Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
1,219 Бардыгы / Орусиянын президенти Владимир Путин мындай пикирин 17-мартта Таластагы Жерүйдөгү алтын иштетүүчү комбинаттын ачылыш аземинде айтты. “Бул долбоор Орусиянын Кыргызстанга жасаган инвестициясынын рекорддук көрсөткүчү. Анын көлөмү 600 миллион долларды түзөт. Талас облусундагы бул тоо-кен ишканасында эң жакшы техникалар жана шаймандар колдонулат. Экологиялык нормалар сакталат. Мен Кыргыз бийлигине жана жеке Садыр Жапаровго жагымдуу инвестициялык климат […]
1,220 Бардыгы / Орусиянын президенти Владимир Путин мындай пикирин 17-мартта Таластагы Жерүйдөгү алтын иштетүүчү комбинаттын ачылыш аземинде айтты. “Бул долбоор Орусиянын Кыргызстанга жасаган инвестициясынын рекорддук көрсөткүчү. Анын көлөмү 600 миллион долларды түзөт. Талас облусундагы бул тоо-кен ишканасында эң жакшы техникалар жана шаймандар колдонулат. Экологиялык нормалар сакталат. Мен Кыргыз бийлигине жана жеке Садыр Жапаровго жагымдуу инвестициялык климат […]
ВЛАДИМИР ПУТИН: ЖЕРҮЙ ДОЛБООРУНА ОРУСИЯ 600 МЛН. ДОЛЛАР САЛАТ
18.03.2021 / Автор anarkan_kg

1,221 Бардыгы /
Орусиянын президенти Владимир Путин мындай пикирин 17-мартта Таластагы Жерүйдөгү алтын иштетүүчү комбинаттын ачылыш аземинде айтты.
“Бул долбоор Орусиянын Кыргызстанга жасаган инвестициясынын рекорддук көрсөткүчү. Анын көлөмү 600 миллион долларды түзөт. Талас облусундагы бул тоо-кен ишканасында эң жакшы техникалар жана шаймандар колдонулат. Экологиялык нормалар сакталат. Мен Кыргыз бийлигине жана жеке Садыр Жапаровго жагымдуу инвестициялык климат түзүп жатканына ыраазычылык билдирем. Жаңы ишкана кыргыз бийлигинин колдоосуна ээ болот, деп ишенем. Биргеликте ишке ашып жаткан бул долбоор кыргыз-орус алакасынын символу болуп, эки элдин достугун арттырат”, -деди Путин.
Ошондой эле Орусиянын президенти Жерүй кенинде 90 тонна алтын, 25 тонна күмүштүн запасы бар экенин белгиледи.
Бул иш-чарага Владимир Путин телекөпүрө форматында онлайн катышты.
Садыр Жапаров Жерүй кениндеги алтын иштетүүчү фабриканын ачуу үчүн бүгүн – 17-мартта Таласка барган. Өкмөттүн маалыматына ылайык сөз болуп жаткан кен иштетүүчү ишкана учурда 900 миллион сом салык төлөөдө. Фабрика ишке киргизилсе, бюджетке төлөмдөрдүн көлөмү жылына 4 миллиард сомго чейин көбөйөт. Талас облусун өнүктүрүү фондуна жылына болжол менен 300 миллион сом түшөт. 1000 жумушчу орду түзүлөт. Бирок бул кенди иштетүүгө жергиликтүү тургундар каршы чыгып, бир канча жолу нааразылык акциясын өткөргөн.
2015-жылы кен иштетүү укугу аукциондун негизинде 100 миллион долларга сатылган. Мындай укук «Орус платинасы» компаниясына таандык «Восток геолдобыча» ишканасына тийген. Анын карамагында «Алтын альянс» ишканасы түзүлгөн. Компаниянын аталган кенди иштетүүгө укук берген лицензиясы 2035-жылга чейинки мөөнөткө берилген.
Таластагы Жерүй алтын кени 1969-жылы чалгындалган. Көлөмү боюнча Кыргызстанда Кумтөрдөн кийинки 2-орунда турат. Геологиялык баштапкы иликтөөлөргө ылайык кенде 84 тонна алтын, 25 тоннадан ашуун күмүштүн запасы бар.
Курманбек Бакиев президент болуп турган учурда кен Улуу Британиянын “Оксус Голд” компаниясына таандык болгон. Анын өкүлү Шон Дейлиге – бул мамлекеттин жаранына – 2006-жылдын жай айларында Бишкекте 4 ирет ок атылып, ал аман калган. Кийин Шон Дейли анын өмүрүнө кол салууну уюштурган деп Максим Бакиевди сотко берген. Процесс 2017-жылдын жай айларында Лондондо болгон.
Андан мурдараак 2014-жылы Бишкектин Биринчи май райондук соту Шон Дейлиге байланыштуу иш үчүн айыпталган Курманбек Бакиев менен анын баласы Маратты 20 жылга, ал эми Жаныш жана Максим Бакиевдерди өмүрүнүн акырына чейин абакка кескен өкүм чыгарган.
WWW.
Автор anarkan_kg
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
-
22.06.2024 / Автор anarkan_kg ЖРТ 2024: ЭҢ ЖОГОРКУ 234 УПАЙДЫ ҮЧ ОКУУЧУ АЛДЫ
-
30.05.2025 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНА 110/35/6 КВ “ДАЧА ” КӨМӨК ЧОРДОНУ КУРУЛАТ
-
-
-
10.06.2024 / Автор anarkan_kg ӨЗГӨНДҮКТӨР МЫНДАН АРЫ ТАЗА СУУ ИЧИП ГАНА ЖЫРГАШАТ
-
-
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.