Аймак

ЧЫГАРМАЧЫЛЫК -ДОСТУКТУН ДАНАКЕРИ

ЧЫГАРМАЧЫЛЫК -ДОСТУКТУН ДАНАКЕРИ

 1,752 Бардыгы /

      Өзбек Эл акыны, Өзбек Республикасынын Эл баатыры, Өзбек Республикасынын Гимнинин автору  Абдулла Арипов  1941-жылы 21-мартта  Кашкадарыя облусундагы Касан районунда жарыкка келген.  Ал 1958-жылы орто мектепти алтын медаль менен аяктап,  Ташкент  мамлекеттик университетинин филология факультетинин журналистика бөлүмүнө кирген. 1963-жылы ТашМУну кызыл диплом менен  бүтүргөн   Абдулла «Жаш гвардия» басмасында редактордук  кызматка алынат. 1967-жылдан тартып, Гафур Гулям атындагы адабият жана искусство басмасында,  Андан кийин “ “Шарк юлдузи”  журналында  жооптуу кызматтарда иштеген.   1976-1983-жылдардын аралыгында  Өзбекстан жазуучулар Союзунун  адабий кеңешчиси,  анын Ташкент областындагы бөлүмдүн катчысы болуп турган. 1983-жылы «Гулхан»  журналынын башкы редакторлугуна дайындалат.   1985-жылы Өзбекстан жазуучулар Союзунун  катчысы,  болуп 1996-жылы төрага болуп шайланган.

  Ал  республиканын жазуучулар союзун 2009-жылга чейин башкарып турган. Абдулла Арипов  Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлисинин  1,2-чакырылышынын депутаты болгон. 2005-жылы сенаторлукка  шайланган. 1998-жылы  Өзбек Республикасынын Эл баатыры  наамы ыйгарылган.

Акындын алгачкы жыйнагы 1965-жылы “Кичине жылдыз” деген ат менен жарык көргөн.Андан кийин акындын  “Кузларим йулингда» (1967), «Милая мама» (1969), «Булак», «Мой дух» (1971), «Узбекистан» (1972), «Таң калуу» (1974), «Мекен жели» (1974), «Милосердие» (1979), «Мечта прожитых лет» (1984), «Мосты доверия» (1989), «Муножот» (1992), «Хаж дафтари» (1995), «Сайланма» (1996) жыйнактары чыккан.  Автордун калемине таандык болгон «Дорога в рай» (1978), «Лекарь и смерть» (1980), «Ранжком», «Великий Тимур» («Сохибкирон») (1996) сыяктуу поэмалары   окурмандардын сүйүп окуган чыгармаларга айланган.

Абдулла Арипов Өзбек Республикасынын Гимнинин автору.  Конкурска катышкан 70тен  ашык автордун ичинен акындын жазган тексти эң мыкты деп таанылып,  1992-жылы 10-декабрда Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлисинин 11-сессиясында   мамлекеттик Гимн катары бекитилген.  Гимндин музыкасы белгилүү өзбек композитору Муталь (Мутаваккиль) Музаинович Бурхановго (19162002) таандык. 

   Азыркы учурда Өзбекстандын бардык аймактарында акындын  80 жылдык мааракесине  карата   иш-чаралар өткөрүлүп жатат.  

***

Өзбек акыны Абдулла Ариповдун бир топ ырлары кыргыздын белгилүү акындары тарабынан да которулган. Алардын арасында  Кыргыз  Эл акыны Тазагүл Закирова бар. Акын кызыбыз   тарабынан Абдулла Ариповдун ырлары 1980-жылдардан тартып которулган.  Ошол жылдарда коңшулаш республикалардын акын-жазуучуларынын  окурмандар менен биргелешкен  жолугушуулары  көп өткөрүлүп турчу. Өзбек акындары Нуралы Кабул, Толкун  Иманходжаев баштаган топту жазуучу Дайырбек Казакбаев, акын Тазагүл Закирова,  Ош облустук “Ленин йули” газетасынын редактору Адылжан Абидовдор  коштоп, Араван, Өзгөн, Кара-Суу райондорунда жана Ош шаарында болгон жолугушууларда чогуу жүрүшкөн. Тазагүл Закирова тарабынан которулган  Абдулла Ариповдун ырлары ыр ышкыбоздору менен жолугушууларда көркөм окулуп, Абдулла Ариповдун ысмы  кыргыз окурмандарынын арасында  да белгилүү боло баштаган. 

