Аймак

СҮЛҮКТҮДӨ ШАХТАДА ИШТЕГЕН ЖУМУШЧУ ГАЗГА УУЛАНЫП, ООРУКАНАГА ЖАТКЫРЫЛДЫ

СҮЛҮКТҮДӨ ШАХТАДА ИШТЕГЕН ЖУМУШЧУ ГАЗГА УУЛАНЫП, ООРУКАНАГА ЖАТКЫРЫЛДЫ

 1,131 Бардыгы /

БАТКЕН. Сүлүктү шаарындагы шахтада иштеп жаткан бир жумушчу газга ууланып, дароо ооруканага түштү. Бул жөнүндө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка караганда, окуя Сүлүктү шаарындагы “Байкал+” шахтасында жүз берген. Алгач “Раимбердиев” шахтасы урап, ичинде жумушчулар калып калганы туурасындагы маалымат түшкөн. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Тоо-кен куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары жерине жетип барганда, шахта урабагандыгын, ичинде бир киши газга ууланып калгандыгын гана көрүшкөн. Аны дароо бирге иштегендер ооруканага алып барышкан. Жабыркаган жумушчунун абалы азырынча туруктуу.

Мамлекеттик экотехинспекциянын маалыматына таянсак, 2018-жылы Кыргызстанда тоо-кен тармагындагы ишканаларда жыйырма  кырсык катталып, жети жумушчу каза тапты. Булардын 13ү оор жараат алган. 2019-жылы он чакты өлүм катталган.

Алишер ТОКСОНБАЕВ “АЙМАК”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17