Аймак

УЛУУ ЗАЛКАРДЫН ТАГДЫРЫНДАГЫ КӨЗ ИРМЕМДЕР

УЛУУ ЗАЛКАРДЫН ТАГДЫРЫНДАГЫ КӨЗ ИРМЕМДЕР

 2,307 Бардыгы /

(Башы өткөн санда)

Кыргызстанга кайтарында РФдагы элчи Райымкул Аттокуров улуу жазуучуга сый көрсөтүп, консулдук машинага олтургузуп узатты. Мен видеону, сүрөттөрдү дискага көчүртүп метро менен Шереметьево аэропортуна бардым. Түнкү 1-30да самолёт учат экен. Метро түнкү 1де токтойт. Үч сааттай жанында олтурдум, аябай баарлаштык, мени башка дүйнөгө киргизе сүйлөдү. Убакыттын кандай өткөнүн билбей калдым. Саат 24төн өткөндө:

-Төкө, мен кайтайын, метро токтоп калса үйгө жетүү кыйын десем, – ордунан туруп оор үшкүрүнүп алып:

 -Мейли бар,- деп көзүнүн чарасына жаш толо түшүп, мойнундагы кызыл түстөгү орогучун алып мойнума ороп:

   -Ооганбек, Москва суук экен, жылуу жүр,- деп кучактады. Асылбекти көтөрүп эркелетип дисканы, баласына алган ёлка болуп атылып чыкчу топту берип, кучакташа баары менен коштоштум. Залкар агам менен акыркы көрүшүүм экенин кайдан билдим. Аа Төкөм, көзүнө жаш алганына караганда сезген экен. Кыраакы инсандын мен ошол көз жашын кийин түшүнүп жүрбөйүмбү. Арман дүйнө!…  

Т. Касымбековду кээ бирөөлөр кырс, мыкыры киши катары мүнөздөшүп жүрүшөт. Чындыгында ал кең пейил, абдан көтөрүмдүү инсан эле. Төкөмдүн квартирасы үч комнаттуу телеграфтын жанында болчу. Айылдан мектепти бүтүрүшүп жогорку окуу жайга тапшырганы барышкан туугандардын барар жери эле Төкөмдүн үйү болчу. Адаш апабыз экөөбү бизди кагып силкпей, тамагын ортого коюп, балдары менен бапырашып, биз дагы тапканыбызды ортого жайып тамактанып, бир комнатасында жатар элек. Экзаменден өткөнүбүз жатакана же квартирага чыгып, өтпөй калгандарыбыз үйлөрүнө түнөктөн учкан куштай рахматтарын айтып кайтар эле. Айылга келгенибизде ата-энебиз: “Төлөгөндүкүндө болдуңбу? Кандай кабыл алды”,- деп сурашчу. Ошого жараша тең туугандык мамиле жасашып сыйга сый, сыр аякка бал кылышчу. Дагы бир окуя. Төкөм, “Ала-Тоо” журналынын редактору кызматында иштеп турганда бир тууган агам орто мектепти жакшы бүтүп, борбордук жогорку окуу жайга тапшырып, Одесса шаарындагы политехникалык институтка өтүп калат. Инимди узатып коёюн деп эски аэропортко барса, мугалимдер тизген катарда Артыкбай агам капка салынган гүл азыгын колтурмач кылып жонуна азынып, чирте ботинка кийип катарда туруптур. Төкөм агайларынан суранып, агамды бак ичине алып барып өзү кийип жүргөн лакированный туфлисин кийгизип жөнөткөн экен.

Чыңгыз Төрөкулович менен мамилеси өтө өзгөчө сый урматта болгонуна бир нече жолу күбө болуп калгам. Төкөмдү ээрчип жүрүп Чыңгыз Төрөкулович Төкөмдөн 3 (үч) жаш улуу болсо да “Төкө”- деп кайрылып, бирин-бири урматтап турушар эле кайран залкарлар. Улуулуктун уңгусун кайталангыс чебер сүрөткерлер ички туюм, сезим менен таанышып, инсандык ыйык сапаттын үлгүсүн көрсөтүшөр эле.

