Аймак

УЛУКБЕК МАРИПОВ: “АКИМДЕР ЖАНА ОРУН БАСАРЛАРЫ АТТЕСТАЦИЯЛАНАТ”

УЛУКБЕК МАРИПОВ: “АКИМДЕР ЖАНА ОРУН БАСАРЛАРЫ АТТЕСТАЦИЯЛАНАТ”

 681 Бардыгы /

БИШКЕК. Мындан ары Кыргызстандагы бардык райондук администрациянын башчылары-акимдер жана алардын орун басарлары сөзсүз түрдө аттестацияланат. Ошондой эле кадрларды ротациялоо принциби дагы акырында ишке киргизилет. Мындай пикирин премьер-министр Улукбек Марипов жумурай журтка Кайрылуусунда ачыктады.

Улукбек Мариповдун айтымында, кадрлардын алмашуусу аймак жетекчилеринин натыйжага жана сапатка иштөөсүнө гана түрткү берээрине ишеним чоң.

  • Аттестациялоо иштери жакынкы күндөрү башталат. Таза, ачык-

айкын, акыйкат жана бирдей шарттарда гана өткөрүлөт. Бардык иштер жаап-жашырылбастан, элдин көз алдында, коомчулуктун толук кандуу катышуусунда өтөт. Ушул тапта Президенттин жарлыгынын алкагында жана менин тапшырмамдын негизинде аттестациялык комиссиянын курамы түзүлүүдө. Буга район жана облустардын мурдагы абройлуу жетекчилери, ар түрдүү аймактан мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын ардагерлери киришет, — деди кошумчалады Өкмөт башчысы Улукбек Марипов.

Премьер-министр ошондой эле сөз арасында кадрларды ротациялоо тажрыйбасы укук коргоо органдарынын ишинде дагы активдүү колдонулуп келгендигин, мунун жакшы жагы райондук эле эмес, республикалык алкактагы адистердин толук кандуу калыптануусун шарттай тургандыгын дагы баса белгиледи.

Алишер ТОКСОНБАЕВ “АЙМАК”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17