Аймак

АКСЫ МИЛИЦИЯСЫНЫН АЛГЫЛЫКТУУ ЖУМУШТАРЫ

АКСЫ МИЛИЦИЯСЫНЫН АЛГЫЛЫКТУУ ЖУМУШТАРЫ

 765 Бардыгы /

Аксы райондук ички иштер бөлүмү тарабынан бирдиктүү алдын алуу күнү өткөрүлдү. Ак-Суу айыл аймагында жүргүзүлгөн иш-чарага 22 милиция кызматкери, жергиликтүү бийлик, социалдык коргоо бөлүмүнүн жана салык кызматынын өкүлдөрү катышышты. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматта айтылгандар профилактикалык жумуш учурунда РИИБдин алдын алуу каттоосунда турган 4 атуулжана паспорт эрежеси боюнча 315 кожолук текшерилди. Соода-сатык жүргүзүүчү 11 дүкөндүн ээлерине видео көзөмөл коюу керектиги тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Алдын алуу иш-чарасынын алкагында КРнын Бузуулар жөнүндө кодексинин негизинде 13 протокол толтурулуп, айыптар салынды.Ошондой эле 4 дүкөндүн ээлери уруксат кагазы жок спирт ичимдигин сатып жатышкандыктан салык кызматы тарабынан акт түзүлүп, спирттик ичимдиктери алынды.

Ошондой эле Ак-Суу айыл аймагында жайгашкан 2 орто мектептин окуучуларына лекциялар окулуп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.Мындан сырткары район аймагындагы улуттар аралык ынтымакты бекемдөө багытында Кербен шаарынын Ж.Мавлянов атындагы лицей мектебинде 8-11-класстардын окуучулары менен тегерек стол өткөрүлдү. Булиш-чарага Аксы районунун акиминин орун басары Д.Абдыллаева, райондун имам-хатиби М.Абдыкалыков, РИИБдин Экстремизмге, мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы жана жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери катышышты. Ошондой эле Аксы РИИБде үзүрлүү эмгектенген милициянын майору Султанбек Назарбеков ардактуу эс алууга узатылып, өздүк курам атынан белектер тапшырылды.

Байканбек САДЫКОВ “АЙМАК”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17