Аймак

БАТКЕНДЕ ЗАМАНБАП ООРУКАНА КУРУЛУУДА

БАТКЕНДЕ ЗАМАНБАП ООРУКАНА КУРУЛУУДА

 900 Бардыгы /

        БАТКЕН. Баткен облусунун Лейлек районундагы Кулунду айылында “Кулунду жалпы дарыгерлик-практика борборунун” жаңы имаратынын курулушуна Кыргыз Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу Өкүлү Өмүрбек Субаналиев катышып, адегенде жерпайына капсула дагы салды.

  • Бул жакшы саамалык менен аймак элин чын ыкластан гана

куттуктаймын! Курулушту каржылаган “Ас-Сафа-Борбору” коомдук бирикмесине жана бул уюмдун аткаруучу директору Ибрагим Мальсаговго дагы терең ыраазычылыгымды билдирем. Ошондой эле аталган бирикменин Баткен облусунун социалдык муктаждыктарын жеңилдетүүгө кошкон зор салымы өзгөчө баалоого гана татыктуу! – деди Кыргыз Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу Өкүлү Өмүрбек Субаналиев.

“Кулунду жалпы дарыгерлик-практика борборунун” жалпы аянты 510 м2. Эки кабаттуу жаңы имаратта хирургия, жандандыруу бөлүмдөрү, дарыгерлер жана медайымдар бөлмөлөрү, ошондой эле бейтаптар үчүн дагы атайын кааналар жайгаштырылат. Курулуш иштери толук аяктагандан кийин “Кулунду жалпы дарыгерлик-практика борборунун” жаңы имаратына керектүү медициналык шаймандар, заманбап жабдуулар дагы орнотулат. Курулуш  ушул жылдын октябрь айында аяктап, пайдаланууга тапшырылаары пландаштырылууда.

“Кулунду жалпы дарыгерлик-практика борборунун” жаңы имаратынын жалпы сметалык наркы 28 000 000 сомду чапчыйт.

Алишер ТОКСОНБАЕВ “АЙМАК”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17