Аймак

ЭРДИКТЕР ЭСКИРБЕЙТ, КААРМАНДЫКТАР КАРТАЙБАЙТ

ЭРДИКТЕР ЭСКИРБЕЙТ, КААРМАНДЫКТАР КАРТАЙБАЙТ

 1,197 Бардыгы /

Быйыл 15-февралда Ооганстандан Советтер Союзунун аскерлерин алып чыккандыгына 32 жыл толот. Ооган согушуна Жалал-Абад областынан 2000 чукул жоокерлер катышса, курман болгондору 28, дайынсыз жоголгон 1 адам. Жалпы облуста 1000ге жакын Ооган ардагерлери бар. «Курама темир курч болот» деген сөздүн калети жок өңдөнөт. Жердешибиз, элин сыймыкка бөлөгөн Юрийдин атасы татар, апасы өзбек улутунан болгон. Арстанбапта туулуп-өскөн Ооган согушунда Советтер Союзунун Баатыры наамын алган Юрий Исламовдун аты мектепке коюлган, баатырдын эрдикти даңктаган музейи да экспонаттарга бай.

Ооган согушуна Сузак районунан барган жоокерлер басымдуулук кылган. Райондон жалпы 500 жоокер кан майданда болушуп, анын ичинен курман болгондор 9, майып болуп кайткандар 8 адам болгон. “Кызыл жылдыз” ордени менен 7, “Каармандык эрдиги” үчүн-  21, “Кайраттуулугу үчүн”- 19, СССРдин чек арасын коргогондугу үчүн -1 адам сыйланган.

Жалал-Абад облустук жана Сузак райондук Ооган согушунун ардагер кеңешинин төрагасы Толубай Энназаровдун айтымында учурда Сузак районунда 289 согуш ардагерлери бар, анын ичинен 5 майып болгондорго ай сайын 7000 сом, калган ардагерлерге 6000 сомдон берилет. Жергиликтүү жетекчилер да мүмкүнчүлүккө жараша колдоо көрсөтүшүп камкордукка алышат. Гезиттин бул санында Сузак районунун Ооган ардагерлери менен болгон маекти сунуштайбыз.

Абдыманап  АШИРБЕКОВ, ардагер, Калмак-Кырчын айылынан:

Мен 1962-жылы туулгам. 1981-жылы 15-октябрда армияга кетип Самарканд областына барып, андан соң Тузелге, андан келип декабрь айында Афганистанга өтүп кеттик. Афганистан согуш талаасында катардагы жоокер кызматын аркалап, авиация бөлүмүндө эмгектендим. Ошондо согуш эмне экенин өз көзүм менен көрдүм. Бир учурда айтсам, Маймана шаарында түнкү саат 2лер чамасында бөлүмдө жатканыбызда душман кол салып, баарыбызды туш тарапка чачыраткан, кийин өз ордубузга саат 6ларда кайтып келгенбиз. Көз алдымда жанымдагы жоокерди автомат менен атканда башы үзүлүп, башы кадимки топтой болуп секирип, 3-4 мүнөттөн кийин  токтогон. Баарын самолёт менен алып кетишип биз сыртта күзөттө тургандар унутта калып кетип, ал жерде 4 күн бою сыртка чыга алмак түгүл, ордубуздан турууга да мүмкүн болбой (турсак атып салышмак) жөрмөлөп калган күнүбүз болгон. Төгүлгөн ашкан тамактар менен күн көрүп, кийин бизди 5 күн дегенде алып кетишкен. Мени менен баргандардан 2 адам каза болду, кээ бири дайынсыз болуп кетишти. Армиядан келген соң военкоматта, жеке фирмаларда эмгектендим, учурда 2 кызымдан 6 неберем бар.

