Аймак

АКШ КЫРГЫЗ ӨКМӨТҮНҮН ИРАКТАН БАЛДАРДЫ МЕКЕНИНЕ КАЙТАРГАНДЫГЫН КУБАТТАЙТ

АКШ КЫРГЫЗ ӨКМӨТҮНҮН ИРАКТАН БАЛДАРДЫ МЕКЕНИНЕ КАЙТАРГАНДЫГЫН КУБАТТАЙТ

 1,575 Бардыгы /

НЬЮ-ЙОРК. Америка Кошмо Штаттары Кыргыз өкмөтүнүн Ирактан 79 баланы өз Мекенине кайтарып алып келгендигин чын ыкластан кубаттайт. Мындай чечкиндүү кадам бөбөктөрдүн өз өлкөсүндө тынч жана бакубат  жашоосуна гана мүмкүнчүлүк жаратат.

  • Кыргыз Өкмөтү кайтып келген балдарга жардам берүү жана аларды

тезинен калыбына келтирүү, элине кайра кошуу менен коопсуз жана бейпил жашоого кайтуу максатында бардык чараларды көрүү боюнча милдетин моюнуна алгандыгы үчүн мактоого гана татыктуу!  Ошондой эле биз бул балдарды Кыргыз Республикасына ийгиликтүү кайтарып берүү иштери үчүн Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигин, Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигин жана башка мамлекеттик мекемелердин Ирактагы өнөктөштөрүнүн, мунун ичинде ЮНИСЕФтин колдоосу жана эмгеги менен жүргүзүлүп жаткан олуттуу аракеттерин жогору баалайбыз! – деди Америка Кошмо Штаттарынын Мамлекеттик департаментинин өкүлү.

Америка Кошмо Штаттарынын Мамлекеттик департаментинин өкүлүнүн айтымында, Борбор Азия өлкөлөрү дагыле согуш жүрүп жаткан Сирия жана Ирактан өз жарандарын Ата Мекенине дүйнөнүн башка аймактарына караганда көбүрөөк кайтарып алып келишти. Ошондуктан, АКШ  дүйнө жүзүндөгү башка элдерди дагы өз жарандарын чыр-чатактуу аймактардан чыо-чатаксыз алып келүүдө ийгиликтерге жетишкен Кыргыз Республикасынан жана Борбор Азиянын башка мамлекеттеринен сонун үлгү алууга чакырат.

Алишер ТОКСОНБАЕВ “АЙМАК”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17