Чыңгыз агабыз Бүбүсара бийчи эжекебиз менен алгачкы таанышышканда да Төкөм жанында болуптур. Төкөмдүн айтуусу боюнча Дзержинский бульварына кечки эс алууга чыгышып, Бүбүсара эжебиздин үйүнүн тушундагы олтургучка келип Чыңгыз Төрөкулович:

-Төкө, ушул жерге олтуралычы!- деп сунуш кылыптыр. Музыка ойноп, бийчи эжекебиздин бийлегени терезеден көрүнүп турса, Чыкебиз:

-Ана, Төкө, кыргыздын ак кууң  караң!- деп тамшанып, көпкө карап олтуруп кетээрде Чыкебиз үшкүрүнүп койчу экен. Бир күнү Чыкесине, “жүрүң үйүнө баш багалычы” деген сунуш киргизиптир. Макул болду дейт. Үйүн такылдатышса Бүбүсара эжекебиз эшик ачып эле “келгиле, келгиле кыргызымдын залкарлары”- деп жылуу кабыл алып, көпкө олтуруп терең таанышып, баарлашып, чайлашкан соң Төкөм чыгып кетиптир!…

Мен Бишкекке барган сайын жолукмайынча келчү эмесмин. Мейманканасындагы 7- комнатасын берип, “жанымда болчу” деп көпкө баарлашып Кой-Таштагы үйүнө алып кетер эле. Барганыбызда бактарын көрсөтүп, жазган чыгармаларын берип, оку дээр эле. Ошондо “Баскын” тарыхый романын жазып бүткөн экен. Чыгармага кызыгып түнкү саат 3төн өткөндө чарчап эс алайын деп акырын туруп светти өчүрсөм, диванда жаагына колун жазданып уктап жаткан Төкөм ойгонуп кетип:

 -Ооганбек светти жак!- дейт. Эс албайымбы десем, диванга олтуруп:

 -Сен уктай бересиң, караңгыда мени Байтик, Шабдан баатырлар сыяктуу залкар маркумдар уктатпайт, “тур жаз” деп кыйнай беришет. Жарык болуп турса, тынчтык беришет!- дейт. Бул дагы адам баласында сейрек кездешчү табияттын керемети тура. Төкөм ошондой касиеттүү инсандардан эле.

Көкүрөк күчүгү Асылбектин төрт жашар сүйгүнчүк мезгили. “Сары-Челек” мейманканасынын экинчи кабатынын 9- канаасында Төкөмдүн жумушчу кабинети бар эле. Бир күнү барсам машинкасын чыкылдатып жазып олтуруптур. Асылбек жанында, ал дагы жазуучу доскага бир нерселерди чиймелеп жатыптыр. Учурашып Төкөм диванга олтуруп Асылбекти карап:

-Ана Ооганбек, иниңди  карачы, чоң атасы Касымбектин тарыхын жазып жатат,- деп койсо тыпылдап:

 -Ата, эми сиздин, элибиздин тарыхын, жазам!- деп чиймелей баштады. Ата баланын мамилесине, атанын тарбиясына, жазмакерликке шыгын ойготуп жатканына тан бердим. Асылбек инимдин өмүрүн берсин, азыр бойго жетип 17-18-жашка келип калгандыр. Акыркы жолу Москвада көргөн боюнча көргөнүм жок. 2012-жылы Ошко кызматка которулуп келгенимде Бишкекке барып Төкөмө куран окутуп коёюн деп издедим. Элмира жеңебизди бир тууган агасы аркылуу араң таап, телефон аркылуу байланышсам, “жаныңда ким бар” дейт. Урал иним бар десем, квартирасынын адресин айтты. 8-март болчу, бир букет гүл, Асылбекке белек алып дарек боюнча келип кирдик. Элитный үйлөрдөн экен. Мейман тосчу комнатасына кирсек Төкөмдүн сүрөтүн дубалга тарттырган экен, тим эле  тирүүдөй. Куран окудук, Асылбекти сурасам:

-Ооганбек, сенин Москвада кылган жакшылыгыңды эске алып, үйгө киргиздим. Силердин туугандарыңардын бирине да Асылымды көрсөтпөйм, улуу инсандын урпагы кандай болорун кийин билесиңер. Сен капа болбо,- деп чайын берип узатты. Асылбек иним кудай буйруса, Төкөмдөй улуу инсандын учугун улаган жигит болот-ко деген аруу тилекте жүрөмүн?…

КАЙРЫЛЫП ТӨКӨМ КЕЛЕБИ?

