Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
2,098 Бардыгы / Кыргызстандагы эң жапжаш акимдердин бири – Алай райондук мамлекеттик акимчилигинин башчысы Алтынбек БОЛБУР уулу. Кызматына жаңыдан гана киришкен тоолуу аймактын 42 жаштагы жетекчиси улан-кыздарды Ош шаарына атайын апкелип, спорттук түрдүү мелдештерге катыштырып жүргөн жеринен капыл-тапыл кепке тарттык. Алтынбек мырза, адегенде жаңы кызматыңыз кут болсун! Баса, бул абдан жооптуу мансапка Сиз кантип дайындалып […]
2,099 Бардыгы / Кыргызстандагы эң жапжаш акимдердин бири – Алай райондук мамлекеттик акимчилигинин башчысы Алтынбек БОЛБУР уулу. Кызматына жаңыдан гана киришкен тоолуу аймактын 42 жаштагы жетекчиси улан-кыздарды Ош шаарына атайын апкелип, спорттук түрдүү мелдештерге катыштырып жүргөн жеринен капыл-тапыл кепке тарттык. Алтынбек мырза, адегенде жаңы кызматыңыз кут болсун! Баса, бул абдан жооптуу мансапка Сиз кантип дайындалып […]
Алтынбек БОЛБУР уулу: “ЖАМБАШТАП ЖАТЧУ КЕЗ ЭМЕС!”
24.02.2021 / Автор aymak

2,100 Бардыгы /
Кыргызстандагы эң жапжаш акимдердин бири – Алай райондук мамлекеттик акимчилигинин башчысы Алтынбек БОЛБУР уулу. Кызматына жаңыдан гана киришкен тоолуу аймактын 42 жаштагы жетекчиси улан-кыздарды Ош шаарына атайын апкелип, спорттук түрдүү мелдештерге катыштырып жүргөн жеринен капыл-тапыл кепке тарттык.
- Алтынбек мырза, адегенде жаңы кызматыңыз кут болсун! Баса,
бул абдан жооптуу мансапка Сиз кантип дайындалып калдыңыз, ыя? Мен билгенден Алай районунун акимдигине далайы буту үзүлгөнчө жүгүрүшүп, тилекке каршы, жетпей калышпадыбы…
- Алай районуна караштуу Гүлчө Айыл Өкмөтүнүн башчысы элем. Аз
күн мурда Президентибиз Садыр Жапаров өзү чалып, Бишкекке атайын аңгемелешүүгө чакырып, “Ар түрдүү булактардан сурамжыладым. Абдан таза иштеп келатыпсыз. Эң башкысы: артыңыздан жаман сөз ээрчитпепсиз. Акыл калчап олтуруп, акырында Сизди Алай районунун акимдигине ылайык таап олтурам. Менин илгери үмүтүмдү сөзсүз актап, эч уят кылбастан, эли-журтубуз үчүн ак кызмат кылып бериңиз?!?” деп чоң жоопкерчиликти мойнума жүктөп таштады. Сиздер жанагинтип күмөн санагандай, ортого тааныш-тунуштарымды деле салбадым. Менин эзели мындай ит адатым жок, Алишер мырза!
- Баса, өтө кыйын кезеңде акимдик орунга олтургузушту.
Экономикасы сызга белчесинен баткан тоолуу Ала районун мындан ары кантип жана кандай жол менен туташ кризистен куткарып, андан ары өнүктүрмөкчүсүз?
- Районубуз беделдүү бейөкмөт уюмдардан кур эмес. Дал ошолор
аркылуу Эл аралык донор уюмдар менен алакабызга чыйыр салып, мамилебизди ыраса күчөттүк. Адегенде моминтип улан-кыздарыбызды атайын Ош шаарына алып келип, спорт менен тегиз машыктырып, бир катар мелдештерге дагы активдүү катыштырып жатабыз.
Буга улай бал өндүрүү, малдарды бордоп ирдентүү, жайлоо жана альпинизм туризми, Улуттук оюндарды жандандыруу аркеттерибиз абдан күч! Мындай далбасабыз бара-бара үзүрүн берип, районубуздун жана жергиликтүү калктын үй-бүлөлүк бюджетин арттырууга гана туруктуу өбөлгө жаратаары шексиз!
- Оптималдаштыруу саясатына, маселен, бири-бирин кайталаган
түзүмдөрдү, ошондой эле Алай менен Чоң-Алай райондорун бириктирүү демилгесине Сиз кошуласызбы?
- Президентибиз Садыр Жапаровдун оптималдаштыруу демилгеси,
буюрса, калайык-калкыбыз тарабынан жапырт колдоо табаарына жана бара-бара ийгиликтүү гана жүзөгө ашаарына менен бөркүмдөй ишенем! Анткени, Кыргызстан дал ушул тапта ирилештирүүгө өтө эле муктаж! Мындайда жеке кызыкчылыктардын өз ара кагылышынан коркуп-үркүүнүн эч кандай кажети жок! Танып не. Жергебизде трайбализм, ээн баштык, ээн ооздук жана демократияга жамынган плюрализм балакети дагыле күч!
- Тоолуу Алай аймагын ар тараптуу оожалтууда эң ириде кайсыл
өңүткө катуу басым жасамакчысыз?
- Өрөөнүбүздүн болочогу мал жана айыл чарбасы менен абдан тыгыз
байланышкан десем эч жаңылышпаймын. Бирок, бул тармактарга деле жалаң кесипкөйлөрдү арбыныраак тартуубуз кажет! Айрыкча жаштарды. Антпесек, булар качанкыга дейре чет өлкөлөрдө тентип, кор болуп гана жүрүшөт? Мекенибизге тегиз кайтышсын! Кыргызстан үчүн деле кызмат кылышсын, эй!
- Алтынбек мырза, генерал болууну эңсебеген жоокер болчу беле.
Анын сыңарындай, жапжаш экенсиз, болочокто Сиздин деле Өкмөт башчысы, же Президент болоюн деген изги тилегиңиз бардыр?
- Куп жарга такадыңыз да. Аман турсак, пешенеге жазганды көрөбүз
го. Бирок, азыр жамбаштап жатчу кез эмес! Аракет кылсаң, анын сөзсүз берекети болоору шексиз. Балким, мага деле тагдыр жылдардын бир жылдарында Премьер-министрликти, же Президенттикти буюруп калаар… Кыскасы, бардыгын турмуш өзү көрсөтөт эмеспи.
Алишер ТОКСОНБАЕВ “АЙМАК”
Автор aymak
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
21.11.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна САК БОЛУҢУЗДАР, КЫШКЫ ӨРТ КООПТУУ МЕЗГИЛ БАШТАЛДЫ
-
-
17.07.2025 / Автор anarkan_kg АКСЫЛЫК УЛАН АЗИЯ ЧЕМПИОНУ АТАЛДЫ
-
17.07.2025 / Автор anarkan_kg ЭРКИН КҮРӨШ БОЮНЧА АКСЫДАН ЧЫККАН БАЛБАН
-
-
27.06.2025 / Автор anarkan_kg ПРЕЗИДЕНТ САДЫР ЖАПАРОВДУН МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТКЕРЛЕРГЕ КАЙРЫЛУУСУ
-
21.07.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна ЗАМАНБАП КЕСИПКЕ ДАЯРДАЙТ
-
30.07.2024 / Автор anarkan_kg БАТКЕНДЕ 500 ТОННА ЖЕМИШКЕ ЫЛАЙЫКТАШТЫРЫЛГАН ЗАМАНБАП КАМПА КУРУЛУУДА
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.