Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
1,360 Бардыгы / №25-Э.Мурзаев атындагы орто мектеп Алай районундагы окуучулардын билим деңгээлин көтөрүү жана материалдык-техникалык базаны чыңдоо багытында алгылыктуу иштерди жүргүзүп жаткан, райондук жана облустук кароо-конкурстардын жеңүүчүсү болгон алдыңкы мектептердин бири. Биз жакында ушул мектептин директору, Каблан-Көл аялдар Кеңешинин төрайымы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүн Ардак грамотасынын жана Кыргызстан Аялдар Конгрессинин […]
1,361 Бардыгы / №25-Э.Мурзаев атындагы орто мектеп Алай районундагы окуучулардын билим деңгээлин көтөрүү жана материалдык-техникалык базаны чыңдоо багытында алгылыктуу иштерди жүргүзүп жаткан, райондук жана облустук кароо-конкурстардын жеңүүчүсү болгон алдыңкы мектептердин бири. Биз жакында ушул мектептин директору, Каблан-Көл аялдар Кеңешинин төрайымы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүн Ардак грамотасынын жана Кыргызстан Аялдар Конгрессинин […]
ИЗДЕНҮҮ ИЙГИЛИККЕ ЖЕТКИРЕТ
01.03.2021 / Автор aymak1,362 Бардыгы /
№25-Э.Мурзаев атындагы орто мектеп Алай районундагы окуучулардын билим деңгээлин көтөрүү жана материалдык-техникалык базаны чыңдоо багытында алгылыктуу иштерди жүргүзүп жаткан, райондук жана облустук кароо-конкурстардын жеңүүчүсү болгон алдыңкы мектептердин бири.
Биз жакында ушул мектептин директору, Каблан-Көл аялдар Кеңешинин төрайымы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүн Ардак грамотасынын жана Кыргызстан Аялдар Конгрессинин “Лидер айым» төш белгисине татыктуу болгон Зина Абдыкадыровага жолугуп, аны менен маектешип кайтканбыз.
– Биздин мектепте 540 окуучу окуйт, аларга 39 жогорку, 2 бакалавр, 2 атайын орто билимдүү педагог билим берет. Алардын бешөө КР билим берүүсүнүн мыктысы. Мектеп бардык предметтик адистер менен толукталган. Окуу китептери менен жабдуу 80 %ды түзөт. Интернет байланышы менен камсыз болгон. 24 компьютер комплекти, 2 интерактивдүү доска, 4 телевизор, 1 проектор бар. Мугалимдер “Истхак” окуу борбору тарабынан компьютердик сабаттуулугун арттыруу багытында уюштурулган курстардан өтүп, атайын сертификаттарга ээ болуп келишти.
Өз сабагын заман талабына ылайык жугумдуу өтүүгө далалат кылган Динара Алтымышова, Бурул Садыкова, Гүлжамал Калчабаева, Аксана Каримбаева, Нургүл Осмоналиева, Эркин Акматов, Назгүл Сагымбаева жана Майрам Садыкова сыяктуу мыкты мугалимдер жогоруда айтылган ийгиликтин жаратуучулары болуп саналат. Алар иш дегенде ишкен ашын койгон, ар дайым изденүүнүн үстүндө жүргөн адистер. Алдыңкы мугалимдери окуучуларга терең билим берүү үчүн окутуунун интерактивдүү усулдарын жана олимпиадалык борборду натыйжалуу пайдаланып келишет. “Интеграл”, “Электрон”, “Дүбүрт”, “Русское слово” ж.б.у.с. предметтик ийримдер өтүлгөн сабактын материалдарды терең өздөштүрүүгө жана бекемдөөгө көмөк берип жатат. Биздин мектептин бир катар мугалимдеринин алдыңкы сабактары райондук усулдук кеңешмелерде жана Ош облустук билим берүү институтунда мыкты деп бааланып, бир катар педагогикалык басылмаларда жарык көрдү. Бул багыттагы ийгиликтерге окуу бөлүмүнүн башчысы Жумаш уулу Исламдын кошкон салымы чоң экендигин баса белгилеп кетүү зарыл.
Мектепте көп жылдан бери эмгектенип келе жаткан М.Калбекова, Г.Сыдыкова, Ш.Акаев, Сагын Осмонов сыяктуу мугалимдерибиз жаштарга өз тажрыйбаларын үйрөтүп, пайдалуу кеп кеңештерин ортого салып, педагогикалык жамааттын арасында ынтымактуулукту сактоого, биримдикти чыңдоого өз салымдарын кошуп келе жатышкандыгын белгилеп өтүү зарыл.
Биргелешкен аракет, ынтымактуулук, талыкпаган изденүү ийгиликке жеткирет эмеспи. Мактангандай болбойлу, башкаларга салыштырмалуу биздин окуучуларыбыздын сабакка болгон кызыгуусу жогору болгондуктан, алардын билим сапаты жогору. Ага акыркы үч жылдагы көрсөткүчтөр далил боло алат. Алсак, 2017-2018-окуу жылында Асан кызы Медина тарых, Шайлообай кызы Гүлзар тарых, Гүлиза Эрматова орус тили жана адабияты предмети боюнча өткөрүлгөн олимпиаданын райондук турунда 1 –орунга жетишкен.
