Аймак

ОШТО ЧЕКИСТТЕР МАҢЗАТ ТАШЫГАНДАРДЫ КАЛКАЛАГАН МИЛИЦИЯ ЖЕТЕКЧИСИН КАРМАШТЫ

ОШТО ЧЕКИСТТЕР МАҢЗАТ ТАШЫГАНДАРДЫ КАЛКАЛАГАН МИЛИЦИЯ ЖЕТЕКЧИСИН КАРМАШТЫ

 1,266 Бардыгы /

ОШ. Ошто маңзат ташып саткан адамдарды калкалап жүргөн деп шектелип милиция жетекчиси акыры кармалды. Бул туурасында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен (УКМКдан) кабарлашты.

Маалыматка караганда, 25-мартта Ош облусунун Кара-Суу районунда Ички иштер министрлигинин маңзаттын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү кызматынын Ош боюнча бөлүм башчысы жана маңзат соодалаган дагы эки адам кармалышты. Булар көптөн бери Ош шаарынын жана Ош облусунун аймагында ири өлчөмдөгү маңзаттарын сатуу менен алектенип жүрүшкөн деп күмөндөлүп жатышат. Аталган иш Кылмыштардын жана Коруктардын бирдиктүү реестрине Жазык Кодексинин “Маңзат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо” деген 267-беренесинин негизинде катталып, сотко чейинки териштирүү башталды. Шектүүлөр УКМКнын тергөө абагына камалышты. Алардан 550 грамм гашиш жана 100 грамм героин дагы табылды.

Айтмакчы, Кыргызстан Ооганстанда өстүрүлгөн маңзаттарын Орусияга жана Европа өлкөлөрүнө жашыруун алып өтүүчү трафикте жайгашкан өлкө экендигин адистер байма-бай айтып келатышат.

Алишер ТОКСОНБАЕВ “АЙМАК”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17