Аймак

МОСКВАДАГЫ ЖОЛУГУШУУ

МОСКВАДАГЫ ЖОЛУГУШУУ

 1,221 Бардыгы /

Тагдырдын буйругу экен, бир мамлекеттик мекемеде жетекчи болуп турганымда 2007-жылы оппозициядагы “Асаба” саясый партиясынан КРнын  ЖКнын  депутаттыгына талапкер болуп катталгандан кийин куру дооматка кабылып, кунсуз доого жыгылып, көрө албастардын каарына калып, адилетсиз бийликтин куугунтугуна кабылып, иштөө мөөнөтү алда качан бүткөн, тетиктери талкаланып иштен чыккан, акт түзүлүп чыгышталган 45 миң рублдик аппараттын (кыргыз сомунун курсуна айландырганда 900 сом) айынан тергөө жүрүп баардык документтерди көрсөтсөм прокурор “жер которуп кетип турчу, бул бийликтин келечеги жок, кийинчерээк келесиң” деген кеңешин берди. Шайлоо мыйзамы боюнча кызмат ордума  тикеленүүм керек эле. Бийликтин токмогу аны да жасатпады. Айласыз прокурордун тили менен бир боор эне Россия деп кирип кеттим. Кесибиме байланыштуу Москва шаарында “Кыргыз-Инфо” коомдук-саясий гезитин ачып, кыргыздын мыкты уул-кыздары менен иштешип калгам. 2008-жылдын 23-декабрында Бишкек шаарындагы бир тууган агам Артыкбай телефон чалып, “Төлөгөн агаң Москва шаарында Чыңгыз Айтматовдун 80 жылдыгына карата өткөрүлүүчү эл аралык масштабдагы илимий- практикалык конференцияга катышканы баратат, эртең тосуп ал”- деп калды. Кыргыз мамлекетинин атынан өкүл болуп келе жатса, протоколдук режим менен жүрөрү анык. Самолёттун Шереметьево аэропортуна канчада келерин, кыргыз элчилигинин кеңсесинде канчада болорун тактап алып, күтүп жаттым. Суук, түкүргөн түкүрүгүң тоңуп түшкөн учур. Келер убактысынан бир саат өтүп кетти, тынчсызданып күтүп жаткам. Элчиликтин имаратынын астына катардагы такси келип токтоп, ичинен папакчан Төкөм, аялы Элмира, тутунган кызы, алты жашар уулу Асылбек түшүп калды. Учурашканда эле жеңебиз каарып кирди:

-Кыргыз Эл баатыры, Кыргыз Эл жазуучусу келсе, тосуп албаган силер кимсиңер,- деп калды. Мен:

-Ой жеңе, сиздерди тосуп алчулар  кыргыз элчилиги, мен туугандык милдетимди аткарып тосуп турам,- десем, элчини чакыр дейт. Түнкү саат 20.00дөн өтүп калган, кайдагы элчи. Дасторкондуу экен, чемодандан көп нерсе жок. Тегеренип жүргөн кыргыз балдарга жардамдашып койгула, жазуучу Төлөгөн абаңарга десем учурашканына курсант болушуп атайын даярдалган бөлмөгө ташып киришти. Дасторкон жайылып, элчиликтин имаратындагы ресторандын кызматкерлери тейлешип чуркап жүрүшөт. Мөмө-жемиштен баштап, улуттук спирттик ичимдиктер, казы -карта, чучук, ана сага баталга. Элчиликтеги жооптуу Анара дегенге телефон чалып:

-Төлөгөн Касымбеков келип калды, консулдук атайын машина барбай, такси менен келиптир, – десем эле Ооганбек “өлдүм” машина жиберишти унутуптурмун мен азыр деп, телефонун өчүрдү. Лифт менен түшүп келди, элчиликтин жооптуу адамы деп тааныштырып койсом эле жеңекебиз каптап кетти. Кыргыз Эл баатырын, Эл жазуучусун тосуп албаган силер кимсиңер? Азыр мен президенттик администрацияга телефон чаламын, элчиңер Райымкул Аттокуровдун да, сенин да тагдырыңды азыр чечемин деп, уюлдук телефонун алганда Анара эжекелеп жалдырай баштады. Баарын байкап олтурган Төкөм:

