Аймак

АРДАКТАЙ АЛБАЙ КАЛДЫКПЫ? АРМАНДА ӨТКӨН АКЫНДЫ?

 2,040 Бардыгы /

Туулган жер элесиңди эске салып,

Ойлоном алыс жерге келип алып.

Көөдөнгө толуп кеткен зор кусалык,

Кетчүдөй көкүрөктү теңге жарып!

Ушундай ыр саптарынын автору Кармышак Ташбаевди туура сүйлөп, түз жүргөн, чыгармачылыкка зор жоопкерчилик менен мамиле жасаган, көркөм өнөрдү туу   туткан улуу инсан катары замандаштары жакшы билишет. Туулган жер жөнүндө ыр жазбаган акын жок. Бирок К.Ташбаевдин ыры башкалардан оригиналдуулугу жана көркөмдүүлүгү менен айырмаланып турат. Мындай касиет бардык эле ырларында бар экени чындык.

Кармышак Ташбаевдин ырларын газета-журналдардан окуганым, радиодон угуп, теледен көргөнүм менен өзүн көрүп жүзмө-жүз сүйлөшө элек элем. Ошто “Багыт” аттуу адабий ийрим уюшулуптур деген кабар тарады. Ал мезгилде Жалал-Абад шаарындагы педокуу жайда окучумун. Адабий ийримге 1972-жылдын январь айында алгачкы жолу катыштым. Бардыгы эле чымындуулар, чыгармачылыкка багыт алгандар экен. Бири ыр жазса, экинчиси этюд, аңгеме жазышып, талкууну кызытышып, такшалып калгандары тың сүйлөп, эптеп ыр жазгандары уйкаштык кууп, кургак ойлорду камтыгандары да бар экенин баамдадым. Албетте чыгармачылыкка шык бере турган кеңештер, ойлор, пикирлер айтылгандыгы чындыгында чыйралтат тура. Андан бери арадан билинбей 49 жыл өтүптүр. “Багыттан” канат каккан калемгерлер бүгүнкү күнү республикага кеңири таанылып, алды эл акыны болушту. Ошонусуна да шүгүрчүлүк. Мында албетте устатыбыз, 83 жаш курагында жалган дүйнөдөн чын дүйнөгө кеткен акын, прозаик, очеркист, публицист Кармышак Ташбаевдин эмгеги зор. Аны шакирттеринин бири да төгүнгө чыгара албайт.

Бүркөк асман жарк дегенде чагылган,

Байкоосуздан жалыныңа кабылгам.

Бүт эркимди курчап алып махабат,

Жалгыз сенин элесиңди жамынгам.

Азыр мен да сени ойлоп жатамын,

Ошол күндөр бүткөн өңдүү канымдан.

(Медер, Винни Пааштын сүрөтун берем, орун коюп кой.)

Акындын бул ырына таланттуу обончу Рыспай Абдыкадыров 1966-жылы октябрь айында обон чыгарган. Кезегинде резонанс жараткан, Ала-Тоо аймагына чагылгандай тез тараган. Адегенде радиодо, андан соң теледе жаңырган. Обондуу ыр кыргыз жергесинде оболоп, күн сайын 5-6 жолудан уктурулуп турган. Ошентсе да угармандар, көрөрмандар жадаган да, тажаган да эмес. “Сагынууну” улуу да, орто да муундагылар, бүтүндөй замандаштар канчалык угушканы менен моокумдары канышкан эмес. АКШдан ЖАГУга 1998-жылы келген волонтёр Винни Пааш бул ырга көзү түшүп, скрипка менен ырдап жаш-карыны таң калтырганына не дейбиз?

Көрсө, жүрөктөн чыккан ыр жүрөккө жетет деген ушул тура. “Сагынуудан” сый-урмат тапкан ырчылар, аткаруучулардын алды элдик наамга арзышты. Ырды жазган Кармышак акебиз сүрүлүп четте калды. Эмнеге? Бийлик сыртын салдыбы? Акындын 60 жылдыгына карата “КРдин маданиятына эмгек сиңирген ишмер” наамы берилди. Ошондон кийин наам берүү кан буугандай токтоп калды. Наам майрамдарда, маданият кызматкерлеринин күнүнө карата ыйгарылып келбедиби. Президенттин жарлыгын карап эки көзү төрт болгон Кармышак аке сыгылып, акыркы жылдары көзү да жакшы көрбөй калды. Бирок өлөр-өлгүчө үмүт үзгөн жок. Андан дагы бир керемет ыры “Ордендүү Ошум мекеним”. Башкасын коюп ушул эки ыры үчүн эле К. Ташбаевге элдик түгүл, Токтогул сыйлыгын берип койсо болбойт беле? Атактуу акындын арманы көп. Ал жөнүндө кези келгенде кеңири айтабыз.

