Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
763 Бардыгы / Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Чек ара кызматы өзүнүн күжүрмөн-кызматтык ишмердүүлүгүнүн 2020-жылдагы жыл жыйынтыгын кенен-чонон талкуулады. Өлкөдөгү санитардык–эпидемиологиялык кырдаалды эске алып, Мамлекеттик чек ара кызматынын аскер бөлүктөрү жана бирикмелеринин колбашчылыгы менен кеңешме бул ирет шартка байланыштуу видеоконференция форматында өткөрүлдү. Атайын отурумдун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Чек ара кызматынын былтыркы күжүрмөн-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы чыгарылып, 2021-жылга тапшырмалар дагы […]
764 Бардыгы / Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Чек ара кызматы өзүнүн күжүрмөн-кызматтык ишмердүүлүгүнүн 2020-жылдагы жыл жыйынтыгын кенен-чонон талкуулады. Өлкөдөгү санитардык–эпидемиологиялык кырдаалды эске алып, Мамлекеттик чек ара кызматынын аскер бөлүктөрү жана бирикмелеринин колбашчылыгы менен кеңешме бул ирет шартка байланыштуу видеоконференция форматында өткөрүлдү. Атайын отурумдун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Чек ара кызматынын былтыркы күжүрмөн-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы чыгарылып, 2021-жылга тапшырмалар дагы […]
ЧЕК АРАДА ЧЕП БЕКЕМ
02.02.2021 / Автор aymak

765 Бардыгы /
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Чек ара кызматы өзүнүн күжүрмөн-кызматтык ишмердүүлүгүнүн 2020-жылдагы жыл жыйынтыгын кенен-чонон талкуулады. Өлкөдөгү санитардык–эпидемиологиялык кырдаалды эске алып, Мамлекеттик чек ара кызматынын аскер бөлүктөрү жана бирикмелеринин колбашчылыгы менен кеңешме бул ирет шартка байланыштуу видеоконференция форматында өткөрүлдү.
Атайын отурумдун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Чек ара кызматынын былтыркы күжүрмөн-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы чыгарылып, 2021-жылга тапшырмалар дагы ачык коюлду. 2020-жылы мамлекеттик чек арадагы кырдаал туруктуу сакталды. Өткөн жыл аралыгында он эки чек ара чыр-чатагы катталып, мунун ичинен: Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек ара аймагында – тогуз, Кыргыз-Өзбек мамлекеттик чек ара аймагында – үч жаңжал жүз берди. Акыркы жылдары мамлекеттик чек арада чыр-чатактарынын саны туруктуу төмөндөп бараткан жышаан сакталууда.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы, полковник Уларбек Шаршеев күжүрмөн-кызматтык ишмердүүлүктүн жыйынтыгын чыгарып жатып, чек ара ведомствосунун ишмердүүлүгүндөгү оң жылыштарды дагы баса белгилеп, буга улай эле айрым жетишпестиктерди жана кемчилдиктерди дагы санактап өттү. Ведомство башчысы Мамлекеттик Чек ара кызматынын колбашчылык курамынан аткаруу тартибине көзмөлдү ого бетер күчөтүүнү жана чек арадагы аткезчиликке жана коррупциялык көрүнүштөргө каршы күрөшүүдө катуу чараларды колдонууну карамагындагылардан катуу талап кылды.
- 2021-жылы Мамлекеттик Чек араны жана анын режимин бузуу, чек ара
чыр-чатактарыын пайда болушу ыктымал делген багыттарга өзгөчө көңүл буруу, ошондой эле мамлекеттик чек арада чыр-чатактарды болтурбоо жана алардын ырбап кетпөөсүн алдын алуу максатында жергиликтүү бийлик органдары менен чогуу-чараан аракеттенүүнү күчөтүүгө катуу көңүл буруу керек! Ушуну менен катар кош аракеттенген мамлекеттик органдар менен биргеликте аткезчилик көрүнүштөргө комплекстүү каршы туруу зарыл! – деп баса белгиледи өз сөзүндө Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев.
Баса, 2020-жылы Мамлекеттик чек араны бузган 165 адам, мамлекеттик чек ара режимин бузган 41 адам, чек ара режимин одоно бузган 62 адам кармалган. Булардын үстүнөн дароо протокол толтурулуп, мыйзам чегинде чараларды көрүү максатында жергиликтүү укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.