 -Ай Зирегим, (Төкөм, Элмира жеңени ушинтип айтат экен, жарыктык) сүйлөгөнү сага окшошот- ко, сиңдиң болуп жүрбөсүн,- деп катуулап бараткан зарделүү зайыбын тыя сүйлөдү кыраакы инсан. Албууттанып жаткан Зиреги, каяктансың дегенде Анара:

 -Жумгалданмын,- дейт. Төкөм күлүп:

-А-аа Зирегим, өзүңөн тап деген ушул болот, сиңдиңдин тагдырын эми чечели, кана Ооганбек, коньяктан куй буларга да деп калды! (жеңебиз, жумгалдык саяк кызы экен).

Төкөмдүн Зиреги жумшара түшүп:

-Кимдин кызысың,- дегенде атасынын атын айтса,- уу тири карак абамдын кызы турбайсыңбы?- деп табышып калды. Төкөм жылмайып, кызы менен баласы кудуңдап жылуу жүз болуп калышты. Дасторкон беттей кеңеше олтуруп 24-25-декабрдагы программаны (ишемби, жекшемби) дем алыш күндөрүн кандай өткөрүү керектигин талкууладык.

Төкөм, “бу Москваңарда машина көп, жолуңар тыгын экен. Жердин түбүндөгү поезд менен жүргөн эмесмин, ошол менен эле барайынчы Кремлге”- деп калды. Ошентип макулдашып олтурганда Ак-Жолдон ким бар деди. Мен Ак-жолдогу токойчу Баймаштын баласы Максат бар десем, чакыр деди. Телефон чалсам элчиликтин айланасында экен, келип калды. Түнкү саат 24кө чейин чер жазыша олтуруп таркадык. Мага бир жеңдей чучук, бир шише кыргыз арагын, кыргыз коньягын үйүңө алып бар деп берди. Эртеси уулум Нурлан экөөбүз видео камера, профессионалдуу фото аппарат жана квартирадагылар менен келдик. Даяр турушкан экен, Добринский метросун карай бастык. Россиянын суугу карып калган адамды эмес, жигитти калчылдатып турган мезгил. Төкөм бүрүштөп эңкейип басып баратса, кычыраган жаш жеңебиз:

 -Кана Асылымдын атасы, какайып басчы,-  десе Төкөм:

– Мына Зирегим,-  деп тикелене калып какайып басып калат. Метрого жетпей жер түбүнөн өтчү жолго кирсек, орустун бир бабайы кычыраган чилдеде пиво ичип, саркындысы сакалына тоңуп, буудайдын чайлаган башындай шагырап туруптур.   Мен, тамашалай көңүлүн көтөрмөккө:

– Ыя Төкө, тиги орустун бабайын караңчы, чилдеде чиренип бой бербей муздак пивону шимирип турат!- десем Төкөм:

 -Булардын атасынан калган оокат да,- дегенде мен да тең ата сынып:

 -Төкө, тиги имерилиште ата мурасыбыз бозо сатылат бир кесе көрөспү,- десем какайып:

 – Ыы Москвада бозо сатабы?

 -Сатат,- десем. Төкөм:

 -Булардын бозосу Айша апамдыкындай эмес да,- деп апамды эскерип, мени мат кылып койду. Метрого кирдик, биринчи жолу түштүм жылуу, абдан ыңгайлуу турбайбы деди Төкөм. Метро Лубянкадан чыгып, Кызыл аянтка чыктык. Аянтта жүргөн кыргыздар Төкөмдү оор топ болушуп ээрчип алышты. Баатыр шаарлардын түбөлүк отторуна таазим кылып айланып Лениндин мавзолейине барсак, жабык экен. Күн батыш тарабындагы асман мелжиген имаратты Төкөм баласына көрсөтүп:

 -Тээ, 1960-жылдары генерал Скоблевдин тарыхын ушул жерден тапкам да,- деп сүйлөшүп бизге баяндап калды. Орусия мамлекеттин башкарган жетекчилерине окшош (прототиптери) адамдар доор агымына жараша кийимдерин кийинишип нары- бери басып турушат. Туристтер, жай адамдар менен сүрөткө түшүп жатышыптыр. Арасында Ленин, Сталиндер жүрүшөт. Мен ушулар менен эстеликке сүрөткө түшүп коёлу десем, Сталин менен түшөбүз дейт. Мен:

– Ой Төкө, Октябрь революциянын ана башы Ленин жүрбөйбү, Сталин анын соратниги-го десем колун артына алып, кайып туруп:

 -Ооганбек, сен билесиңби? Совет өкмөтү куралгандан кийин башка  улуттардын өкүлдөрү орус элин улуу орус эли деп кайрылышкан. Башка улуттарга басмырлоо болуп турганын байкаган кайран Сталин генеральный секретарь турганда,1922-жылы Сталин ВКП (Б) сьездинде улуттар маселесин карап, орус элине башка улуттарды теңдештирген чечим кабыл алып, улуттук басмырлоону жоюп таштаган. Ошол тарыхый эмгеги үчүн мен Сталинди терең урматтайм, Сталин менен түшөлү  деди. Мен басып барып, урматтуу Иосиф Вассарионович, сиз менен Кыргыз Эл баатыры, Кыргыз Эл жазуучусу Төлөгөн Касымбеков сүрөткө түшөйүн деп жатат деп, Төкөмдү көрсөтө бердим. Сталин оозундагы мүштөгүн алып:

 -Ушул чыкканактай инсан, акылдын уюткусу, алысты көрө билген көсөм, мен сиздин ”Сынган кылыч” тарыхый романыңызды окуп чыккам, гениалный чыгарма. Сиз менен таанышканыма терең курсантмын!- деп колун сунуп, кучагына кысты.  Оролошкон оор топ, кыргыздарды кошуп сүрөткө тарта баштадым. Бир маалда Ленинге окшош кейипкер нары- бери шыпылдап өтө баштады. Ал дагы акча иштеп калгысы келип жатат да. Себеби ар бир аппаратка тартуу, 100 рубль турат. Кейипкерлерге акчасын берүү керек. Алар да атайын патент менен иштеп салык төлөшөт.  Кейипкер Сталин, кейипкер Ильичти чакырып алып: “Таанышып кой, бул инсан Кыргыз элинин залкар жазуучусу Төлөгөн Касымбеков деп тааныштырып: -“Сынган кылыч” (Сломенный меч) тарыхый романдын автору, сен ошол романды окугансынбы?-деди. Коба, мен ал романды окуган эмесмин дегенде:

 -Акмак орус, сен арактын аталыштарын окуйсуң, аракты гана тааныйсың!-деп менин жаныма тур, бирок акча албайсың дегенде, мейли деп шапкесин алып, Төкөмө таазим кылып коюп туруп калды. Жекече да түшө башташты, кырк шалчок болуптур. Мен Сталинге көрсөтүп 4 (төрт) миң рубль берейин десем:

-Жигит,  мага жана Ильичке Төлөгөн Касымбеков менен түшкөн жекече сүрөттөн бирден чыгартып бер, жеке архивимде сакталат деп акчаны албай койду. Мына улуу залкар жазуучуга улуу өлкөнүн жаранынын жасаган мамилеси. Илимий практикалык конференцияга чейин Москва шаарында окушкан кыргыз студенттери, аспиранттар, докторанттар, диаспоранын өкүлдөрү, мигранттар менен күндө жолугушуу болуп, колун кармап, сөзун угуп калалы дегендердин аягы суюлбады.

