Аймак

АВИАБИЛЕТТЕРДИН БААСЫ АСМАН ЧАПЧЫЙТ…

АВИАБИЛЕТТЕРДИН БААСЫ АСМАН ЧАПЧЫЙТ…

 1,470 Бардыгы /

Акыркы мезгилде Кыргызстандан Россияга айрыкча Москва шаарына каттаган учактардын авиабилеттери кымбат болуп, кыргыз мигранттары үчүн чоң түйшүк жаратууда. Учурда 1 билеттин баасы 37 000 сомдон 70 000 сомго чейин бааланууда. Буга чейин улуттук статистика комитети тараткан расмий маалымат боюнча пандемия башталгандан бери 60 миңдей кыргызстандык жарандар кайтып келишкен.

Перизат ИСМАИЛОВА, Жалал-Абад шаарынын тургуну, Баатыр эне:

“МЕН БАРА АЛБАЙ, БАЛДАРЫМ  КЕЛЕ АЛЫШПАЙ ЖАТЫШАТ”

-Кызым 3 жылдан бери Москвада 4 баласы менен айына 30 000 сомдон үйүнүн ижара акысын төлөп келе албай жүрөт. Билеттердин баасы жогору болгондуктан мен да аларга бара албай жатам. Мурун 50% арзандатуулар болгон баатыр энелерге, азыр болсо андан дайын жок. Тиштем нан таба албай жаткан балдардын кетүүсүнө да бут тосуулар болууда. Жалпы люстрация кылып чекеден иштен алып, аэропортторду бүт тазалаш керек. Мурун билеттер бир гана аэропорттордун өзүндө гана сатылчу, азыр чоңдордун баары ар жерге ачып алышкан. Бааларды каалагандай калчашып, мигрант болуп кеткен жана келгендердин жон терисин сыйрып жатышат. Коррупционерлерди жок кылууга эл жардам бербесе, жеп көнүп калган чөөлөр оңой менен кетиппейт. Биздин өлкөнү ар кандай жолдор менен ошол чоңдор талап бүтүштү, ошонун айынан Кыргызстан жоголуп бара жаткан өлкөлөр катарына кирүүдө…

Назгүл ТӨРӨЕВА, Сузак районунун тургуну:

“БИЛЕТ АЛУУ ҮЧҮН МАЛ САТЫШЫҢ ЖЕ КРЕДИТ АЛЫШЫҢ КЕРЕК”

-Кыргызстанда айлык аз, иш жок. Мен да эл катары Орусия жергесине мигрант болуп барганы жатам. Авиа кассаларга барсам билет баасы 36 000 сомдон 50 000 сомго чейин деп айтышты, бирок ал эле эмес кошумча документтерге да 6 000 сом, COVID-19га каршы анализге 1700 сомдон 2000 сомго чейин болуп жалпы 50 000 сомдой каражат менен гана Москва шаарына учуп бара алат экем. Ал акча жок болгон үчүн мал сатып же кредит алып кетүүгө аргасыз болосун. Мындан да элди кыйнап ортодо акча тапкандар бар экенин уктум. Пандемияга чейин билет баасы 12 000 сом тегерегинде болгон эле. Андан бери элдин шарты оорлошсо оорлошту, бирок жеңилдеген жок. Аталган акча каражат азыр өзүмдө жок болгондуктан билет арзандоосун күтүүгө аргасызмын, ошондо да Москвадан электрондук түрдө билет алдыруум бир кыйла арзан түшкөн үчүн азыр ал тарабын караштырып жатам.  

Нурайым МАЖИТ кызы, Москва шаарында мигрант:

“АЭРОПОРТТОГУЛАР МЕНЕН ЛАБОРАТОРИЯДАГЫЛАР ОРТОСУНДА МАНДЕМ БАР

-Мен Москвага эмгектенүүгө келдим. Авиабилетти 30 000 сомго алгам, ал мезгилде бир аз салыштырмалуу арзан эле. Мен да Жалал-Абад шаарындагы Бонецкий лабораториясына анализге деп 2390 сом төктүм. Себеби башка лабораториялардын тестин аэропорттогулар кабыл алышпайт экен. Балким аэропорттогулар менен лабораториядагылар ортодо сүйлөшүп алышып, башка лабораториялардын тестинин жообун жараксыз деп табышуудадыр. Бул жерге келген соң ПЦР тест менен паспортту гана текшерет. Эгерде башка улут өкүлдөрү бул жакка келген соң 3 күн ичинде ПЦР тестин тапшырышат. Эмне үчүн бара жаткандыгы деген (основание) документ Кыргызстан үчүн гана керектей, бул жакка келгенде эч ким текшербейт. Ал документти ортомчулар 5000 сомдон 10 000 сомго чейин жасап беришет экен.  Бул жерде карапайым элдер гана жабыр тартып келүүдө. Өлкө канчалык чек койсо да, эл жан багыш үчүн бул жакка келүүнүн бир айласын табышат. Ошол жолду билгендер ортодо чоң акча иштеп да алышары анык. Биздин болсо аң-сезим ушунчалык төмөн, адамгерчилик жок экенине ынандым. Башка улуттар бири-бирине күйүп жардам берсе, шылуундар элдин акчасын ортодо жеп жатышат.

