Аймак

КАЗАКСТАНДА АКТИВИСТ БОКАЕВГЕ АДМИНИСТРАТИВДИК КӨЗӨМӨЛ ОРНОТУУ БОЮНЧА СОТ КИЙИНКИГЕ ЖЫЛДЫСУЗАК

КАЗАКСТАНДА АКТИВИСТ БОКАЕВГЕ АДМИНИСТРАТИВДИК КӨЗӨМӨЛ ОРНОТУУ БОЮНЧА СОТ КИЙИНКИГЕ ЖЫЛДЫСУЗАК

 705 Бардыгы /

Атырау шаардык соту камактагы жарандык активист Макс Бокаевге административдик көзөмөл орнотуу тууралуу Жаза аткаруу кызматынын өтүнүчүн кароону кийинкиге калтырды.

Буга судьяны алмаштыруу тууралуу активисттин адвокаты Жанар Сундеткалиеванын кайрылуусу себеп болду.

Казакстанда 2016-жылдагы жер маселесине байланышкан митингдер боюнча беш жылга соттолгон Бокаевдин жаза мөөнөтү быйыл 4-февралдааяктайт.

48 жаштагы активист 2020-жылы сентябрда Актөбөдөгү түрмөдөн Атырау шаарындагы колонияга которулган. Ал «Социалдык кастыкты козутуу», «Жалган маалымат таратуу» жана «Митингдер тууралуу мыйзамды бузуу» беренелери боюнча күнөөлүү деп табылган.

Эл аралык укук коргоо уюмдары менен Казакстандагы активисттер Макс Бокаев эркиндикке чыгышы керектигин айтып келишкен. Аны укук коргоочулар саясий туткундардын тизмесине киргизишкен.

WWW

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17