Абдулла Ариповдун  бул ырлары Тазагүл Закированын  1999-жылы жарыкка чыккан “Ыйык шаарым” аттуу китебине киргизилген.   Акындын бул ырлары Кыргыздын кыраан акын кызынын  2018-жылы жарыкка чыккан 7 томдук тандалмалар  жыйнагынын 4-томуна да киргизилген.

       Окурмандарга Кыргыз  Эл акыны Тазагүл Закирова тарабынан которулган Абдулла Ариповдун  төмөнкү ырларын сунуштоону туура таптык.

 Сүрөттөрдө:

1.Тазагүл Закирова

2.Дайырбек Казакбаев, акын Тазагүл Закирова,  Ош облустук “Ленин йули” газетасынын редактору Адылжан Абидовдор коштогон Нуралы Кабул, Толкун  Иманходжаев баштаган өзбек  акын-жазуучулары.

 3.Тазагүл Закирова өзбек акыны Толкун  Иманходжаев менен:

Абдулла Арипов:

Өтүнөмүн.

 Ыраактардан мен,

Кучагыңды сагынып келсем.

Таалайыма күлүп чыга көр

Кубанычыңды жашырба, эркем.

Алыс жолго аттансам жана,

Сапар тонун кийсем эрте-кеч,

Өтүнөмүн эркем ошондо

Аябагын көз жашыңда эч!

 Сүйүү өлүмү

Жамгыр  жаады, тынбай бүгүн күн бою,

Жамгырданбы? Менин  эзилди дартым.

Жайдак  көчөлөрдө  ичмден сызып,

Сенин издериңди издеп бараттым.

Айланамды каптап ачуу бир туман,

 Көздөрүмдү ууктурду, мынча заар.

Дилимдеги уюп калган жараатты,

Эзип жатты ээнсиреген бопбош шаар.

Кармабайсың эми ысык колумду,

Өлгөн сүйүүм үчүн күтпөйсүң аза.

Кандай өлүм, бу  сүйүү өлүмү,

Мүрзөгө коюлбас, окулбас жаназа.

                    ***

 Кош  эми…

Сезимде бир айрылуу калды

Кош  эми, сен кеттиң, күнөөсүз гана.

Бүгүн сен кайдасың? Кай жерде калдың?!

Бүгүн сенин  башыңа ким болду пана?!

Өзүңдү  кеч таап. Эрте жоготтум,

Каргагын, ылайыкмын каргыштарыңа.

Өзгөнүн сезиминен кадыр ойготтум.

Жете албадым бирок, өзүм кадырыңа.

О, адам тагдыры, мынчалык чатыш,

Мынчалык ар түркүн, тозок же аза.

Тагдырым, өзүммүн күнөөкөр-жапыс,

Күнөөкөргө ыр жазуу болсо го жаза?!

Кош  эми…

Сезимде бир айрылуу калды

Кайыр эми, сен кеттиң, күнөөсүз пери.

Бүгүн сен кайдасың? Кай жерде калдың?!

Сен бүгүн кимдиндир өмүрлүк теңи ?!

Кайсы бир адамга бактылуу жарсың,

Ачылгандыр таалай эшиги?!

Бүгүн сен кимдин  сүйүүснө зарсың?

Менин жүрөгүмдүн жаралуу кесими!

             ***

Жолум башталаар,

Кетээрмин бир күн.

Сенден алыска, өзгө тарапка.

/йдүн жанына баратып, мүмкүн.

Көз салаарсың ээн үй жакка.

Балким ал күнү секиде жалгыз,

Олтурган болоор өзгө бир адам.