Кыргыз Чек арачылары тарабынан жалпы суммасы 55,5 миллион сомдон ашык аткезчилик жүктөр дагы кармалды. Отчеттук мезгил аралыгында ЕАЭБдин ичинде жалпы суммасы 96,6 миллион сомду түзгөн мыйзамсыз ташылган 53 факт катталды. Муну арасынан: 2,3 миллион сомдон ашууну күйүүчү-майлоочу каражаттар жана жалпы суммасы 94,3 миллион сомдон ашууну уруксат кагаздары жок жүктөр колго түшүрүлдү. Былтыр ошондой эле коңшу өлкөнүн аймагына малдын өтүп кеткен 33 фактысы катталып, баары тең өз ара сүйлөшүүлөрдүн негизинде ээлерине толук кайтарылды.
Мындан тышкары 2020-жылы мамлекеттик чек ара арадан 7 780 000ден ашуун адам, 860 000ден ашуун транспорт каражаты өткөрүлгөн. Чек арачылар тарабынан 1589 жарандын документтери туура эмес экендиги аныкталып, баары тең мыйзам чегинде катаар чаралар көрүлдү.
Кыргыз Республикасы Кытай менен жана мурунку СССРдин үч республикасы — Казакстан, Өзбекстан, жана Тажикстан менен тыгыз чектешет. Андыктан, өлкөнүн тышкы чегинин жалпы узундугу 4 503 чакырымды түзөт. Казакстан менен мамлекеттик чек аранын жалпы узундугу 1 242 чакырым. Бул өлкө делимитациялоожараны 2001-жылы эле аяктаган. Андагы сүйлөшүүлөр эки республиканын чектерин аныктаган Бүткүл Союздук аткаруу комитетинин 1930-жылдагы токтомуна жана Кыргыз ССРинин 1961-жылдагы Жарлыгына негизделген. А Кытай менен чек аранын жалпы узундугу 1071,8 чакырымды түзөт. Делимитациялоо жараяны 2000-жылы толук аяктаган. Хан-Теңир жана Жеңиш чокуларынын аймагындагы, ошондой эле Бедел (Үзөңгү-Кууш суусунун суу топтолуучу жери) ашуусунун батыш тарабындагы талаштуу жерлерди чечүү баарынан кыйын болгон. Ал эми Кыргыз-Өзбек чек арасы 1 378 чакырымга созулуп, алардын 1 058 чакырымы гана такталган.Ушул тапта дагы 58 жер үлүшү аркылуу өтө турган 324 чакырым макулдашыла элек.
МААЛЫМАТ ИРЕТИНДЕ
Кыргыз Чек арасынын жалпы узундугу — 4675,17 чакырым. Мурунтан айтылып, география окуу китептеринде мамлекеттин жалпы аянты 198,500 чакырым квадрат деп гана окутулуп келатат. Бирок, Өзбекстандын жазган маалыматы боюнча Кыргызстан менен чектешкен аймагын 1099 чакыпрым деп эсептелет. Ал эми Тажикстандын көптөгөн маалымат каражаттарында Кыргызстан менен чектешкен чек аранын узундугун 870 жана 980 чакырым дешсе, Тажикстандын тышкы иштер министирлигин расмий сайтында 987 чакырым деп жазылып турат. Эмнеге мындай ар түрдүү жана чаташ сандар чыгып жаткандыгы тууралуу алигүнчө так маалымат жок. Балким Өзбекстан Кыргызстандын ичиндеги анклавдарды кошо эсептеген эмес, Тажикстан дагы ушул абалда болушу толук ыктымал.
Алишер ТОКСОНБАЕВ “АЙМАК”
Автор aymak
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
-
22.06.2024 / Автор anarkan_kg ЖРТ 2024: ЭҢ ЖОГОРКУ 234 УПАЙДЫ ҮЧ ОКУУЧУ АЛДЫ
-
30.05.2025 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНА 110/35/6 КВ “ДАЧА ” КӨМӨК ЧОРДОНУ КУРУЛАТ
-
-
-
12.06.2024 / Автор anarkan_kg МИСТЕ ТОКОЙЛУУ ЖЕРГЕ КУРУЛУШ КУРГАН АДАМ АЙЫПТАЛДЫ
-
-
01.07.2024 / Автор anarkan_kg ОШ ОБЛУСУНУН МЫКТЫ ОКУУЧУЛАРЫ ЖАЙКЫ ЛАГЕРЛЕРДЕ ЫСЫК-КӨЛДӨ ЭС АЛЫШАТ
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.