Айзада ЖУМАШОВА, Авиабилет сатуучу:

“РОССИЯ ӨЛКӨСҮ АНДАЙ ДОКУМЕНТТЕРДИ СУРАГАН ЖОК”

-Биз авиа кассалар билет сатып баштаганыбызга эки айдын жүзү болду. Ага чейин билеттер аэропортто гана сатылчу. Учурда Кыргыз Республикасынын жарандары мурункудай Россия өлкөсүнө жөн эле киргени уруксат жок. Ошондуктан ал жакка эмне максатта бара жаткандыгы жөнүндө чакыруу кагаз келиши керек, ошол кагаз аркылуу кетип жатышат. Бизге келген маалыматтар боюнча андай документти бир гана Кыргызстан өкмөтү сурап жатат, ал эми Россия өлкөсү андай документтерди сураган жок. Январь айынын башында билет баасы 23 000 сомдон болуп жаткан, учурда 67 000 сомго чейин жогорулады.Россияга жарандыгы барлар же ата-энеси ошол жакта болсо ошол жөнүндө документ жасатып барышат. Ал эми дарыланууга бара жаткандар болсо көпчүлүгү Москванын клиникалык борборлорунан чакыруу кагаздары аркылуу кетип жатышат. Андай документти азыркы учурда Ош же Бишкекте жасатууга болот, жасап жаткан адамдар Москвадагы клиникалардын өкүлү болушу мүмкүн, бирок анык маалымат жок,  билгенибиз ал Кыргызстанда эмес Россия өлкөсүндө жасалат.

Рома УРАИМОВ, Жалал-Абад шаардык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери:

“ТЕСКТКЕ АНАЛИЗ ОШ, БИШКЕК ШААРЛАРЫНДА ГАНА БАР”

-Чет өлкөгө чыккан ар бир инсан COVID-19га каршы тест тапшырат, оорулуу же оорулуу эместигин тастыкташ үчүн албетте коронавирустун жайылуусуна каршы күрөшүү үчүн кылынган нерсе. Бул тесттерди азыркы учурда биздин шаарда 3 гана лаборатория жасап жатышат, алардын баары жеке менчик лаборатория болуп саналат. Мамлекеттик болсо Бишкектеги улуттук лабораторияда, Ош шаарындагы мамлекеттик лабораториясында да коронавируска каршы тестин жыйынтыктары дүйнөлүк талапка жооп берет. Оору жоголуп кетпегендигине байланыштуу мындай тесттер алынууда.

Кыргызстандан бул тести алынсын деп талап коюлган, тактап айтканда буйрук өкмөт тарабынан чыккан. Ошондой эле башка өлкөлөрдүн жарандары бизге келээрде текшерилип кирсин дегендигинен улам анализдер алынууда. Эгерде кандайдыр бир жарандар ПЦР тест тапшырбаса же тапшырылган мөөнөтү 3 күндөн өтүп кетсе, учакка чыкпай учпай калат. Тест Бонецкий лабораториясында 2400 сом болсо, Гемотестте 1700 сом, мамлекеттик лабораторияда 1534 сом, бул чет өлкөгө чыгуучу жарандар үчүн гана. Мамлекеттик лаборатория Ош, Бишкек шаарларында гана бар, башка жакта кезиктирүүгө мүмкүн эмес.

Социалдык тармактарда айрым активисттер авиабилеттердин баалары кымбаттап жатышына “Манас” эл аралык аба майданынын жетекчилигин да айыптап жатышат. Аларга айтылган сындарга анын басма сөз кызматы жооп кайтарды.

“Аталган мекеме авиабилеттердин баасын чечпей тургандыгын, аны жеке ишканалар колго алганын билдирген. “Манас” эл аралык аэропорту билеттерди жүгүртпөйт, анын үстүнө учурда сөз болуп жаткан авиакомпаниялардын баары жеке менчик, алардын аэропортко эч кандай тиешеси жок. Кыргызстандыктар олуттуу себеби жок Россияга жумасына бир гана жолу уча алышат. Аны “Аэрофлот” жана “Авиа Траффик Компани” компаниялары ишке ашырышат. Калганы россиялык жарандар үчүн гана ишке ашырылып, кыргыз жарандары олуттуу себеби болсо гана  уча алышат. Алар: жолдошу, ата-энеси, балдары Россия жараны болгондор же россиялык медицина мекемелеринин чакыруу баракчасы бар, дарыланууга муктаж адамдар”,- деп айтылган маалыматта.

Эске сала кетсек, учурда интернеттен онлайн Москва шаарына билет саткан сайттар 14 000 сомдон 22 000 сомго чейин билеттер сатылып жаткандыгы аныкталган. Ал сайттар төмөнкүлөр aviasales.kg, avia.tutu.ru, ozon.travel, ал эми Урал билеттерине кирсек чындыгында баалар 32 000 сомдон 70 000 сомго чейин сатылып жаткандыгына күбө болдук.

Байканбек САДЫКОВ, “Аймак”   

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17