Аймак

Капарбек АДИЕВ: “АКИМДИККЕ ЖАЛАҢ КЕСИПКӨЙЛӨР ГАНА ДАЙЫНДАЛЫП, АГА ЖАРАША ЖООПКЕРЧИЛИГИ ДАГЫ ЖОГОРУЛАТЫЛДЫ”

 990 Бардыгы /

 Ар бир кризис – бул жаңы Мүмкүнчүлүк! Уинтсон ЧЕРЧИЛЛЬ.

         Өлкөбүздөгү саясий киризистен кийин Президент Садыр Жапаров  Ош облусунун бир катар райондорунун акимдерин атайын Указ менен дайындады. Булардын бирин – Кыргызстандагы эң бараандуу Кара-Суу районунун акиминин милдетин аткаруучу Капарбек АДИЕВди жумуш үстүндө кепке тартып, жазгы талаа жараянынын жүрүшү, Айыл Өкмөттөрүндөгү ашынган коррупция, Аймак экономикасын көтөрүүдөгү алгылыктуу аркеттер, ошондой эле дагыле көйгөй туудурган жеңилтедилген кредиттер туурасында кенен-чонон сүйлөштүк.

  • Капарбек мырза, “Жаз – жарыш, күз – күрөш” демекчи, Кара-

Суу жергесинде жазгы талаа жумуштарына камылгаңыздар дегеле байкалбайт го?

  • Кантип? Кара-Суу районунда жалпы жонунан 49 463 гектар айдоо

аянты бар. Булардын 31 244 гектары – сугат, ал эми 15 238 гектары – кайракы жерлер. Бул аянттардын  6911,4 гектарына кылкандуу дан эгиндери себилип, аларды кошумча азыктандыруу дээрлик 60 пайызга аткарылды. 7 373 гектарга көп жылдык беде эгилди. 11 676 гектарга күздүк буудай, жаздык арпа, жүгөрү, картөшкө, жашылча, пахта, бахча, май өсүмдүгү, күрүч, нокот өңдөнгөн айыл чарба өсүмдүктөрү өстүрүлмөкчү.

         Былтыр кашайып айыл чарба багытындагы 1012 гектар жер таптакыр эле пайдаланылган эмес, мындайча айтканда, кысыр калган. Жер адистери менен акылдашып-макулдашып, быйыл бул аянтты 150 гектарга дейре кыскартууну мерчемдеп жатабыз.

  • Адаттагыдай кредит маселеси дагыле кендириңиздерди кесип

жатса керек?

  •  Жо-жок! Кыргыз Өкмөтү “Айыл чарбасын каржылоо-9” ири

долбоорун ишке ийгилктүү түшүргөн. Ушуга ылайык РСК, Айыл Банк, АКБ Кыргызстан, КICB Банктары дыйкандарга жана фермерлерге эч кандай тоскоолдуксуз жана тааныш-билишсиз эле жеңилдетилген кредиттерди таратып жатышат.

  • Баса, минералдык жер семирткичтер жылда баш оорутчу эле?
  • Быйыл эгилип жаткан Айыл чарба өсүмдүктөрүнө 13 834 тонна жер

семирткич керектелет. Мунун арасынан 5 898 тоннасы – азот, а 7 926 тоннасы – мочевина. Ушул тапта районубуздун аймагында үч жерде – Кашкар-Кыштакта жана Кара-Суудагы “Баба Дыйкан” дыйкандарды колдоо борборунда Орусияда, Казакстанда, ошондой эле Өзбекстанда өндүрүлгөн заманбап жана өтө сапаттуу жер семирткичтер арзандатылган эле бааларда соодаланып жаткан чагы. Мисалы, азоттун килосу  – 20 сом 50 тыйын, мочевинанын килосу – 26 сом 50 тыйындын, аммофостун килосу – 32 сомдун, супер фосфаттын килосу – 14-15 сомдун тегерегинде гана керектөөчүлөргө байма-бай соодаланып жатат.

  • Айтмакчы, Айыл чарба техникалары жана шаймандары деле

жетиштүү эледир?