А балким, ал да төшөктө жатып,

Кыялданаар уламдан – улам.

Балким сен аны окшотуп мага,

Чакыраарсың атымды айтып.

Ишенбессиң көзүңө балким,

А балким, кийин келбессиң кайтып.

Жарылбаган жарадай сүйүү,

Анда бизди кыйнабас толуп.

Көчөлөрдө  жар эмес эми,

Кезигебиз  бейтааныш болуп.

Кантип, бизде калбасын арман,

Кантип, болбойт бир аз эстелик?

Ишенбеймин махабаттан соң,

Бейтааныштык башталса, келип?!                                                         

             ***

Сен Пушкиндин сүйгөн периси,

Сен Гете ашык болгон кыз,

Сен Байрондун оттуу жүрөгү,

 Сен Гейнени  жандырган жылдыз.

Алишердин  Гулисисиң сен,

Сен Лутфийдин сонун газали.

Булбулусуң Хафиз багынын,

Же, Омардын ширин асали.

Таалайыма назданып турган.

Эй, сен менин  эрке чүрөгүм!                                                

Өтүнүч                                       

Ай жүзүңдү мейличи жашыр,

Керек эмес, наздуу-ымдоо,

Сулуулуктун алдында акыры,

Тизе бүккөн кудайың да.

Кимге пайда,бекер эс кетип,

Же дүйнөгү коога салыштан.

Айрылуудан коркпоймун бүгүн,

Мен коркомун сүйүп калыштан.

             ***

Мен кубанаар болсом – сен себеп,

Ой-санаага батсам– сен себеп.

Айрылууну каалабаймын,жок!

Кокус өлөөр болсом– сен себеп.

             ***

Койгун, ал күндөрдү эстетпе, мага,

Өзөктү өрттөйт го бу күздүн күнү.

Эми башкамын жан биргем, сага,

Мага эми башкача жолугуу түнү.

Кубанып кээде, кээ бирде сарсан,

Сүйүүдөн бактылуу кулачым кергем.

Билбедим, кайсы күн, кай саатта, качан?

Тагдырыма менин чаң салды мерген.

Бүт эрким анын колунда калды,

Сапарлашым бүгүн бир сулуу кайгы.

Койгун, ал күндөрдү эстетпе,мага,

Койгун, ал күндөрдү эстетпе, жаным,

Койгун, оорутпагын дилимди, жанды.

Башкалар  жүзүмө тигилсе, мейли,

Сен гана тамаша кылбагын,  карап.

Сен гана ырымды  сүйбөгүн эми,

Окуба атымды, тарттырба азап.

Сактай көр ичиңде, назыңды назик,

 Жалгыз сен жүзүмө караба  күлүп.

О кантип, эми бүт урматың бүгүн,

 Сезилмекчи мага  шылдыңдай болуп.   

Жаз күндөрүндө

(азил)

Жаз малы эле.

Шат элек абдан.

Бакта чын дир менен сейилдеп жүрдүк.

Кудум китептерде жазылган сымак.

Көп өтпөй күн күркүрөп катуу,

Аба ырайы бузулду замат.

Жамгыр да диркиреп куйду го бир кез,

Кудум китептерде жазылган сымак.

Заматта шөмтүрөп суу болдук анан,

Ал көкүрөгүмө бааш койду токтоп.

Ороду укмуштуу сонун жыттарга

Кудум китептерде жазылганга окшоп.

Жаз күнү экен, жамгыр да тынып.

Табият жашарды эрке бир куунак.

Ойлоорсуз эми  жыргады деп,

Кудум китептерде жазылган сымак…

Жок, эми китепке окшободу эч,

Кургур жамгыр бизге кетиптир күлүп.

Экөөбүз эки жакка тарадык бу кеч,

Менин белим ооруп… ал тумоо тийип…

Материалды даярдаган:

  Төлөнбай АБДЫРАЗАКОВ, Кыргыз Республикасынын                маданиятынын мыктысы.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17