Аймак

КЫРГЫЗСТАН 5 МИЛЛИАРД 457 МИЛЛИОН СОМ КАРЫЗЫНАН ЭМИ КУТУЛДУ

КЫРГЫЗСТАН 5 МИЛЛИАРД 457 МИЛЛИОН СОМ КАРЫЗЫНАН ЭМИ КУТУЛДУ

 1,116 Бардыгы /

  БИШКЕК. Үстүбүздөгү жылдын январь жана февраль айларында Кыргызстан 5 миллиард 457 миллион сом карызынан кутулду. Бул туурасында Экономика жана каржы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, төлөнгөн каражаттын 3 миллиард 49 миллион сому тышкы карызды жана 2 миллиард 408 миллион сому ички карызды жабууга жумшалды. Ошондой эле аталган министрлик 31-январга карата мамлекеттик карыздын суммасы 4 миллиард 954 миллион долларга жеткендигин дагы жашырган жок. Мунун ичинен 85,2 пайызы, же 4 миллиард 221 миллион доллары тышкы карыз, ал эми 14,8 пайызы, же 732 миллион доллары ички карыз болуп эсептелет.

Мындан тышкары  өлкө бюджетине январь-февраль айларында мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгаруудан 4 миллиард 520 миллион сом түшкөндүгү дагы белгиленди.

Алишер ТОКСОНБАЕВ “АЙМАК”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17