Ныяз АКБУЮКОВ, Атабеков айыл өкмөтүндө жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы:

-Атабеков айыл өкмөтүндө туулгам.19 жашымда 1979-жылы армияга чакырышкан, ага чейин Ош шаарында ДОСААФта окудум. Алгач Тажикстанда кызмат өтөп, 22-декабрда Термизде, андан 24-декабрда Афганистанга өтүп кеттик. Мен күзөтчүдө турдум. Согуш деген согуш экен. Көп кыйынчылыктарды көрдүк. Баарыбыз жаш экенбиз, жүрөк бар экен, кайтпас болчубуз. Ата-энелерибиз менен да кат алышуу өтө кыйын эле. Жазылган кат 2 ай дегенде биздин колубузга тийчү. Ал эмес сүрөткө да түшкөнгө болбочу, баары купуя болчу. Ошондуктан апамдар да менден түңүлүп эле калышкан экен. 1981-жылы 17-майда үйгө келдим, ал учурда атам кой бакчу. Үйгө келсем эч ким жоктугунан адырга чыктым, ал жакта скважина бар болчу, анча-мынча электр мамычасынан ток уруп турчу эле. Ошол скважинанын жанында апам кир жууп жатыптыр, мени формачан көрүп эле кыйкырып чачын кадимкидей жулуп, жер чапчып ыйлап жатты. Мен болсо апамды ток урду окшойт деп чуркадым. Элдин баары кыйкырыктан толуп кетти. Көрсө апам чын эле мени тирүү келдиби деген экен. Кудайга шүгүр, 2 кыз 1 уулум бар.

Кадырбек МАЛАШОВ, жеке ишкер, Жаңы-Дыйкан айылынан:

1860-жылкы болом. Эл катары 1979-жылы армияга чакырылып, биринчи кызмат өтөө үчүн Германияга бардым. Кызмат өтөп жатып 1980-жылы январь айында Афганистанга жиберишти, ал жакта 1 жарым жыл айдоочу болуп кызмат кылдым. Самолётторго бензин, кийин азык-түлүк ташыдым. Мен согуш талаасында жүргөндө атам почта бөлүмүндө эмгектенет болчу. Афганистанга кирип кетип жатып коңшубузга кат жазыптырмын. Кол жазмамды атам даана таанып ичин ачса эле “Афганистанга кирип кетип жатам, мен катпай калышым мүмкүн, менин акыркы катым” деп жазып коюптурмун. Ал кезде баары менин бул жакка кеткенимди угушуптур, апам ооруган үчүн ага айтышпаптыр. Согушта оюма ар кандай ойлор келчү… Эгер айылга тирүү барсам, ата-энемдин айтканынан чыкпайм деп өзүмө өзүм сөз бердим. Кайтып келгенден кийин айткан сөзүмдө туруп, ата-энемдин айткандарынан чыккан жокмун. Алар айткан кызга үйлөндүм, 3 кыз, 2 уулдан 8 неберем бар.

Жакыпбек АЙДАРОВ, механик, Таштак айылынан:

-1961-жылы төрөлгөм. 1979-жылы 4-майда Саратов областынын Башалов шаарында 6 айлык сержант мектепке баргам. Андан соң декабрь айында өз ыктыярым менен Афганистанга кеттим. Бизди тобубуз менен Аму дарыясынан алып өтүп түндөп-күндөп жүрүп Кабулга бардык. Ал жерде эч бир жан жок. Түз эле аэродромго алып барышты, ошол жерде калдык. Жатууга орун жок, өзүбүз минген МАЗ унаанын ичинде түнөп жаттык. Анда мен күйүүчү майларды ташыйт элем. Жалаң кургатылган азыктарды жечүбүз. Кечки намаздан кийин душмандар сыртта турган машинаны жардырып, ошондон осколкалар мага да чачырап, жараат алгам. Госпиталда бир ай дарыланган соң кайра өз ротама кайткам. Кийин биздин рота Афганистан менен Пакистандын чек арасында туруп калды. Ошол жерде вертолётторго май куябыз. 1981-жылы 22-февраль күнү түштөрдө  биз турган жерге 1981-жылы 22-февраль күнү түштөрдө биз турган жерге Австралиянын 2 самолёту конууга аракет кылышкан, бирок туман болгондуктан коно албай кайра кетишип, кайра 4 самолёт болуп келип конгондо бул жактагылар самолётту тросттор менен байлап коюшканда, ал учактар 3 сутка бою токтобой иштеп, бирок жыла алган жок. Ичиндегилер  Американын даярдалган адамдары экени айтылган, алар 154 адам болсо, анын 100дөн ашуусу аялдар экен. Токтотулган самолётту сүйлөшүүлөрдүн негизинде кайра артка коё беришкен, ага бензинди биз куйгандыктан 98 тонна кеткенине күбө болгом. Аман кайттык. Учурда механикмин, 3 кыз, 1 уулум бар.

