Аймак

ТЕМИРОВ АКШНЫН КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШҮҮ БОЮНЧА ТУҢГУЧ СЫЙЛЫГЫНА АРЗЫДЫ

ТЕМИРОВ АКШНЫН КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШҮҮ БОЮНЧА ТУҢГУЧ СЫЙЛЫГЫНА АРЗЫДЫ

 645 Бардыгы /

КШнын Мамлекеттик департаменти Вашингтон шаарында www.Facheck.kg сайтынын баш редактору Болот Темиров мырзаны бүткүл дүйнө жүзү боюнча ачыктык жана отчеттуулук үчүн күрөшүп келген он эки адам менен катарлаш Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча туңгуч сыйлыктын ээси деп жарыялады. Бир катар өтө күчтүү талапкерлер менен ат салышып, Болот калемдешибиз узак жылдар бою мамлекеттик коррупция жана уюшкан кылмыштуулукка дыкаат көңүл бурган иликтөөчү журналист катары мындай жогорку баага бекеринен арзыган жок.

АКШнын Кыргызстадагы Элчиси Дональд Лу АКШнын Бишкектеги элчилигинде Болот Темировго абройлуу сыйлыкты тапшырып жатып: – Уюшкан кылмыштуулук жана коррупция – бул бир медалдын эки тарабы, ал эми журналист Болот Темировдун иши экөөнүн тең бетин даана ачып турат. Кыргыз эли Болот сыяктуу эр жүрөк журналисттер укук коргоо органдарынын Райымбек Матраимов жана Камчыбек Көлбаев сыяктуу адамдарды кылмыштары үчүн жоопко тартуу максатында жүргүзгөн иш-аракеттерин колдойт деген ишенимге ээ болушу керек! – деп баса белгиледи.

Өз учурунда сыйлыкты кабыл алып жатып, www.Facheck.kg сайтынын баш редактору Болот Темиров: – Мен бул сыйлыкты алган дүйнө жүзү боюнча алгачкы он эки кишинин катарына киргендигиме абдан  сыймыктанам! Эң башкысы: Мекеним – Кыргызстан бүткүл дүйнөгө таанылып жаткандыгына ого бетер кубанычтамын. Коомубуздагы терс көрүнүштөргө каршы күрөшүп жатканыбызды жана бийликтин ачык иш алып барууга бет алып, отчеттуулугун жогорулатуу жолуна түшкөндөгөн бүгүн бүткүл дүйнө билет. Кыргызстандык жалпыга маалымдоо каражаттары (ЖМКлары) акыры өлкөнү жакшы жагына өзгөртө ала турган көз карандысыздыктын жана эрдиктин деңгээлине жете алды! – деп агынан жарылды.

Өткөн жылдын ноябрь айында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров: – Бүгүнкү күндө дүйнө жүзүндө журналисттик адистиктин мааниси өтөт артып, маалыматсыз жашоо таптакыр элестетилбей калган учур. Мындай шартта демократиялык өнүгүү жолундагы Кыргызстан үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарынын ачык-айкындуулугунун баасы өтө жогору экендигин өлкө турмушундагы акыркы кездеги орчундуу окуялар таасын далилдеп келатат, – деп билдирген эле.

Айтмакчы, Америка Кошмо Штаттары дүйнө жүзүндөгү коррупциянын туруксуздаштыруучу кесепеттери тууралуу кабардар жана ага каршы күрөшүүнү дагыле биринчи кезектеги олуттуу милдети катары эсептейт. АКШ өкмөтү бир миллиард доллардан ашык коррупциялык каражаттарды конфискациялап жабырлануучу өлкөлөргө, ийгиликтүү кайтарып берген. 2020-жылы эле Америка Кошмо Штаттары 41 коррупциялашкан чет өлкөлүк мамлекеттик кызматкерди аныктап, алардын жана алардын үй-бүлөлөрүнүн АКШга кирүүсүнө, анын ичинде Кыргызстандын мурунку Бажы кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Райымбек Матраимовго мүмкүнчүлүк бербей койгон.

Ушул тапта Америка Кошмо Штаттары кыргызстандык кримтөбөл Камчыбек Көлбаевдин ашкере кылмыштуу тармагын үзгүлтүккө учураткан маалымат үчүн бир миллион доллар сыйлык сунуштап жаткан чагы. АКШ Кыргыз Республикасында жана бүткүл дүйнө жүзүндө коррупцияга жана уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөштү колдосун мындан ары дагы ырааттуу түрдө улантат.

Алишер ТОКСОНБАЕВ “АЙМАК”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17