Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
1,093 Бардыгы / БАТКЕН. Баткен облусунун жалпы жонунан он айылы инвесторлордун, жергиликтүү бийликтин жана калктын аракети аркасында ичилүүчү таза суу менен камсыз болушту. Булар 2020-жылы Баткен районунун Ак-Татыр Айыл Өкмөтүнүн Аэропорт участкасына Андиген таза суу линиясынан беш чакырым аралыктан таза суу тартылды. Бул максатта жергиликтүү бюджеттин эсебинен 240 000 сом жана “Ас-Сафа” Коомдук бирикмеси тарабынан 710 000 сом сарптадлы. […]
1,094 Бардыгы / БАТКЕН. Баткен облусунун жалпы жонунан он айылы инвесторлордун, жергиликтүү бийликтин жана калктын аракети аркасында ичилүүчү таза суу менен камсыз болушту. Булар 2020-жылы Баткен районунун Ак-Татыр Айыл Өкмөтүнүн Аэропорт участкасына Андиген таза суу линиясынан беш чакырым аралыктан таза суу тартылды. Бул максатта жергиликтүү бюджеттин эсебинен 240 000 сом жана “Ас-Сафа” Коомдук бирикмеси тарабынан 710 000 сом сарптадлы. […]
ИНВЕСТИЦИЯ ТАРТУУ ЖОЛУ МЕНЕН ОН АЙЫЛГА ТАЗА СУУ ЧЫГАРЫЛДЫ
02.02.2021 / Автор aymak1,095 Бардыгы /
БАТКЕН. Баткен облусунун жалпы жонунан он айылы инвесторлордун, жергиликтүү бийликтин жана калктын аракети аркасында ичилүүчү таза суу менен камсыз болушту. Булар 2020-жылы Баткен районунун Ак-Татыр Айыл Өкмөтүнүн Аэропорт участкасына Андиген таза суу линиясынан беш чакырым аралыктан таза суу тартылды. Бул максатта жергиликтүү бюджеттин эсебинен 240 000 сом жана “Ас-Сафа” Коомдук бирикмеси тарабынан 710 000 сом сарптадлы.
Баткен шаарынын Токтогул-Олуя конушуна «Кувейт Ас-Сафа коомдук фонду» тарабынан үч чакырым аралыкка таза суу түтүктөрү тартылды. Долбоордун жалпы суммасы 1,5 миллион сомду түздү. Мунун ичинен аталган Фонд тарабынан 1,4 миллион сом, ал эми жергиликтүү бюджет тарабынан бир миллион сом ажыратылды.
Кадамжай районунда Апсамат Масалиев Айыл Өкмөтүнүн Лесхоз айылына Ассалям Эл аралык коомдук фондусунан 8100 метр аралыкка таза суу түтүгү тартылып, 1,5 миллион сом жумшалып, акырында пайдаланууга тапшырылды.
Бирлик Айыл Өкмөтүнүн Сур айылына 1200 метр аралыкка таза суу түтүгү тартылып, Ассава коомдук фондунан 1,5 миллион сом, жергиликтүү бюджеттен 250 миң сом, коомчулуктан 2,75 миллион сом, жалпы жонунан 4,5 миллион сом жумшалып, пайдаланууга тапшырылды. Мындан тышкары Абдыкадыр Орозбеков атындагы Айыл Өкмөтүнүн Кудук айылына 1400 метр аралыкка Куфейт коомдук фондунан 146 миң сом, ошондой эле райондук мамлекеттик акимчиликтен 30 миң сом, Айыл Өкмөттүн эсебинен 15 миң сом, коомчулуктан 176 миң сом, жалпысына 367 миң сом каржыланып, ичилүүчү суу чыгарылды. Кыргыз-Кыштак Айыл Өкмөтү Ассалям Эл аралык кайрымдуулук фондусунана 3 миллион сом каржыланып, таза суу тартылды. Алга Айыл Өкмөтү KOIKO уюму тарабынан долбоордук наркы 2,59 миллион сом жумшалып, таза суу түтүгү пайдаланууга берилди. Мындан тышкары Марказ Айыл Өкмөтүндө KOIKO уюму тарабынан 4,8 чакырым аралыкка таза суу тартылып, долбоордук наркы 2,54 миллион сом жумшалып, бу дагы пайдаланууга берилди. Буга улай 2021-жылдын январь айында Майдан Айыл Өкмөтүнүн Бак айылына “Абийир” коомдук кайрымдуулук фонду 350 миң сом каржылык колдоо көрсөтүп, Майдан Айыл Өкмөтү суу чыгаруу үчүн зарыл болгон трансформатор, он эки жогорку чыңалуудагы мамычаларды, электр зымдарын сатып алууга жергиликтүү бюджеттин эсебинен каражат ажыратты. Ал эми айыл эли 1000 литр суу кампасынын курулуш иштерин өздөрү колго алышты.
Ушул тапта Исфана шаарынын Ак-Булак айылынын таза суу системасы реабилитацияланып, калкка таза суу берилүүдө. Долбоор 2019-жылы Ас-Сафа өнүктүрүү Фонду тарабынан колдоо таап, элдин жана жергиликтүү органдардын салымы менен жалпы суммасы 4 миллион 900 миң сомдук жумуштар аткарылды. Суу системасынын жалпы узундугу жети чакырымды түзөт.
Алишер ТОКСОНБАЕВ “АЙМАК”
Автор aymak
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
-
23.08.2023 / Автор anarkan_kg ТОГУЗ-ТОРОДО УНУТТА КАЛЫП БАРА ЖАТКАН УУЗ ЧЕБЕРЧИЛИК ЖАНДАНУУДА
-
26.04.2024 / Автор anarkan_kg ОШТУК МИЛИЦИОНЕР ЗАМАТТА ҮЧ БАЛАГА АТА БОЛДУ
-
-
26.04.2024 / Автор anarkan_kg ӨЗГӨН РАЙОНУН КОРС-ЭТТИ АЙЫЛЫН ДАГЫ СЕЛ КАПТАДЫ
-
03.05.2023 / Автор anarkan_kg ШААРДА ГАРАЖДЫН ОРДУНА 200 БАТИРЛҮҮ ИПОТЕКАЛЫК ТУРАК ЖАЙ КУРУЛАТ
-
-
31.05.2023 / Автор anarkan_kg ЧОҢ-АЛАЙДА ПАМИРЛИК КЫРГЫЗДАР ҮЧҮН ЗАМАНБАП ҮЙ КУРУЛА БАШТАДЫ
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.