Түгөлбек АБЖАПАРОВ, ардагер, Кыз-Көл айылынан:

-1966-жылы туулгам. 1984-жылы күз айларында армияга чакырылып Казакстанга барып 3 ай даярдык көрүп, Афганистанга кеткенбиз. Менин кызматым мина ж.б жарылуучу заттарды текшерүү жана аларды ар кайсыл жерлерге орнотуу болгон. Үй-бүлөбүздөгү жакындарыбыз менен кат алышып турсак да, кенен жаза албайт болчубуз, окуяларды, көргөндөрдү жазууга болбойт эле. Себеби армияга келгенде эч нерсе айтпайбыз деп документтерге кол койгонбуз. Көз алдымда азербайжандык Ахмедов деген шеригибиз миналарды текшерип жатып, минага жарылып кеткен. Жөө аскерлер ротабы же десанттык болобу баарынын алдында алгач биз жүрчүбүз. Ар бир операцияга чыккандарда биз саперлор жолдун алдында болуп, алардын бара турган, жатчу жерин баарысын биринчи текшерип чыгат элек. Ошентип согуш талаасын көрүп, аман келдик. Кудайга шүгүр, 4 балам бар, аялым мугалим.

Акынбек МАТНАЗАРОВ, ардагер, Көк-Жаңгак шаарынан:

 – Туулган жылым- 1962-жыл. 1981-жылы Советтик армияга чакырылып, 2 жылдан ашуун Афганистанда болдум. Ал кезде армияга барып келүү өзүнчө милдет эле. Армияда ар кандай окуялар болду, жер чукуп жер астында жашадык, электр энергиясы, жарыктандыруучу лампалар (свет) жок эле. Адам андай шарттарга да көнөт экен. Кокус кимдир бирөө келе жатат десе ордубуздан туруп,  көрүнбөгөн үчүн жерге жата калып карасак, бир аз караан көрүнөт эле. Кыш мезгилинде деле ал жакта жылуулук берүүчү шаймандар (печька, плита) жок болгондуктан кыйынчылык көп болду. Эң чоң көйгөй таза суунун жоктугу болгон, ачыгын айтканда бетибизди качан жууганыбызды дагы эстен чыгарып койчубуз. Баары биттеп кетишкен, ал бизге көнүмүш адат эле болуп калган. Тамак учурунда көрүп калсаң алып коюп эле жей берчүбүз. Мисалы, бир ротада 120-130 адам бар болсо, баарын душмандар кырып салып 3өө тирүү болсо, алар да майып болгон учурлар кездешкен. Армиядан келген соң 28 жашымда милиция адистигине  окуп, учурунда майор кызматы менен 2013-жылы пенсияга чыккам. Учурда 2 уул, 2 кыздан 10 неберем бар, ата-энемдин да көзү тирүү.

Төрөгелди АКМАТОВ, ардагер, Таштак айылынан:

1967-жылы туулганмын. 1985-жылдын август айында Ооган согушуна кирдим, ага чейин 3 айлык даярдоодон өтүп Коргон-Төбө шаарында Советтик армияда кызмат өтөгөм, анын пайдасы өтө чоң болду. Берилген тапшырмалар көп кырдуу ары жооптуу, канчалык чечкиндүү болсоң ошончолук жеңиш болот. Адегенде Кундуз шаарындагы №140 полктун 2-батоленунун 2-ротасына түштүм. Катардагы жоокер катары мага болгон ишеним жогорулай баштады. Афганистандын климатынын катаалдыгы көпчүлүк учурларда шаштыбызды алчу. Кыйынчылыкты да, тоскоолдукту да кандай жол менен болсо чечүү керек, антпесең душмандар үстөмдүк кылышып алсыратып коюшат. Ошондуктан буга зор маани берчүмүн. Командирибиз Булычев талапты катуу койчу. Мен да бөлүмдүн командири элем. Ошол учурда жердешим Токтосун Маласадыков окко учуп каза болгонун уктум. Кыскасы интернационалдык милдетти кезегинде зор жоопкерчилик менен аткарганыма сыймыктанам.

Рысбай ЖУМАБЕКОВ, ардагер журналист  

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17