,548 Бардыгы / Жакында Ош шаарында Кыргыз Эл жазуучусу Кубатбек Жусубалиевдин 80 жылдык мааракесине жана анын чыгармачылыгына арналган кайрымдуулук кечеси болуп өттү. Ага Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, КР Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Бактыбек Алайчиев жана жазуучунун калемдештери, шакирттери, жакын санаалаштары жана туугандары катышты. Келген коноктор жазуучунун өмүр баянына жана […]
2,549 Бардыгы / Жакында Ош шаарында Кыргыз Эл жазуучусу Кубатбек Жусубалиевдин 80 жылдык мааракесине жана анын чыгармачылыгына арналган кайрымдуулук кечеси болуп өттү. Ага Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, КР Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Бактыбек Алайчиев жана жазуучунун калемдештери, шакирттери, жакын санаалаштары жана туугандары катышты. Келген коноктор жазуучунун өмүр баянына жана […]
ААЛАМДЫК МАСШАБДАГЫ ОЙЧУЛ ЖАЗУУЧГА АРНАЛГАН ИШ-ЧАРА
20.01.2021 / Автор orozalieva

2,550 Бардыгы /
Жакында Ош шаарында Кыргыз Эл жазуучусу Кубатбек Жусубалиевдин 80 жылдык мааракесине жана анын чыгармачылыгына арналган кайрымдуулук кечеси болуп өттү. Ага Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, КР Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Бактыбек Алайчиев жана жазуучунун калемдештери, шакирттери, жакын санаалаштары жана туугандары катышты.
Келген коноктор жазуучунун өмүр баянына жана анын чыгармачылыгына арналган видеотасма жана Ош облустук китепканасы тарабынан китеп көргөзмө менен таанышты.
Шаардын жана облустун жетекчилери Кыргыз Эл жазуучусунун кутман курагы менен куттукташып, анын чыгармалары терең философияга каныккандыгын белгилеп, анын эли үчүн жасаган эмгеги баа жеткис байлык экендигин белгилеп өтүштү.
Жазуучунун достору жана жакындары Кубатбек Жусубалиевдин жаш кезинен тартып эле китепке өтө кызыккан өспүрүм болгондугун, студент кезинен тартып орус жана чет өлкөлүк жазуучуларын чыгармалары менен тааныша баштагандыгы, жарык көргөн китептеринин каармандары катардагы карапайым айыл адамдары экендиги тууралуу кызыктуу маалыматтарды кошумчалашты.
Жазуучунун замандаштары Кубатбек Жусубалиевдин жубайы, белгилүү актриса жана кинорежиссер, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишкер маркум Клара Юсупжанованы эскеришип, чыгармачылык үй бүлөдөн таалим-тарбия алган Франциядан билим алган белгилүү публицист, профессор Жамбү Жусубалиеванын дарегине да жылуу сөздөрүн айтышты.
Кубатбек Жусубалиев азыркы учурда жалпы адамзат, анын болочок тагдырын, анын келечегин аныктоодогу адам баласынын руханий дүйнөсү тууралуу ааламдык масшабда ой жүгүрткөн ойчул экендигин, анын бул максатта кытайлык Жусуп Мамайга жана Далай Ламага жолуккандыгын белгилеп кетишти.
Салтанат катышкандар жазуучунун жарык көрө чыгармаларын бастыруу үчүн топтолуп жаткан каражатка өз салымдарын кошушту.
Бул иш-чарага катышкандарга Кыргыз Республикасынын маданиятынын эмгек сиңирген ишмери, төкмө Абдибали Акимбеков, Кыргыз опера жана балет театрынын белгилүү ырчысы Заира Раимбекова, Улуттук консерваториянын Бакыт Акибаев жетектеген квартет, белгилүү кыл кыякчы Бакыт Чытырбаев, Индиялык ырчы бийчилер өз өнөрлөрүн тартуулашты.
Кийинки күнү Кыргыз Эл жазуучусунун чыгармачылыгына арналган илимий иш–чара Ош мамлекеттик университетинде улантылып, окуу жайдын окумуштуулары, сырттан чакырылган илимпоз, адабиятчылар Кубатбек Жусубалиевдин аңгеме, повесть, романдарына ар тараптуу талдоо жүргүзүү менен, анын чыгармалары кыргыз адабиятында башкалардан айрымаланып турган, жаңы ыкма, жаңы агым менен жаралгандыгын белгилеп өтүштү. Алардын айтуусунда Кубатбек Жусубалиев – адабиятта башкалардан айрымаланып турган, өзгөчөлүккө ээ, өзүнө гана таандык чыйыры бар жазуучу.
Иш-чаранын аягында Кыргыз Эл жазуучусу Кубатбек Жусубалиев өзү жөнөкөй адам экендигин, жөнөкөй адам мындай сый-урматка чын дилинен кубана тургандыгын белгилеп, иш-чаранын уюштуруучуларына өтө ыраазы болгондугун билдирди.


Төлөнбай АБДЫРАЗАКОВ, “АЙМАК”








Автор orozalieva
-
-
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫН ТОСУУДАГЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР!
-
30.04.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫНДАГЫ №12 БАЛДАР БАКЧАСЫНЫН КУРУЛУШУНА СТАРТ БЕРИЛДИ
-
-
30.04.2026 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНДАГЫ ЖОЛ КЫРСЫКТАРЫН АЗАЙТУУ АРАКЕТТЕРИ ТАЛКУУЛАНДЫ
-
26.05.2025 / Автор anarkan_kg БАЗАР-КОРГОН ШААРЫНДА 11-КЛАССТЫ 382 ОКУУЧУ АЯКТАДЫ
-
27.06.2025 / Автор anarkan_kg АЛАЙЛЫК ТОКОЙЧУЛАР 173 МИҢ 429 ГЕКТАР АЯНТТЫ КҮНҮ-ТҮНҮ КАЙТАРЫШАТ
-
23.07.2025 / Автор anarkan_kg ИЙГИЛИК ЖАРАТКАН ОКУУЧУЛАР СЫЙЛАНДЫ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.