2018-2019-окуу жылында Нурбек кызы Акмарал – химия, Исаев Данияр – тарых предметинен райондо, облуста жеңүүчүлөрдөн болушуп, республикада 4,5-орундарга чыгышты.
201-2020-окуу жылында химия предмети боюнча Нурбек кызы Акмарал, Асан кызы Минура райондук турда биринчи, облустук турда 3-орунга чыгышкан.
Жалпы республикалык тестирлѳѳгө катышкан окуучуларыбыздын көрсөткүчтөрү жылдан жылга жогорулап жатат. Алсак, 2018-жылы бүтүрүүчүлөрдүн орточо баллы 120, жогорку балл 192 болсо, кийинки жылы орточо балл 123тү түзүп, Шайлообай кызы Гүлзар 204 балл алууга жетишкен. 2020-жылы орточо балл 125ке жетип, Нурбек кызы Акмарал республикадагы эң жогорку көрсөткүчтү – 229 баллды багындырып, “Алтын сертификатка” ээ болгон. Өткөн окуу жылында мектептин 40 бүтүрүүчүнүн 20сы жогорку, ону орто окуу жайларына өткөн.
Кийинки жылдарда мектептин материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында демөөрчүлөр менен жемиштүү байланыш түзүп, бир катар көйгөйлүү маселелерди чечилип жатат. Алсак, БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы менен тыгыз иштешип, башталгыч класстын окуучуларына күн сайын ысык тамак берүү маселесин чечүүгө жетиштик. “Коопсуз мектеп” программасынын алкагында 32 видеокамералар орнотулуп, окуучулардын сабакка катышуусу, жүрүм-туруму, тартиби көзөмөлгө алынды. Ал эми “Электрондук күндөлүк” ата-энелердин балдарынын сабакты кандай деңгээлде өздөштүрүп жаткандыгы менен күн сайын таанышып турууга, аны байкоого алганга мүмкүнчүлүк түздү. “Агахан” фондусу жана жергиликтүү бийлик менен бирдикте 416 миң сомдук эс алуу багын уюштуруу ишке ашканы турат.
Мектеп окуучуларынын арасында таалим тарбия багытындагы жүргүзүлүп жаткан таасирдүү иш-чаралар Анара Абдумомунованын талыкпаган аракетинин аркасында жогорку деңгээлде өткөрүлүп жаткандыгын айтып өтүү керек.
2018-жылы аталган мектеп жетекчилигинин жана жамаатынын мындай аракеттерин жана ийгиликтерин, ошондой эле “Ага хан фондусунун «/й бүлөлүк китеп окуу», Польшанын «Таза суу» Альянсынын «Гендердик теңчилик», «Чечим кабыл алууда аялдардын активдүүлүгүн жогорулатуу» долбоорлорун, «Демилгелүү ишкер аялдар» коомдук уюмдун программасын ишке ашырууга активдүү катышкандыгын эске алуу менен Алай райондук мамлекеттик администрациясы “Жылдын мектеби” наамын ыйгарган.
2020-жылы мектеп “Примов” кайрымдуулук фонду тарабынан уюштурулган райондук “Мугалим” кароо-сынагына катышып, “Мыкты мектеп” номинациясына жана материалдык сыйлыкка татыктуу болгон. Ийгилик артынан ийгилик коштоп, өткөн жылдын жыйынтыгы менен №25-Э.Мурзаев атындагы орто мектеп онлайн форматында өткөн облустук сынакта “Эң мыкты мектеп” болуп таанылып, I даражадагы диплом менен сыйланган.
Албетте, мектеп жамааты жогорку ийгиликтер менен эле чектелип калбайт. Аны мындан ары да бекемдөө үстүндө чыгармачылык менен иштей бермекчи.
Төлөнбай АБДЫРАЗАКОВ,
Кыргыз Республикасынын маданиятынын мыктысы.
Сүрөттөрдө:
1. Алай районундагы №25-Э.Мурзаев атындагы
орто мектептин директору Зина Абдыкадырова;
2.Мектептин педагогикалык жаматы;
3.Республика боюнча эң жогорку көрсөткүчтү багындырып,
“Алтын сертификатка” ээ болгон Нурбек кызы Акмарал мугалимдери менен.
Автор aymak
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
-
23.08.2023 / Автор anarkan_kg ТОГУЗ-ТОРОДО УНУТТА КАЛЫП БАРА ЖАТКАН УУЗ ЧЕБЕРЧИЛИК ЖАНДАНУУДА
-
26.04.2024 / Автор anarkan_kg ОШТУК МИЛИЦИОНЕР ЗАМАТТА ҮЧ БАЛАГА АТА БОЛДУ
-
-
26.04.2024 / Автор anarkan_kg ӨЗГӨН РАЙОНУН КОРС-ЭТТИ АЙЫЛЫН ДАГЫ СЕЛ КАПТАДЫ
-
-
-
09.05.2023 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА УЛУУ ЖЕҢИШТИН 78 ЖЫЛДЫГЫ БЕЛГИЛЕНДИ
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.