  •   Бул өңүттө районубуздун аймактарында 44 машина-трактордук

бекет (МТБ) бар. Алардын гараждарында 1 321 даана трактор, 280 даана соко, 254 сеялка, 296 даана культиватор кармалып турат. Булардын дээрлик 72-81 пайызы оң акыбалда. Керек мааалда толук кандуу пайдаланууга жарактуу. Жазгы талаа жараянын абдан ийгиликтүү жүргүзүү максатында 2650,5 тонна дизель күйүүчү майы керектелет. Булар дагы май куюучу бекеттерде литри 37-40 сомдон күнү-түнү сатылып жатат.

  • Адаттагыдай Айыл чарба жармаңкелери өткөрүлбөй калдыбы?
  • Кантип? Кыргыз Өкмөтүнүн башчысы Улукбек Мариповдун

Буйругуна ылайык үстүбүздөгү жылдын 18-февралынан тартып ар ишемби жана жекшемби күндөрү Кара-Суудагы Тураталы базарынын жанындагы жана Кара-Суу шаар мэриясынын алдындагы атайын аянтчаларда Айыл чарба азыктары дүңүнөн соодаланчу жармаңке ырааттуу түрдө иштеп жатат. Бул дагы дыйкандарыбызга жана фермерлерибизге көрүлүп жаткан мамлекеттик камкордук болуп эсептелет.

  • Минткениңиздер менен Кара-Сууда коррупция дегеле

тыйылбастан, Айыл Өкмөттөрү чекесинен камалып жатышпайбы?

  • Ырас, коррупциялык жоруктарга аралашкандарды аямай жок! Сарай

жана Савай Айыл Өкмөттөрүнүн башчыларынын ушундай жосунсуз жоруктарга катышкандыгы акыры ашкереленип, ири өлчөмдөгү айып пул төлөшүп, а түгүл соттолуп дагы кетишпедиби.

         Бирок, өлкөбүздөгү туташ санариптештирүү жышааны азыр жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы туташ коррупцияны кыйла эле ооздуктап таштады. А түгүл бул балакет жергебизде улам тыйылап гана баратат.

  • Борбор Азиядагы эң ири Туратали базары Сиздердин райондун

аймагында  жайланышкан. Бул ири соода борборун бара-бара кеңейтип, потенциалын мындан дагы неге көтөрбөй келатасыздар?

  •  Ырас, Кара-Суудагы Туратали базарында ушул тапта он миңге

чукул адам туруктуу  эмгектенет.Булардын арасында мекендештерибизден тышкары Кытайдын жана Өзбекстандын жарандары дагы бар. Дал ушулар районубуздун бюджетин туруктуу көтөргөнө олутуу салым кошуп келатышат. Ошондуктан, биз, биринчиден, булардын баарына тең заманбап шарттарды гана жаратып жатабыз. Экинчиден, жеке ишкерлердин – соодагерлердин коопсуздугун толук кандуу камсыз дагы этип турабыз. Үчүнчүдөн, таажы илдети өңдөнгөн балкеттердин алдын алуу максатында аталган базар ичинде санитардык-эпидемиологиялык туруктуу көзөмөлдү ого бетер күчөттүк.

  • Капарбек мырза, акыры моминтип Президенттик башкарууга

биротоло кайттык. Өкмөт мүчөлөрүнүн, губернаторлордун, акимдердин, анан бара-бара Айыл Өкмөт башчыларынын Өлкө жетекчиси тарабынан дайындалышы деги үзүрүн берээрине Сиз ишенесизби?

  • Алишер мырза, бизде, Кыргызстанда, бүгүнкү күндө мындан башка

ылайыктуу жана болочоктуу жол калган жок! Сиз санактаган жетекчилердин дайындалышы, биринчиден, Бийликтин бардык бутактарына жалаң гана кесипкөйлөрдүн дайындалышын шарттайт. Экинчиден, Бийликтин бардык бутактарына ар тараптуу көзөмөл дагы ого бетер күчөтүлөт. Үчүнчүдөн, Өкмөт мүчөлөрүнүн, губернаторлордун, акимдердин, анан дагы бара-бара Айыл Өкмөт башчыларынын жоопкерчилиги сөзсүз жогорулайт.

Алишер ТОКСОНБАЕВ “АЙМАК”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17