Аймак

ИСФАНА ШААРЫНДА МИЛИЦИЯ ОКУУЧУЛАР АРАСЫНДА КЫЛМЫКТУУЛУКТУУН САНЫН АЗАЙТУУ АРАКЕТИНДЕ

ИСФАНА ШААРЫНДА МИЛИЦИЯ ОКУУЧУЛАР АРАСЫНДА КЫЛМЫКТУУЛУКТУУН САНЫН АЗАЙТУУ АРАКЕТИНДЕ

 966 Бардыгы /

БАТКЕН. Исфана шаарында милиция окуучулар арасында түшүндүрүү иштерин күчөттү. Бул туурасында Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

 Маалыматка караганда, Лейлек райондук милициясынын жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери жана милициянын атайын өкүлдөрү калк арасын милициянын көчмө кабылдамасы менен кыдырып, үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу, кылмыштуулукка бөгөт коюу жана район аймагындагы кароосуз калган балдарды аныктоо максатында иш-чараларын ого бетер күчөтүштү.  

Облустук милициядан кошумчалашкандай, Исфана шаарындагы Исфана орто мектебинде окуучуларга укук бузуулардын алдын алуу, мектеп рэкетчилигине жол бербөө максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

  • Лейлек районун аймагында мектепке тартылбай калган эки

өспүрүмдү аныкташып, керектүү материалдар чогултулду. Ал эми кароосуз калган жаш өспүрүмдөр аныкталган жок! – деп кошумчалашты Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматынан.

Алишер ТОКСОНБАЕВ “АЙМАК”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17