2008-жылдын 28-декабрында “Мир” оттелинде конференция өттү. Кыргыз Эл баатыры, учкуч Салижан Шарипов, коомдук-саясий ишмер, окумуштуу, кыргыздын алгачкы элчиси, РФ Президентти В.В. Путиндин улуттар маселеси боюнча коомдук кеңешчиси Кеңеш Кулматов, мамлекеттик ишмер Апас Жумагулов баштаган кыргыздын мыктылары, РФдан Президенттик администрациясынын башчысы Нарышкин баштаган илимий, адабий интеллигенциянын өкүлдөрү катышып, абдан чоң салтанат менен Чынгыз Айтматовдун 80 жылдык мааракеси белгиленген. Ал күндүн көз ирмемдери катышкандардын жүрөгүндө түбөлүккө жашап калды- го деген ойдомун. Кыргызстанага кайтарында РФдагы элчи Райымкул Аттокуров улуу жазуучуга сый көрсөтүп, консулдук машинага олтургузуп узатты. Мен видеону, сүрөттөрдү дискага көчүртүп метро менен Шереметьево аэропортуна бардым. Түнкү 1-30да самолёт учат экен. Метро түнкү 1де токтойт. Үч сааттай жанында олтурдум, аябай баарлаштык, мени башка дүйнөгө киргизе сүйлөдү. Убакыттын кандай өткөнүн билбей калдым. Саат 24төн  өткөндө: “Төкө, мен кайтайын, метро токтоп калса үйгө жетүү кыйын десем”, – ордунан туруп оор үшкүрүнүп алып, “мейли бар” деп көзүнүн чарасына жаш толо түшүп, мойнундагы кызыл түстөгү орогучун алып мойнума ороп:

-Ооганбек, Москва суук экен, жылуу жүр,- деп кучактады. Асылбекти көтөрүп эркелетип дисканы, Асылбекке алган ёлка болуп атылып чыкчу топту берип, кучакташа баары менен коштоштум. Залкар агам менен акыркы көрүшүүм экенин кайдан билдим. Аа, Төкөм көзүнө жаш алганына караганда сезген экен. Кыраакы инсандын мен ошол көз жашын кийин түшүнүп жүрбөйүмбү. Арман дүйнө!…  

Чынгыз Төрөкулович менен мамилеси өтө өзгөчө сый урматта болгонуна бир нече жолу күбө болуп калгам. Төкөмдү ээрчип жүрүп Чыңгыз Төрөкулович, Төкөмдөн 3 (үч) жаш улуу болсо да “Төкө”- деп кайрылып, бири-бирин урматтап турушар эле кайран залкарлар. Улуулуктун уңгусун кайталангыс чебер сүрөткерлер ички туюм, сезим менен таанышып, инсандык ыйык сапаттын үлгүсүн көрсөтүшөр эле.

Чыңгыз агабыз Бүбүсара бийчи эжекебиз менен алгачкы таанышышканда да Төкөм жанында болуптур. Төкөмдүн айтуусу боюнча Дзержинский бульварына кечки эс алууга чыгышып, Бүбүсара эжебиздин үйүнүн тушундагы олтургучка келип Чыңгыз Төрөкулович: “Төкө, ушул жерге олтуралычы”,- деп сунуш кылыптыр. Музыка ойноп, бийчи эжекебиздин бийлегени терезеден көрүнүп турат экен. Көпкө карап олтуруп кетээрде Чыкебиз, үшкүрүнүп койчу экен. Бир күнү Чыкесине жүрүң үйүнө баш багалычы деген сунуш киргизиптир. Макул болду дейт. Үйүн такылдатышса, Бүбүсара эжекебиз эшик ачып эле “келгиле, келгиле  кыргызымдын залкарлары”- деп жылуу кабыл алып, көпкө олтуруп  терең таанышып, баарлашып, чайлашып кайтышыптыр!…

Көкүрөк күчүгү Асылбегин өзгөчө жакшы көрчү. “Сары-Челек” мейманкасында Төкөмдүн экинчи этажынын 9 канаасында жумушчу кабинети бар эле. Жазуучу машинкасын коюп алып чыкылдатып жазып олтурар эпе. Жанында Асылбек ал дагы кагазга бир нерселерди чиймелеп олтуруптур!….. 

    (Төлөгөн Касымбеков менен болгон кызыктуу жолугушуу, окуялар, илимий макалалар болсо редакцияга же 0771-19-37-59 телефон номерине байланышсаңыздар болот. Редакциянын жамааты.)

  (Уландысы кийинки санда)

Ооганбек СТАНБЕКОВ, жазуучу-драматург

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17