(Төлөгөн агамдын жаркын элесине арнаймын)

Ала-Тоодон агылтып,

Аралатты суук кабар.

Ааламдан өттү Төкөм!-деп,

Тилмерлер муун бошотуп.

Көзүнөн жашы куюлду,

Көкүрөк, жүлүн сөгүлдү.

Көмөкөйгө тил катып,

Телмирген элди муңкантты!

Түнөрүп укту кыргыз эл,

Түндүгү кулап түшкөндөй.

Тунжурап турду улуу эл,

Тоосу кулап кеткендей.

Бөйрөккө колдор кадалып,

Өбөктөп боз үй курчалып.

Азалап турду Ала-Тоо,

Өзөктү өрттөп муң басып!

Ааламдан өткөн абамдын,

Айтайын аза кабарын.

Ак- Жолдон учкан туйгунум,

Ааламдын сырын аңдаган.

Комузда колун ойнотуп,

Күү санатын көп айткан.

Урматтап Ныяз абасын,

Өнөргө башын байлаган.

Кылым кескен кыргыздын,

Кыямат тарых баянын.

Жумуру башка батырып,

Кара сөз менен чечмелеп.

Кызыл тил менен безелеп,

Түп атаңар Кыргыз!-деп.

Түгөлдөп санап Түрк элин,

Маңдайга мөөрүн басчу эле!

Кылым кескен калкымдын,

Санжырасын айтчу эле.

Так талашкан эрлердин,

Тагдырын айтып берчү эле.

Баймана күтүп басташбай,

Бакты учурба дечү эле.

Эгемен болгон элимдин,

Өрүшүн тилеп жүрчү эле!

Өмүрүн арнап өнөргө,

Тагдырын байлап көөкөргө.

Өтүмүш тарых баянын,

Чындыктан алып өтөлгө.

Жалтанбай жазып бергенде,

Мансапкөйлөр шүмшүйдү.

Сындырып Кокон кылычын,

Зоого чегип бергенде!

Мөңгүсү күндү талашкан,

Каректер талып тунарган.

Күн чыгарып батырган,

Күнгөй Тоо менен Тескей Тоо.

Кыргыздын чеби дечү эле,

Жетилген курак өңдөнгөн.

Муюп жаткан Ала-Тоо,

Кел-келдин куту дечү эле!

Манастан калган кызыл туу,

Томуктай болгон кыргыздын.

Түндүгүнө сайдырып,

Ыйык сыры деди эле.

Толгосунан жаралган,

Толгондугу дечи эле.

Дилге уютуп белендеп,

Денеңе кубат берчи эле!

Орошон ойду сабалап,

Эми орундуу сөздү ким айтат.

Кыргыздын канын дүргүтүп,

Калкымдын баскан тагдырын.

Калыпка салбай баяндап,

Кайрылып келбес Төкөмдөй,

Карт тарыхты ким жазат!

Сабоодой кыргыз калкымдын,

Сан кылым өткөн тарыхын.

Санатын айтып дүйнөгө,

Төкөмдөй эми ким жазат?

Кара сөздүү зергердин,

Кареги талып тунарды.

Кыргыздын кымча белдери,

Төкөмдөй эрди тууабы?

Жесирден кайра төрөлүп,

Жетилет бекен курагы.

Жетик агам Төкөмдөй,

Жазар бекен урпагы.

Улуу ыйык Жараткан,

Убайына көнөлү.

Урпактан болсун Төкөмдөй,

Умсуна карап күтөлү?

Жараткандын амирин,

Жалтактабай туялы.

Жашоо сыры ушундай,

Жазгарып алат байкатбай.

Жазданган жери Төкөмдүн,

Жанаттын жайы бийик төр.

Жолдошу болуп ыйманы,

Бейиштен күтсүн ыйыктар!

Ооганбек СТАНБЕКОВ, жазуучу-драматург

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17