Өлкө аймактары менен кубаттуу
ЭГЕМЕНДҮҮЛҮК – ЭҢ БАШКЫ БАЙЛЫГЫБЫЗ
МАНАС ШААРЫНДАГЫ ЖАҢЫ АВТОБЕКЕТ ИШКЕ КИРЕТ
МАНАС ШААРЫНДА 500 ОРУНДУУ МЕКТЕП КУРУЛУУДА
- ticket title
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ОБЪЯВЛЕНИЕ О ПРОВЕДЕНИИ ТЕНДЕРА
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
964 Бардыгы / Тажикстандын “Ховар” улуттук жаңылыктар агенттиги чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча кыргыз-тажик өкмөттүк делегацияларынын 1-2-майдагы жолугушуусунан кийинки биргелешкен билдирүүсүн жарыялады. Ага ылайык, тараптар Тажикстандын Кожалы (Хожаи Аъло) айылы менен Ворух анклавын байланыштырган айланма жолду биргелешип курууну макулдашты. Капчыгай айылынын чыгыш тарабы аркылуу өтөөрү айтылган автожолду тажик тарап колдонот жана анын абалын карап туруу […]
965 Бардыгы / Тажикстандын “Ховар” улуттук жаңылыктар агенттиги чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча кыргыз-тажик өкмөттүк делегацияларынын 1-2-майдагы жолугушуусунан кийинки биргелешкен билдирүүсүн жарыялады. Ага ылайык, тараптар Тажикстандын Кожалы (Хожаи Аъло) айылы менен Ворух анклавын байланыштырган айланма жолду биргелешип курууну макулдашты. Капчыгай айылынын чыгыш тарабы аркылуу өтөөрү айтылган автожолду тажик тарап колдонот жана анын абалын карап туруу […]
“ХОВАР”: ДУШАНБЕ МЕНЕН БИШКЕК “КОЖАЛЫ-ВОРУХ” ЖОЛУН КУРУУНУ МАКУЛДАШТЫ
06.05.2021 / Автор orozalieva

966 Бардыгы /
Тажикстандын “Ховар” улуттук жаңылыктар агенттиги чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча кыргыз-тажик өкмөттүк делегацияларынын 1-2-майдагы жолугушуусунан кийинки биргелешкен билдирүүсүн жарыялады.
Ага ылайык, тараптар Тажикстандын Кожалы (Хожаи Аъло) айылы менен Ворух анклавын байланыштырган айланма жолду биргелешип курууну макулдашты. Капчыгай айылынын чыгыш тарабы аркылуу өтөөрү айтылган автожолду тажик тарап колдонот жана анын абалын карап туруу милдетин өзүнө алат.
“Ховардын” маалыматына ылайык, мындай чечим Тажикстандын жарандарынын жана алардын автоунааларынын тоскоолдуксуз кыймылын камсыз кылуу үчүн кабыл алынган. Бул жолдун курулушу Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасынын тактоо иштери жыйынтыкталганга чейин башталышы керек.
“Автожолдун макамы эки өлкөнүн өзүнчө мамлекеттик макулдашуусу менен аныкталат. Автожолдун курулушун тез баштоо үчүн топографиялык жумушчу топторго 2021-жылдын 1-июнуна чейин Баткен району пайдаланган жер тилкелеринде изилдөө иштерин долбоорлоо уюмдары менен биргелешип жүргүзүү тапшырмасы берилди”, – деп айтылат тажик тараптын расмий маалыматында.
Ошондой эле тараптар Ворухтун чегин тактоо ишине дал ушул «Кожалы (Хожаи Аъло) – Ворух» жолунун курулушу бүткөндөн кийин киришүүнү макулдашкан.
Кыргызстандын бийлиги Тажикстандын бул расмий билдирүүсү жана “Кожалы-Ворух” жолун куруу макулдашуусу тууралуу маалымат бере элек. 2-майда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы, чек араны тактоо боюнча комиссияны жетектеген Камчыбек Ташиев Баткендин Максат айылында жергиликтүү эл менен жолугушканда 9-майга чейин кыргыз-тажик чек ара тилкесиндеги 112 чакырымды чийип, тактап чыгуу тапшырмасы берилгенин билдирген.
Тажикстандын “Ховар” агенттиги жазгандай, эки тарап №43 – №61, №135 – №141 чек ара чекиттеринин долбоордук тилкесин чийип чыгууну, ал үчүн 1924-1927-жылдардагы улуттук-аймактык чек бөлүүнүн, 1989-жылдагы паритеттик комиссиянын документтерин колдонууну макулдашкан.
Ошондой эле эки өлкөнүн топографиялык жумушчу топторуна 5-майдан 9-майга чейин жогорудагы чек ара тилкелерин тактап, жазуу тапшырмасы берилген. Муну менен кошо жумушчу топтор 17-майга чейин Кыргызстандын Лейлек районунун Максат, Кулунду, Баткен районунун Көк-Таш, Көк-Терек, Ак-Сай айылдарындагы жана Тажикстандын Овчи Калача, Чорку, Сомониён, Ходжаи Аъло аймактарындагы участоктордо топографиялык иштерди башташы керек.
Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын узундугу 970 чакырымды түзөт. Анын 519 чакырымы такталган, калганы талаштуу жер тилкеси болуп саналат.
28-30-апрелде жана 1-майда кыргыз-тажик чегинде чыккан соңку жаңжалдан Кыргызстандын 36 жараны курман болду. Тажик бийлиги расмий түрдө 19 жараны өлкөнүн кабарлады. Буга чейин “Озоди” радиосу жаңжалда мерт болгон тажикстандыктардын саны 20га жеткенин билдирген.
WWW.
Автор orozalieva
-
-
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫН ТОСУУДАГЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР!
-
31.08.2026 / Автор anarkan_kg ЭГЕМЕНДҮҮЛҮК КҮН КУТ БОЛСУН!
-
31.08.2026 / Автор anarkan_kg ЭГЕМЕНДҮҮЛҮК – ЭҢ БАШКЫ БАЙЛЫГЫБЫЗ
-
-
18.09.2025 / Автор anarkan_kg МЭР ИЙГИЛИК ЖАРАТКАН СПОРТЧУЛАРДЫ КУТТУКТАДЫ
-
07.10.2025 / Автор anarkan_kg БАЗАР-КОРГОН РАЙОНУНДА 302 ГЕКТАРДАН 1 177 ТОННА ПАХТА ЖЫЙНАЛДЫ
-
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.