Аймак

ЖАЛАЛ-АБАД ОИИБДИН ЖЕТЕКЧИЛИГИ ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН ЖАНА НООКЕН ЭЛИ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

ЖАЛАЛ-АБАД ОИИБДИН ЖЕТЕКЧИЛИГИ ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН ЖАНА НООКЕН ЭЛИ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

 1,761 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Облустун аймагында участкалык инспекторлордун жана жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлеринин 2020-жылы аткарган жумуштары тейлеген аймактарында элдин талкуусуна коюлуп жатат. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматынан билдиришти.

         Бул жолку элдик жыйын Ноокен районунун Достук айыл аймагында болуп өттү. Ага Жалал-Абад ОИИБдин начальнигинин милдетин аткаруучу, милициянын полковниги Нурбек Сыдыков, Ноокен районунун акими Абдрахман Осмонов, Ноокен  РИИБдин начальниги, милициянын подполковниги Алтынбек Мусаев жана башка тиешелүү кызмат адамдары катышышты. Элдик жыйын учурунда милициянын өткөн жылы аткарган жумуштары тууралуу маалыматтар берилип, суроо-жооптор орун алды.

         Андан соң Ноокен районунун Момбеков айыл аймагын тейлеген милициянын участкалык инспекторлорунун аткарган жумуштары жергиликтүү тургундардын талкуусуна коюлуп, кызматкерлердин былтыркы жылдагы ишине оң баа берилди.

         Мындай элдик жыйын Жалал-Абад шаарынын Курманбек аймактык башкармалыгында да өткөрүлдү. Бул жыйынга Жалал-Абад ОИИБдин начальнигинин сотко чейинки өндүрүш иши боюнча орун басары, милициянын полковниги Алмаз Кудайбердиев, Жалал-Абад ШИИБдин начальниги, милициянын полковниги Эрнист Молдокеев жана шаардык билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери, мектеп директорлору катышышты. Алгач участкалык инспекторлордун жыл ичинде аткарган жумуштары тууралуу баяндама берилип, кетирилген кемчиликтерди жоюу тапшырмалары коюлду. Ошондой эле шаар аймагында тилемчилик кылгандарды текшерүү зарылдыгы белгиленди. Негизинен жыйындын катышуучулары тарабынан милиция кызматкерлеринин аткарган жумуштары канааттандыраарлык деп бааланып, пандемия учурунда да өз өмүрлөрүн тобекелге салуу менен талыкпастан кызмат өтөшкөндүктөрү айтылды.

Курманбек аймактык башкармалыгында 28 миңден ашуун калк жашайт. Бул аймакты 5 милициянын участкалык инспекторлору жана 2 жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөөчү инспекторлор тейлешет. Алар 2020-жылы 20 уурулук, 2 автотранспорт каражаттарын айдай качуужана 7 тоноо фактысынын бетин ачышкан.

“АЙМАК”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17