Аймак

КЫЛМЫШКА ШЕКТҮҮЛӨР ЖАЗАСЫЗ КАЛБАЙТ

КЫЛМЫШКА ШЕКТҮҮЛӨР ЖАЗАСЫЗ КАЛБАЙТ

 1,728 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Кызматтык кылмыштар, анын ичинде коррупция, мамлекеттик жана/же мсуниципалдык менчикти уурдоо менен байланышкан кылмыштар боюнча козголгон кылмыш иштери боюнча тергөөнүн абалын жөнүндө маалымат.

Коррупция – бийликтик ыйгарым укуктарга ээ болгон бир же бир нече кызмат адамдарынын айрым адамдар же топтор менен материалдык, кандай болбосун башка жыргалчылыктарды жана артыкчылыктарды мыйзамсыз алуу, ошондой эле алар тарабынан бул жыргалчылыктарды жана артыкчылыктарды жеке жана юридикалык жактарга берүү, коомдун же мамлекеттин кызыкчылыктарына коркунуч түзүүчү укукка каршы туруктуу байланыштарды түзүүдө атайылап жасалган жосун.

Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун 44-п. сандуу буйругуна жана Кыргыз Республикасынын ЖПКнин 477-бер. талаптарына ылайык 2019-жылдын 31-июлунан тартып Жалал-Абад областынын прокуратура органдары тарабынан тизмеси Конституциялык мыйзам менен бекитилген кызмат адамдарына карата 51 жазык иши боюнча 72 кызмат адамына 80 шектенүү жөнүндө кабарламалар чыгарылып, тергөөнүн жыйынтыгы менен 22 жазык иши соттун кароосуна жиберилип, 16 иш өндүрүштөн кыскартылып, 8 жазык иши бир өндүрүшкө бириктирилип, 1 жазык иши боюнча КРнын ЖПКнин 237-ст. 1-б. 1-п. негизинде убактылуу өндүрүштөн токтотулуп, 1 иш КРнын Өкмөтүнө караштуу ЭКККМКнын Тергөө башкармалыгына жиберилип, ал эми 3 жазык иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Чыгарылган шектенүү жөнүндө кабарламалар органдар боюнча алганда төмөндөгүдөй көрүнөт.

КРнын УКМКнин Жалал-Абад областы боюнча башкармалыгынын ТБнун өндүрүшүндөгү 11 жазык иши боюнча 8 кызмат адамына карата 12 шектенүү жөнүндө кабарламалар чыгарылып, тергөөнүн жыйынтыгы 4 жазык иш бир өндүрүшкө бириктирилип, жыйынтыгы менен 4 жазык иши соттун кароосуна жиберилип, ал эми 3 жазык иши боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.

 КРнын Өкмөтүнө караштуу ЭКККМКнын Тергөө башкармалыгынын Жалал-Абад областы боюнча ТБнун өндүрүшүндөгү 15 жазык иши боюнча 12 кызмат адамына карата 16 шектенүү жөнүндө кабарламалар чыгарылып, 8 жазык иш соттун кароосуна жиберилип, 1 жазык иши боюнча КРнын ЖПКнин 237-ст. 1-б. 1-п. негизинде убактылуу өндүрүштөн токтотулуп, 4 жазык иш бир өндүрүшкө бириктирилип, тергөөнун жыйынтыгы менен 1 иш болуп кыскартылып, ал эми 1 иш КРӨ караштуу ЭКККМКнын Тергөө башкармалыгына жиберилген.

 Жалал-Абад областынын ИИО боюнча ТКнын өндүрүшүндөгү 1 жазык иши боюнча 1 кызмат адамына карата шектенүү жөнүндө кабарламалар чыгарылып, тергөөнүн жыйынтыгы менен 1 жазык иши соттун кароосуна жиберилген.

Жалал-Абад областынын шаар, райондук прокуратуралары тарабынан кылмыш жасагандыгы жөнүндө шектелгендиги туралуу 24 жазык иши боюнча 51 шектүү кызмат адамына карата шектенүү жөнүндө кабарламалар чыгарылып, 9 жазык иши соттун кароосуна жиберилген. Коррупция менен күрөшүү токтотулбайт мындан ары да улантылат.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17