Аймак

ЖЫЛДЫЗКАН ЖОЛДОШЕВА: “МЕКЕНЧИЛ” ПАРТИЯСЫН НЕГИЗДӨӨЧҮЛӨР САЯСИЙ УЮМДАГЫ БИЛИМДҮҮ ЖАШТАРГА ЧЫККЫНЧЫЛЫК КЫЛЫШТЫ”

ЖЫЛДЫЗКАН ЖОЛДОШЕВА: “МЕКЕНЧИЛ” ПАРТИЯСЫН НЕГИЗДӨӨЧҮЛӨР САЯСИЙ УЮМДАГЫ БИЛИМДҮҮ ЖАШТАРГА ЧЫККЫНЧЫЛЫК КЫЛЫШТЫ”

 912 Бардыгы /

БИШКЕК. “Мекенчил” партиясынын жергиликтүү жана парламенттик шайлоого катышпай тургандыгын жар салышкандыгы аталган партиянын мүчөсү Жылдызкан Жолдошевага чындап эле күтүүсүз болду. Бул жөнүндө коомдук ишемр журналисттерге агынан жарылды.

Жылдызкан Жолдошеванын айтымында, партияда билимдүү жана  прогрессивдүү жаштар бар эле.

  • Эгерде “Мекенчил” партиясы шайлоого катышпай турган болсо, бул

абдан эле кейиштүү! Анткени, партияда жогорку билимдүү жаш улан-кыздар бар болчу. Алар өткөн жылдын 4-октябрындагы шайлоодо абдан мыкты иштешкен. Тилекке каршы, шайлоо жыйынтыгын БШК жокко чыгарып салбадыбы. Мына эми алдыдагы шайлоо өнөктүгүнө катышуудан баш тартып, “Мекенчил” партиясынын түптөөчүлөрү аларга – жаштарга чыккынчылык кылышты жана болочогуна балта дагы чабышты, – деп чыралдады“Мекенчил” партиясынын мүчөсү Жылдызкан Жолдошева.

Алишер ТОКСОНБАЕВ “АЙМАК”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17