Көрүнүктүү акын Кармышак Ташбаев Кара-Кулжанын Шаркыратма айылында 1935-жылдын 15-январында туулган. Элеттеги орто мектепти аяктагандан кийин эмгек жолун колхоздо табелчи болуп иштөөдөн баштаган. Советтик Армиянын катарында кызмат өтөп келгенден кийин геологиялык чалгындоо партиясында бургулоочу, андан кийин Совет райондук “Коммунизм үчүн” газетасында адабий кызматкер болуп иштейт. 1965-жылы КМУнун журналистика факультетин аяктап, 1965-1969-жылдары Ош областтык “Ленин жолу” газетасында, 1969-1976-жылдары “Кыргызстан пионери” газетасында Ош областы боюнча кабарчы,1976-1999-жылдары Кыргызстан жазуучулар союзунун Ош областтык бөлүмүнүн жооптуу катчысы, областтык филармониянын адабият бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенген. 1990-жылы областтык кеңештин депутаттыгына шайланган.

Терең ой жүгүртүп көрсөң, эгемендүүлүккө жеткенибиз дурус деңизчи. Утканыбыз эмне болду? Эмнеден утулдук? Кашыктап тапкан байлыгыбызды чөмүчтөп чачып алдык. Бийлик элге, эл бийликке ишенбей калды, талап-тоногондор көбөйдү. Бул көрүнүш акындын “Эгемендүү эркиндик” аттуу ырында мындайча сүрөттөлөт:

Тилибиз да, динибиз да эркин,

Эмне былжырасак да боло берет.

Канчалык көп жалган айтсак,

Ошончолук капчыгыбыз толо берет!

Тамагыбыз айрылгыча кыйкырган,

Эркиндик эми бизге дайым керек!

Бардыгыбыз эркиндикке эми жеттик,

Кол жооруктун кетмендеп эми жеттик,

Кол жоорутуп кетмендеп эгин эктик.

Бирибиз Орусия шаарларына,

Бирибиз Казакстан ысыгына,

Пайда таап алабыз деп тентип кеттик!

Айтса, айтпаса төгүнбү, мекендештерибиз бөтөн жерде, чет элде өлбөстүн күнүн көрүп жатышканы жалганбы? Бул ар бир калемгерди бушайманга салат, тынчын алат. Эгемендүүлүк деп эңирегенибиз менен жакырчылык вирустай каптап, баалардын уламдан улам жогорулап жаткандыгына эл башкарган жакшылар маани бербей жатышпайбы! Турмуш чындыгын таасын сүрөттөгөн, бардыгыбыз ардактаган, чыгармаларынан классиканын жыты буркураган акын Кармышак Ташбаевдин арманы эмнеде болду? Ушул суроонун тегерегинде ой калчап көрсөк. Биринчиден, акыйкаттык орнобогондугу, татыксыздар ар кандай наамдарга эгедер болгондугу акынга чоң сокку болду. Дээринен бюрократтарды жек көргөн калемгер кошаматчыларга элдин турмушун оңойбуз дешип опурулгандарга жан дүйнөсү жанчылды, аферисттерге таарынды. Канткен менен ак кызматын абийирдүү өтөдү. Жогоруда сөз болгондой шакирттеринин бири жердеши, КРдин Эл акыны Маркабай Ааматов устатын урматтаганына төмөнкү ыры күбө.

Адам эле арабызда жөнөкөй,

Булбул эле безеп турган көмөкөй.

Кыраан эле болжоп учкан алысты,

Өлгөнүнө кантип сезим, көнөт ой?!

Бул жалганда адил, адал жашады,

Кыйгап өтөт кээде бакыт тазаны.

Даңк кубалап эшиктерди каккан жок,

Өзү келсе, келет деди ал аны.

Мингизгендей учкул, күлүк аттарга,

Устат болду таланты бар жаштарга.

Какемчелик дарамети бар адам,

Көөдөн кагып чыгып алмак асманга!

Мекенчилдик турду дүргүп каныңда,

Аруу тутту ниет, тилек, арын да.

О дүйнөнүн бар экени чын болсо,

Какем жүрөр чындап бейиш багында!…

Кош устатым, аруу, адил, адал зат,

Муун алмашып, өзгөрүлөт адамзат.

Кетти жаның түбөлүктүү дүйнөгө,

Ал биздин да бир убакта барар жак,

Ошпиримди, тууган жерди карап жат!…

Жогоруда Кармышак Ташбаевдин чыгармачылыгы жөнүндө учкай гана сөз козгодук. Акындын рух кенчи түгөнгүс, түбөлүктүү. Уул-кыздарынын, небере-чеберелеринин, жубайы Гүлүмкан жеңенин демилгеси жана колдоосу менен Кармышак акенин эки томдугу жарыкка чыкты. Демек чыгармаларынын өмүрү улана да, узара да берет.

Рысбай ЖУМАБЕКОВ,  Ж. Бөкөнбаев атындагы сыйлыктын лауреаты

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17