Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
1,210 Бардыгы / Тажикстандын аскерлери эки өлкө ортосундагы 2004–жылдын 26-майында түзүлгөн жакшы коңшулук жана өнөктөштүк мамилелер жөнүндөгү келишимди, тынчтыкта жашоо принциптерин, достук жана кошуналык мамилелерди бузуп, Кыргызстандын аймагын басып алуу максатында чек араны бузуп кирген. Мындай маалыматты Кыргызстандын Башкы прокуратурасы 3-майда таратты. Ага ылайык, тажик тарап Кыргызстандын эгемендигине жана бүтүндүгүнө кол салып, тынч жашаган элди, чек […]
1,211 Бардыгы / Тажикстандын аскерлери эки өлкө ортосундагы 2004–жылдын 26-майында түзүлгөн жакшы коңшулук жана өнөктөштүк мамилелер жөнүндөгү келишимди, тынчтыкта жашоо принциптерин, достук жана кошуналык мамилелерди бузуп, Кыргызстандын аймагын басып алуу максатында чек араны бузуп кирген. Мындай маалыматты Кыргызстандын Башкы прокуратурасы 3-майда таратты. Ага ылайык, тажик тарап Кыргызстандын эгемендигине жана бүтүндүгүнө кол салып, тынч жашаган элди, чек […]
БАШКЫ ПРОКУРАТУРА: ТАЖИКСТАН КЕЛИШИМДЕРДИ БУЗУП, КЫРГЫЗСТАНДЫН АЙМАГЫН БАСЫП АЛУУ АРАКЕТИН КӨРГӨН
04.05.2021 / Автор orozalieva

1,212 Бардыгы /
Тажикстандын аскерлери эки өлкө ортосундагы 2004–жылдын 26-майында түзүлгөн жакшы коңшулук жана өнөктөштүк мамилелер жөнүндөгү келишимди, тынчтыкта жашоо принциптерин, достук жана кошуналык мамилелерди бузуп, Кыргызстандын аймагын басып алуу максатында чек араны бузуп кирген.
Мындай маалыматты Кыргызстандын Башкы прокуратурасы 3-майда таратты.
Ага ылайык, тажик тарап Кыргызстандын эгемендигине жана бүтүндүгүнө кол салып, тынч жашаган элди, чек араны коргогон аскерлерди, коопсуздукту камсыз кылган укук коргоо органдарынын кызматкерлерин массалык түрдө өлтүрүп, автоматтардан, миномёттордон, бронетехникадан, аскердик тик учактардан жана башка аскердик куралдардан ок чыгарышканы айтылат.
Ошондой эле башкы көзөмөл органынын маалыматында тажик аскерлери миномёт жана аскердик тик учактарды колдонуу менен “Булак-Башы”, “Капчыгай”, “Достук”, “Миң-Булак” чек ара тозотторуна, “Кожожар”, «Кызыл-Бел» чек ара постторуна жана Баткен, Лейлек райондорунун калктуу пункттарына кол салып, Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарын жана аймактарын басып алышканы жазылган.
“Натыйжада жай тургундардын өмүрү кыйылып, ондогон жарандар жараат алып, жарандык жана аскер объектилери талкаланып, зыянга учурады. Тажик аскерлеринин аракеттеринде алдын ала пландаштыруу, агрессивдүү түрдөгү куралданууга даярдык, эл аралык келишимдер менен бүтүмдөрдү бузуу менен агрессиялык согушту жүргүзүү байкалат” деп жазылган маалыматта.
Бул фактыны Башкы прокуратура Жазык кодексинин 380-беренеси (тынчтыкка каршы кылмыштар) менен каттады.
Сотко чейинки өндүрүш иши УКМКнын, ИИМдин жана Аскер прокуратурасынын кызматкерлеринен турган мекеме аралык тергөө тобуна тапшырылды.
Ал эми Тажикстандын Башкы прокуратурасы 3-майда Кыргызстандын айрым аскер адамдарына жана жарандарына каршы кылмыш ишин ачты. Тажикстан кыргызстандыктарды башка мамлекетке каршы куралдуу күч колдонгон деп айыптап, кыргыз-тажик чек арасындагы окуяны “агрессия” деп мүнөздөдү.
28-30-апрель күндөрү кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда жүзгө жакын имарат талкаланып, өрттөлдү.
Набыт болгон кыргызстандыктардын саны 36га жетип, 183 киши жараат алды. Үй-жайын таштап, коопсуз жайга көчүрүлгөндөрдүн саны 58 миңге чамалады.
Тажикстандын өкмөтү жабыркагандар жана курмандыктар тууралуу расмий маалымат бере элек. “Азаттыктын” тажик кызматы ишенимдүү булактарына таянып 16 киши каза болуп, 90у жараат алганын билдирген. Жаңжалда жабыр тарткан айылдарга барган журналисттер Кожалы (Хожа Аъло) айылында бузулган, өрттөлгөн үйлөрдүн сүрөттөрүн жарыялашты.
WWW.
Автор orozalieva
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
-
22.06.2024 / Автор anarkan_kg ЖРТ 2024: ЭҢ ЖОГОРКУ 234 УПАЙДЫ ҮЧ ОКУУЧУ АЛДЫ
-
30.05.2025 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНА 110/35/6 КВ “ДАЧА ” КӨМӨК ЧОРДОНУ КУРУЛАТ
-
-
-
19.02.2025 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА ПРЕДМЕТТИК ОЛИМПИАДА БАШТАЛДЫ
-
28.02.2025 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНДА ҮЧ АЙЛЫК ИШЕМБИЛИК ӨТӨТ
-
10.03.2025 / Автор anarkan_kg ТООЛУУ РАЙОНГО ЖАҢЫ АКИМ ДАЙЫНДАЛДЫ
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.