Аймак

ИНДИЯДА “КЫРГЫЗСТАН-ТҮШТҮК ИНДИЯ: КЫЗМАТТАШУУ МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨРҮ” БИЗНЕС ФОРУМУ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

ИНДИЯДА “КЫРГЫЗСТАН-ТҮШТҮК ИНДИЯ: КЫЗМАТТАШУУ МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨРҮ” БИЗНЕС ФОРУМУ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

 924 Бардыгы /

БИШКЕК. “Кыргызстан-Түштүк Индия: кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү” онлайн бизнес форуму аяктады.

Аталган бизнес форумга Кыргыз Республикасынын Индиядагы Элчиси А.Исаев, Индиянын Экономикалык Соода Уюмунун (IETO) Президенти А.Икбал, Кыргыз Республикасынын Экономика жана каржы министрлигинин алдындагы Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин Экспорт бөлүмүнүн башчысы Н.Арипов, Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын тышкы экономикалык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Н.Катипова, IETO департаментинин директорлору жана Түштүк Индиянын бир катар алдыңкы компаниялары менен ишканаларынын өкүлдөрү катышышты.

Кыргыз элчиси А.Исаев өз сөзүндө Индиянын көп калкын жана анын кеңири аймагын эсепке алуу менен Кыргыз Республикасы менен Индиянын ар кайсы аймактарынын ортосундагы эки тараптуу мамилелерди мындан ары өнүктүрүү боюнча өзүнчө ишкер конференцияларды өткөрүү чоң мааниге ээ экендигин баса белгиледи. Ал эми ИИКМАнын экспорттук бөлүмүнүн башчысы Н.Арипов Кыргыз Республикасынын экспорттук мүмкүнчүлүктөрү жана Индияга экспорттоо дарамети жөнүндө маалымат жасады. Мындан тышкары Кыргыз Республикасынын инвестициялык климаты жөнүндө дагы тушоо кесүү-видео көрсөтүлдү.

IETO Президенти А.Икбал Индия менен Кыргыз Республикасынын ортосунда соода-экономикалык кызматташтыкта чоң потенциал бар экендигин өзгөчө белгиледи. Иш-чаранын негизги максаты – Индия-Кыргыз кызматташтыгын ар кандай тармактарда чыңдоо. Анын айтымында, иш-чарага айыл чарба, тоо-кен казып алуу, туризм, киноиндустрия, мейманкана куруу жана башка тармактардагы бизнес өкүлдөрү катышты. IETO Президенти өлкөлөрдүн ортосундагы соода консультацияларын бардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу менен туруктуу негизде өткөрүлүп турушу керек деп баса белгиледи.

Ошентип, “Кыргызстан-Түштүк Индия: кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү” онлайн бизнес форумунун  соңунда 2021-жылдын биринчи жарымында Кыргыз Республикасына Түштүк Индиядан ишкер делегациясынын иш сапарын уюштуруу боюнча макулдашууга жетишилди. Иш сапардын максаты – тоо-кен, текстиль, туризм, айыл чарба, киноиндустрия  жана башка тармактар боюнча өз ара кызматашууну ѳркүндөтүү.

Алишер ТОКСОНБАЕВ “АЙМАК”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17