Аймак

БҮГҮН ТООЛУУ РАЙОНДОРДО КАР КӨЧКҮ ТҮШҮШҮ МҮМКҮН

БҮГҮН ТООЛУУ РАЙОНДОРДО КАР КӨЧКҮ ТҮШҮШҮ МҮМКҮН

 738 Бардыгы /

 Бүгүн, 25-январда күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүшү мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.

Маалыматка караганда, Бишкек–Ош автоунаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу), 198-265-чакырымдарында (Ала-Бел ашуу, Чычкан капчыгайы), Мырза-Аке–Кара-Кулжа–Алайкуу унаа жолунун 55-107-чакырымдарында Ала-Бука–Жаңы-Базар–Кировка унаа жолунун 68-100-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), 200-226-чакырымдарында (Кара-Кысмак капчыгайы), Красная Горка–Ак-Таш жолунун 1-4-чакырымдарында жана Каракол–Эңилчек жолунун (Чоң-Ашуу ашуусу) 64-90-чакырымдарында кар көчкү түшүүcү ыктымал. Жолдор тайгак болуп муз тоңот.

“АЙМАК”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17