Өлкө аймактары менен кубаттуу
МУФТИЯТ БИТИР-САДАГАНЫН ӨЛЧӨМҮН БЕКИТТИ
ОШ ШААРЫНА ЖАҢЫ МЭР КЕЛДИ
ЖОГОРКУ КЕҢЕШКЕ ТӨРТ ЖАҢЫ ДЕПУТАТ КЕЛДИ
ӨРТ-ТАКТИКАЛЫК МАШЫГУУЛАР ӨТКӨРҮЛҮҮДӨ
- ticket title
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
811 Бардыгы / БАТКЕН. Баткен облусунун Кадамжай шаарында Кыргыз Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу Өкүлүнүн орун басары Эрлан Сапарбаев баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү Өзбек Республикасынын Фергана облусунун башчысынын орун басары Мухсинхужа Абдурахманов жетектеген делегация менен жолугушту. Эки тараптуу кездешүүгө аталган аталган облустардын бир катар ишкерлери дагы катышышты. Адегенде тараптар Баткен жана Фергана облустарынын ортосундагы соода-экономикалык, инвестициялык […]
812 Бардыгы / БАТКЕН. Баткен облусунун Кадамжай шаарында Кыргыз Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу Өкүлүнүн орун басары Эрлан Сапарбаев баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү Өзбек Республикасынын Фергана облусунун башчысынын орун басары Мухсинхужа Абдурахманов жетектеген делегация менен жолугушту. Эки тараптуу кездешүүгө аталган аталган облустардын бир катар ишкерлери дагы катышышты. Адегенде тараптар Баткен жана Фергана облустарынын ортосундагы соода-экономикалык, инвестициялык […]
КОҢШУЛАШ БАТКЕН ЖАНА ФЕРГАНА ОБЛУСТАРЫНЫН ЖЕТЕКЧИЛЕРИ ЖОЛУГУШТУ
15.03.2021 / Автор aymak

813 Бардыгы /
БАТКЕН. Баткен облусунун Кадамжай шаарында Кыргыз Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу Өкүлүнүн орун басары Эрлан Сапарбаев баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү Өзбек Республикасынын Фергана облусунун башчысынын орун басары Мухсинхужа Абдурахманов жетектеген делегация менен жолугушту. Эки тараптуу кездешүүгө аталган аталган облустардын бир катар ишкерлери дагы катышышты.
Адегенде тараптар Баткен жана Фергана облустарынын ортосундагы соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий байланыштарды чыңдоо, эки элдин ынтымагын, карым-катнашын мындан ары бекемдөө жаатындагы өз ара кызматташуу пландарын кең-кесири талкуулашты. Фергана облусунун делегациясы агрардык аймак катары саналган Баткен облусунун айыл чарба продукцияларын Фергана облусуна туруктуу экспорттоого кызыкдар экендигин кыйытышты. Өзгөчө Кадамжай районунан малина менен гиластын чоң көлөмүн алуу мүмкүнчүлүктөрү бар экендигин баса белгилешти. Ошондой эле туризмди өнүктүрүү боюнча бир катар сунуш-пикирлер дагы айтылды. Маселен, Баткен облусундагы Өзбекстандын Шахимардан жана Баткен облусунун Дугаба эс алуу жайларына эс алуучуларды байма-бай тартуу, муну үчүн чек ара автожол көзөмөлдөп-өткөрүү бекеттеринде эки мамлекеттин жарандарынын өтүүсүн өтө жөнөкөйлөштүрүү маселеси дагы үстөккө-босток көтөрүлдү.
Ишкерлер айыл чарба продукциялары менен катар кен байлыктарын кайра иштетүү эки тараптуу кызматташуунун артыкчылыктуу багыттары экендигин деле жашырышкан жок. Ошондой эле биргелешкен медициналык мекемелерди, медициналык каражаттарды жана шаймандарды чыгаруучу ишканаларды ачуу жаатында дагы мүмкүнчүлүктөрдү орой-чарай талкуулашты. Эрлан Сапарбаев менен Мухсинхужа Абдурахманов өз кызматташууда ар бир тармак боюнча облуста атайын жооптуу адистерди дайындоо, конкреттүү жана расмий сунуштар менен алмашуу, тийиштүү обьекттерди жеринде көрүү менен кызматташууну токтоосуз жолго салууда өз ара активдүү иш аракеттерди жүзөгө ашырууну ачык-айкын сүйлөшүштү. Эң негизгиси эки тараптуу кызматташууну мындан ары ийгиликтүү илгерилетүү максатында Баткен жана Фергана облустарында соода-экономикалык маселелер боюнча иш алып бара турган туруктуу Өкүлчүлүктөрдү ачуу жаатын катуу макулдашышты.
Белгилей кетчү жагдай: буга чейин ушул жылдын 11-12-мартында Кыргызстан менен Өзбекстандын өлкө башчылары Ташкент шаарында расмий жолугушуп, анда эки мамлекеттин кызматташуусун жаңы сапаттык денгээлин түптөө максатында 22 документке кол коюлган. Жолугушууда Баткен облусунун башчысы Өмүрбек Суваналиев менен Өзбекстан
Республикасынын Фергана облусунун башчысы Хайрулло Бозаров дагы кызматташуу жаатында 22 беренеден турган эки облустун бирдиктүү жол картасына кол коюшкан.
Алишер ТОКСОНБАЕВ “АЙМАК”
Автор aymak
-
-
-
24.02.2025 / Автор anarkan_kg 21-ФЕВРАЛЬ – БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК ЭНЕ ТИЛ КҮНҮ
-
19.02.2026 / Автор anarkan_kg ОШ ШААРЫНЫН МЭРИНИН ҮЧ ОРУН БАСАРЫ КЫЗМАТЫНАН КЕТТИ
-
19.02.2026 / Автор anarkan_kg МУФТИЯТ БИТИР-САДАГАНЫН ӨЛЧӨМҮН БЕКИТТИ
-
19.02.2026 / Автор anarkan_kg ОШ ШААРЫНА ЖАҢЫ МЭР КЕЛДИ
-
26.02.2025 / Автор anarkan_kg МЭР ЖАШТАР МЕНЕН ЖОЛУГУП, АЛАРДЫН СУРОО-СУНУШТАРЫН УКТУ
-
-
13.03.2025 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНУН БАШЧЫСЫ ЮНИСЕФТИН ӨКҮЛҮ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.